Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:05

Эл үнү

Жалал-Абадда түн тынч өттү

Жалал-Абадда өткөн түнү эч кандай жаңжалдар катталган жок. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов “Азаттыктын” таңкы берүүсүндө билдирди.

x
Текст көлөмү - +
Бектур Асанов: Жалал-Абадда түн тынч өттү. Облус боюнча эч кандай окуялар болгон жок. Азыр биз түн боюнча жыйынтыктарын чыгардык, облус боюнча баары тынч. Бүгүн түндө бийлик толук бойдон облустагы акыбалды көзөмөлгө алып турат.

- Элдин колундагы куралдар чогултулуп жатабы? Ал эми элге ок аткандардан кармалгандар барбы?

Бектур Асанов: Сөзсүз түрдө, элден ондогон ар түрдүү үлгүдөгү куралдар кайтарылды. Ал эми ок аткандар, чагым кылгандардын бир тобу камакка алынды.

- Топурак-Белде белгисиз адамдар унааларды тосуп, элге ок атып, барымтага алып, аларды Жийде айылына алып кеткен деген маалыматтар бар?

Бектур Асанов: Бул маалыматтардын баары жалган. Муну чагымчылар чыгарып атат.

- Жалал-Абадга гуманитардык жардам кандай жеткирилип жатат?

Бектур Асанов: Жалал-Абадга гуманитардык жардамдар азыр жүрө баштады. Кечээ бир топ машина гумжардам келди. Бүгүн чоң-чоң партиядагы гуманитардык жардамды күтүп жатабыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: мир каяктан: Бишкек
16.06.2010 16:11
кудайым элге акыл, токтоолук, токчулук берсин .. эми. билбейм озун карап турбагандан кийин, кимден кайсы кара мышык чуркады, егер ошондой снайперистер атып жатканын корушсо, бирибирин атышпай чогула калышып ошолорду бирденке кылбайбы, эл чогулса бириге калса куч коп да. Эми, биз жиберип жаткан гум помощтор ошол элге чын еле оз колдоруна бекер жетсе екен. дагы ортодо акылдуу бизнесмендер чыгып кетпей, контроль керек катуу!!!
Бут жрлерде эл менен суйлошуу, окутуу военный , психологдор жактан болсо, аркандай кырдаал учурларды мисалга алып , алдын ала даярдык корулсо,ким билет дагы кайсы жакты пландап жатканын , эгер чыгымчылар чын болсо, алар дагы эле чыгышы мумкун го. Атын чыкпаса жер ортто болууда.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу