Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Panorama: Европадагы ири финансылык чуулгандын жандырмагы Бишкекте

11-мартта Panorama журналы Гуревич жөнүндө көлөмдүү макала басып чыгарды

11-мартта Panorama журналы Гуревич жөнүндө көлөмдүү макала басып чыгарды

12.03.2010
Айнура Жекше кызы

Өлкө тарыхындагы ири көз боемочулук жөнүндө жазган италиялык гезиттер Евгений Гуревичти бул иштеги табышмактуу адам деп бир ооздон аташат. Эмне дегенде Кыргыз өкмөтүнүн кеңешчиси тууралуу Аппенин жарым аралында көп маалымат жок.

Апта сайын чыгуучу Панорама (Panorama) журналы 11-март күнкү санында Гуревичтин Fastweb-Telecom Italia Sparkle ишиндеги ролун, башка шектүү адамдар менен байланыштарын иликтеген көлөмдүү макала басып чыгарды.

Чет өлкөлүк басылмадарда Гуревич Кыргызстанда туулуп өскөн, атүгүл аны кыргыз деп атап жүрүшөт. Панораманын кабарчысы Жакомо Амадори Европадагы эң ири финансылык алдамчылыктын жандырмагы Борбор Азияда орун алган Кыргыз жумуриятынын борбор шаары Бишкекте жатат дейт. Соттун болжолунда, шылуундар 2 жыл ичинде мыйзамсыз жол менен алышкан 2 миллиард еврону Панамадан Гонгконгго, Дубаиден Сейшел аралдарына Вена аркылуу ташып адалдашкан. Бирок уюшкан топтун “мээси” Лос-Анжелес же Лондондо эмес дал ошол Бишкекте жашайт, - деп жазат Амадори.

Гуревичти камакка алуу буйругун берген судья Алдо Моржининин ишениминде, мыйзамсыз жол менен өндүрүлгөн акчанын эки жакка которулушунда ал негизги ролду ойногон жана арам акчаны адалдоого жана капиталдын кайра инвестициялоосуна чечүүчү салым кошкон.

Маселен, швейцариялык “Велко холдинг” компаниясынын кеңешчиси болуп турганда Гуревич Планетариум (Planetarium) деген компания түптөп, ага 250 миң евро бөлгөн. Планетариум 2006-жылдын сентябрынан 2007-жылдын май айына чейин банктагы өз эсебинен дээрлик 850 миллион еврону ошол эле топко таандык башка компанияга которгон деп шектелүүдө.

Кабарчы Гуревичти уюшкан топтун эң жаш жана акылдуу мүчөсү деп сыпаттайт. Алгачкы ирет ал тууралуу тергөөчүлөр 2007-жылдын май айында маалымат алышкан. 15-17-майда банданын айрым адамдары Лондондо жолугушкан. Англиянын жашыруун кызматынын офицерлери аларды көзөмөлдөп, камералар алардын кыймыл аракеттерин, асыресе Гуревичтин топтун айрым мүчөлөрү жайгашкан “Метрополитэн” мейманканасына келгенин тартып алышкан.


Ошол эле жылдын сентябрында Италия полициясынын атайын операциялар боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери аны Милан шаарынын аэропортунда байкап калышат. Ал эки жан сакчысынын коштоосунда аэропорттогу почтага жөнөйт. Аларды полиция билгизбей аңдып барат. Ал жерден Гуревичтин уюшкан топ боюнча шериктеринин бирине таандык компаниянын Римдеги кеңсесине конверт жөнөтүлөт. Полиция конверттен англиялык 10 сим карта таап алат да, алардын номерлерин жазып алгандан кийин адресатына жиберет. Ошентип, банданын мүчөлөрү алардын сүйлөшкөндөрүн полиция тыңшап жатканын билбей калышат.

Ошондо Италияда болгондо Гуревич Пиаченца деген шаарга барууга да үлгүрүп, өнөр жай машиналарын сатып алуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзөт. Болжол менен жабдыктар Россиянын Газпром ишканасы үчүн сатылып алмак. Ооба, себеби Гуревич алектенген чөйрө жана байланыштары өтө кеңири болчу, - дейт италиялык журналист.

Андан ары Амадори 2008-жылдын январында Кипрдин арам акчаны адалдоого каршы күрөшкөн агенттиги – Mokas Италия Банкына Гуревич эки компаниясы аркылуу “кылмыштуу ишмердүүлүктөн түшкөн акчаны адалдоо үчүн колдонгон” деген эскретүү жолдогонун айтат.

“2 жылдан кийин италиялык судьялар кыргызды камоого буйрук беришти. Бирок ал, балким, алыс кетип калууга үлгүрдү. Сыягы, туулуп өскөн Бишкек же бала кезинде Фрунзе деп аталган шаарда жүргөндүр. Ал убакытта арам акчаны адалдоо анын кесиби боло элек болчу”, - деп жыйынтыктайт өз макаласын Панорама журналынын кабарчысы.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
14.03.2010 00:39
АЙТЫП КОЙГУЛАЧЫ БАЙ БОЛГУРЛАР- БУ ГУРЕЕВИЧ ДЕГЕН НЕМЕ ДЕГИ КИМ...

кимден: Билген адам
13.03.2010 16:50
Бишкеке жакында Италиянын карабинерлери официалдуу түрдө келишет.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.03.2010 10:29
Emi shorduu kyrgyzdar evropaga kantip barabyz,alar baarybyzdy shyluun,aferist dep oiloi bashtashat...a gureevichtin kyrgyz menen kainasa kany koshulbagany kyrgyzga kana maalym emespi...uiat ele bolduk ko...bir Tekebaevke narkotika salyp uiat bolduk ele emi gurevich kyrgyz bolup chyga keldi

кимден: Белек каяктан: Ат-Башы
12.03.2010 23:09
А дагын Мелис да айткан эле европалыктарча ой-жүгүрткөн, жакшы бала экен деп!!!...

кимден: Белек каяктан: Ат-Башы
12.03.2010 23:07
Тиги Мамбет агай да айткан эле, көздөргө ишенгиле деп! Эми эмне дейт экен, Мамбет агай?...

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
12.03.2010 21:56
Ата Бакиевди бала Бакиев уят кылды. Кыргыздын шоруна калды. Кап каяктагы аферист Гуреевичти таап келем деп. Курманбек Салиевич элдин бетин кантип карайсыз ? Жанагы Бегалы Наргозуев кайда жүрөт? Эми Максимди кантип мактайт...

кимден: Камчы каяктан: Алайкуу
12.03.2010 21:51
Бул Бакиев бийлигинин толук банкротко учурады дегенди түшүндүрөт. Алыстагы кар баскан айылымды сагындым. Барайын десем жол жок, буйурса жазда барам ата, апа.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)