Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:00

Эркиндик

И.Исаковду коргоо комитети: “Куугунтук токтотулсун!”

“Саясий камактагыларды коргоо” комитети калкка, чет жерде иштеп жүргөн замандаштарга, эл аралык коомчулукка кайрылды. Анда элди үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгууга үндөп, президент Курманбек Бакиевди саясий камактагыларды бошотуусун талап кылды.

Алайда И.Исаковду бошотууну талап кылган акциянын катышуучулары, 15-январь, 2010-жыл.
x
Алайда И.Исаковду бошотууну талап кылган акциянын катышуучулары, 15-январь, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
18-январда Бириккен Элдик кыймылдын (БЭК) курамындагы “Саясий камактагыларды коргоо” комитети калкка, чет жерде иштеп жүргөн замандаштарга, эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады. Алар өз кайрылуусунда элди үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгууга үндөп, өлкө президентин саясий камактагыларды бошотуусун талап кылды.

Мурдагы коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исмаил Исаков сегиз жылга кесилип, камакка алынгандан бери анын тарапкерлери Бишкекте, Алайда ачкачылык акциясын өткөрүп атышат. Бийликке ыктаган күчтөр мындай акцияны колдошкон жок.
Исмаил Исаков дале коргоо министри болуп отурса, ал киши ооз ачпай отура бермек.


Саясий камактагыларды коргоо комитетинин кайрылуусун БЭКтин саясий бюро мүчөсү Т. Тургуналиев жасады:

- Калайык калк, жамы журт! “Сен үчүн” деп жүрөгү жалындап күйгөн, улуттун келечегин сактоо үчүн диктатурага, реперессияга каршы тайманбай, чечкиндүү күрөшүп жаткан чыгаан уул, кыздарыңды соттоп, түрмөгө камап атат. Муну көрүп-билип туруп билмексен болбо, коркуп отура бербе!

Кайрылууда президент Курманбек Бакиевге саясий репрессияны токтотуу, Исмаил Исаковду, Эркин Бөлөкбаевди, Сапар Аргынбаевди, Балыкчыда соттолгон 18 адамды саясий туткундан бошотуу, алайлыктарды зордук-зомбулукка алууну токтотуу талабы айтылган.

Акция катышуучуларынын катары толукталууда


Бул кайрылууга ачкачылык кармаган Бишкектеги жана Алайдын Сопу-Коргонундагы 37 адам кол койгон. Бишкекте 13-январдан бери 22 адам ачкачылык кармаган. Алардын бир даары ден соолугуна байланыштуу акцияны токтотуп, ушул тапта сегиз адам оозуна наар албай отурушат.

18-январда алардын катарына “Ата мекен” партиясынын өкүлү Алманбет Шыкмаматов менен Революциялык комитеттин өкүлү Бактыбек Нураалы уулу жана Айымкан Курбанова кошулду.

Токмоктон келген Бактыбек Нураалы уулу учурдагы бийлик эбак диктатура орнотконун, андыктан ага каршы чыгуу керектигин айтат:

- Кыргыз эли үчүн күйгөн жаран катары ушул окуяларга күбө болуп туруп жөн эле карап отура бербестен, бийликтин зомбулугуна каршы күрөшкө мен да чыктым. Антпесек Курманбек Бакиев мекеним деп күйгөн Исаков өңдүү, Бөлөкбаев өңдүү канчалаган эр-азаматтарды абакка отургузат жана элди мындан да жаман кылат.

СДПК партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин айтымында, эгерде бийлик бул кайрылууну жоопсуз калтыра турган болсо, анда оппозиция саясий күрөштүн башка жолдорун табат:

- Биз албетте мыйзам чегиндеги иш-аракеттерди жасайбыз. Мисалы, жөө жүрүш, пикет, митинг деген саясий күрөштүн башка жолдорун тандайбыз.

Атамбаевдин ырасташынча, азыр да өлкөнүн ар кыл аймактарынан ачкачылык акциясына кошулабыз деп келгендер болуп атат.

"Саясат издөөнүн кажети жок"

Ал эми башкаруучу партиянын өкүлдөрү И.Исаковдун жана башка оппозиция мүчөлөрүнүн камалышынан эч кандай саясат көрүүгө болбойт деген пикирлерин билдиришүүдө.

Бегаалы Наргозуев
“Ак жол” фракциясынын өкүлу Бегаалы Наргозуев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүндө буларды айтты:

- Исмаил Исаков дале коргоо министри болуп отурса, ал киши ооз ачпай отура бермек. Министр болуп жакшы иштеп жүрдү. Бирок менин угушума караганда кызматтан алып койгондон тарта анда капачылык пайда болгон. Андыктан канчалык аны актап-сактабайлы, коомчулук муну эң жакшы билет.

Ачкачылык чарасы Алайдын Сопу-Коргонунда да уланууда. Ушул тапта ал жакта он бир адам мурдагы коргоо министри, генерал-мойор Исмаил Исаковдун бошотулушун талап кылып, оозуна наар албай отурушат.
“Сен үчүн” деп жүрөгү жалындап күйгөн чыгаан уул, кыздарыңды соттоп, түрмөгө камап атат.


Алардын абалын билүү максатында акыйкатчы Турсунбек Акундун эки кеңешчиси 18-январда ал жакка учуп кетти. Бул тууралуу Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди:

- Менин эки мыкты деген кызматкерим Ошко учуп кетти. Эртең парламентте орун басарларымдын кызмат орду боюнча маселе каралат, ошондуктан бошой алган жокмун. Мына, азыр эле Алайдан 128 адам кол койгон, менин келишимди суранган кат келди. Ошол каттын негизинде мен жакын арада Алайга барам.

Ошентип ачкачылык жарыялагандар бийлик тараптан жооп болмоюнча чараны улантышарын билдиришти.

Буга чейин Алай райондук прокуратурасы 14-январда Исмаил Исаковдун тарапкерлерине каршы Ош-Эркеч-Там жолу мыйзамсыз буулган деген факты менен “ээнбаштык” деген берене боюнча кылмыш ишин козгогон.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Курманжан каяктан: Алай
20.01.2010 11:44
Урматтуу Курманбек Салиевич! Сиз өзүңүз деле Исаковдун туура эмес, негизсиз камалганын билип-туюп эле турасыз деп ойлойм. Эрегишкендин эмне кереги бар, сынды туура кабыл алып эле, куугунтуктагандын ордуна Кыргызстандын өнүгүп-өсүшү үчүн ушундай кишилерди пайдаланып иш алып барбайсызбы. Ушул кезге чейин Алай элинин жок дегенде 80 пайызы Сизди колдоп, жактап келгенбиз. 2 шайлоодо тең 2 колубузду көтөрүп шайлаганбыз. Ушул болбогон 2 комната үй (2007-жылы кайтарылып берилген) үчүн Алайдын кулуну элдик генералды 8 жылга эркинен ажыратуу эң туура эмес жасалган иш. Элди келесоо, эч нерсени билбейт, укпайт, каалагандай алдаса боло берет деп жатасызбы. Жок андай эмес,азыр саясатчынын баары айылда. Исаков үчүн ар бир Алайлыктын жол тоспосо да жүрөгү ыйлап турган чагы. Себеби ал жеке адамдын кызыкчылыгы үчүн эмес жалпы эл үчүн иштеген жүрөгүндө оту бар элдик генерал экени жалпыга маалым. Ушул окуядан кийин Алай элине авторитетиңиз бир кыйлага түшүп калганын эскертким келет. Мисалга алып кетсем, биздин эле коллективде мурда Сизди колдогондор 70 % түзсөк азыр 0% ке түштү. Көчөлөрдө деле ушул эле темадагы сөздөр, ойлор айтылууда. Урматтуу Курманбек ага Сизди акылыңызды калчап, туура чечим кылат деп ишенебиз. Алай элин "туура эмес жасалган иш" үчүн капа кылып албаңыз. "Алай эли" жөнөкөй эл эмес, бир козголсо жаман болот.

кимден: Жылдыз каяктан: Ош
20.01.2010 11:13
Улан, 2005-жылы октябрьда Исаков Бакиевди колдоп митинг уюштурган дейсиң. 2005-жылдан бери канча жыл өттү, канча иштер жасалды, азыр канчанчы жыл. 2005-жылы Бакиевди президенттик посту талашкан оппозиционерлер гана жактырбаса дээрлик калктын 70% пайызы колдоп турган. Андан үмүтүбүз чоң болчу. Азыр андай эмес, сындасаңар да кичине анализдеп туруп сындасаңар.

кимден: asil каяктан: NOOKAT
20.01.2010 09:01
Наргозу баласы ойлон! Сени да бул БИЙЛИК ӨЗҮНӨ ПАЙДАЛАНЫП ТУРУП БИР КҮНҮ ЫРГЫТЫП, тепсеп КОЕТ. Ошондо сени ким колдойт экен,акыл эси жайында бир кыргыз да сен үчүн ачкачылык жарыялап,сени коргобойт.Андыктан эртеңки күнүңө арык чап.Бул айтканым жеке эле Наргозу баласына эмес,жалпы бийликти ыктап кошоматчылык кылып,ак-караны,арам менен адалды ажырата албай коркуп жүргөндөргө тиешелүү!!!

кимден: Чынгыз каяктан: Кыргызстан
19.01.2010 21:19
Ээй Ак жол партиясынын депутаттары силерди кантип шайлаганды мен билем го. Жергиликтуу органдарга буйрук менен мынанча пайыз алып бересиңер деген жогорку жактан келген буйруктар менен шайлангансыңар. Ошондуктан озуңор таза депутаттарсыңарбы. Силер таза адамга көө сүйкөгөнүңөрдү токтотуп биринчиден өзүңөрдү билип алгыла урматтуу Бегаалы Наргозуев...

кимден: Нурбек каяктан: Токтогул
19.01.2010 18:13
Бегаалы деген депутатка, Бегаалы айтчы прокурор үч эпизод бойунча сегиз жыл сурап жатат ал сот эки эпизод менен актап баласына үй берди деп сегиз жыл берип койуп жатат анан ал үйдү дагы кайта башка киши алып жатат мамлекетке эч кандай зиян келген жок анан кантип сотторго ишенсе болот баласы деле аскер кызматкери экен атам министр деп өмүр бойу үйсүз жүрсүнбү бул саясий заказ Исаковдун күнөөсү жок экенин элдин баары билди Бакиев коркуп ошондой чечим чыгарды аны сен депутат деле билесиң жөн гна чындыкты айткандан коркосун сага окшогон депутатардын айынан Кргызстан акырындап жок болуп жатат...

кимден: Жакып каяктан: Ош
19.01.2010 17:28
Ай Бегаалы сен ким, Исаков ким койчу эй, Исаков өзү кызматтан арыз берип кеткенин сен билбейсинби?..

кимден: Ulan каяктан: Bishkek
19.01.2010 13:32
Мен Бакиевке карышымын, уулун Максимди өзүнөн кийин Президенке ачык эле даярдап жатат. Баласын уже министрлер ээрчип жүрөт. Да, уят эле болдук. Ливияга, Азербайжандагы, Сириядагы феодалдык өлкөлөрдүн бирине кирдик.

Эми, Исаковко жалко. Бирок, бул Исаков деген киши эсимде 2005 жылы октябрь айында болгон конституция тууралуу оппозициянын митингинде, Бакиевди колдогон контр митингти Исаков өзү уюштуруп, офицерлерди, солдаттарды граждандык кийиминдерине кийгизип контр митингге жибергенин мен даана билем. Туура айтат, эгерде ал дагы эле коргоо министр болуп турганда, Бакиевди дагы эле АКЕ деп жүрмөк, керек болсо элге күч колдонго даяр болмок. Ушундай Кыргыз Саясатынын өзгөчөлүктөрү.

Кыргыз эли, качан биз акыйкаттыка, чынчылдыка үйрөнөбүз, Качан биз кошоматчылыктан чыгабыз....

кимден: алай каяктан: алай
19.01.2010 13:05
тарыхты окусаңар, Кокон хандыгы мезгилинде, Алайлык Алымбек Датканы хан шумпайлары чайга чакырып достархон үстүндө жайлашкан, тарых кайталанып жатат

кимден: Satyvaldy Saipidin uulu каяктан: Russian Federation
19.01.2010 12:34
Ар ким өз кругозоруна, акыл жүгүртүү жөндөмүнө карап өз пикирин айтат да Бегалы мырза. Мына силердин пикириңер боюнча Исмаил Исаков бийлигинен кеткени үчүн таарынгандай болуп жатпайбы. Ал эми менин пикрим боюнча ал эң таза иштеген, чыныгы генерал. Силер аны караласаңар да,эл билет. Нак алтынды дат баспайт дешет. Мына ушундай чыныгы эл үчүн жанын аябаган инсандар бар экен, Кыргыз эли аларды туу тутуп, оз эркиндигин эч кимге тепсете койбойт. Ойлонгула Акжолчулар. Ойгон калкым, эркиндигиң өз колуңда. Эркиндикке татыктуу жалгыз гана, ким ал үчүн күрөшүүгө аттанса...

кимден: Тенирберди каяктан: Нарын
19.01.2010 12:26
Туура айтыпсың Бегаалы. Эгер Ысак уулу Ысмайыл силердей, демек жалдырап үстү жакты тиктеген акжолчу депутаттардай унчукпаса, эмдигиче Коопсуздук кеңештин катчысы, ал кызмат жоюлганда Нур уулундай болуп бир үстөлдү кучактап олтура бермек. 7 миң жылды карыткан кыргыз элдин түбүнө сендейлер жеткени калды. Андан көрө эрдик кылсаң суроо кыл демекчи депутаттык мандатты өткөрүп бер.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине