Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 02:00

Саясат

Алайда атчандар, акыйкат ураандары...

Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жети жүздөн ашуун таламдашы Гүлчө кыштагындагы борбордук спорт майданында митинг өткөрүп, генералдын, ошондой эле Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун, өлкөнү ар тараптуу кризиске кептеген Бакиев бийлигинин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Текст көлөмү - +
2010-жылдын 10-февралында саарлап Алай райондук акимчилигинин Гүлчөдөгү кеңсесинин алдына топтолуп, колдоруна “Биз генералдын актыгына ишенебиз!”,”Генерал Исаков бошотулсун!”, “Биз Исаковдун акталып, бошотулушун талап кылабыз!” деген плакаттарды кармап турган жети жүз чакты кишиге аткаруу бийлигинин өкүлдөрү басып барып, жолугушкан жок.

Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери чогулгандардын ар бир кыймылына тыштан абай салып турушту. Арадан эки саат өткөндөн кийин ортомчулар нааразычылык акциясынын өткөргөнгө Гүлчө кыштагындагы борбордун спорт майданы бөлүнгөндүгүн билдиришти.

- Исаков акталсын!
- Исаковго – боштондук!
- Бакиев кетсин!

Гүлчөдөгү митинг ушундай талаптар менен башталды.

Алайлык карыя Ороз Мусаев жердештеринин негизги максат-тилегин мындайча жар салды:

- Исмаил Исаковдун ушунчалык эмгекчил экендигин элдин бардыгы жакшы билет. Ушундай чынчыл адамды бейкүнөө сегиз жылга камоо эмне деген жорук? Албетте, бул – бийликтин тапшырмасы. Биз башында Бакиевди урматтап, баш мыйзам кепили сыңары генералды бошотууга көмөктөшүүнү абдан сурандык эле. Болду! Эми жалынбайбыз. Мындан ары андан муну талап гана кылабыз!

Алайлыктардын аракетин Аксы районунун тургундары толук кубаттай тургандыгын алардын өкүлү Жапар Кыргызбаев билдирди:

- Бир эле биз эмес, бүтүндөй Кыргызстан Исаковду сыйлай тургандыгына терең ишенем. Биз, аксылыктар, силерге учсаңар канатыңарга – кубат, консоңор куйругуңарга – кубат болуп берүүнү туура таптык. Эгерде жүрүш жасасаңар, андай демилгеңерди чын ыкластан колдоп, катарыңарга сөзсүз кошулабыз.

Ал эми Исмаил Исаковду коргоо боюнча республикалык комитеттин торагасы Топчубек Тургуналиев Бакиев режимин алмаштырмайынча, турмуш жакшырбастыгын белгиледи.

- Бакиевдерди кетирип, убактылуу өкмөт түзүп, тигилер качып кетпесин үчүн чек араны бекем жаап, алардын чет өлкө банктарындагы эсептерин таап, жеп-ичкендерин бүт кустуруп, анан бирин дагы соо калтырбай эл алдында катуу жазалашыбыз керек.

Кийинки бийликке ушинтип сабак кылбасак, Кыргызстан качанга дейре таланып-тонолот
? - деди Топчубек Тургуналиев.

Кепти улаган Алай районунун дагы бир жашоочусу Курманжан Сапарбаева республикалык аскер сотун калыстыкка чакырды:

- Мындан ары сот жараяны улам жылдырылып, калктын талабы менен бийлик эсептешпесе, анда биз дагы башкача жоруктарды жасайбыз. Башыбызды канжыгага байлап, акциялардын ар түрүн уюштуруп, режимдин шаштысын кетиребиз.

Баш-аягы беш саатка созулган нааразычылык акциясынын катышуучулары генерал Исмаил Исаковдун, ошондой эле Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун, стратегиялык маанидеги ишкана-мекемелерди менчиктештирүүгө же сатууга тыюу салууну, мындан тышкары өлкөнү ар тараптуу кризиске кептеген Бакиев бийлигинин кызматтан кетүүсүн талап кылган Кайрылуу кабыл алып тарашты.

Алай районунун прокурору Таалай Абдиваитовго кайрылганыбызда, мыйзамсыз кадамдар дагы кайталанса, акциянын уюштуруучуларына чара көрүлөөрүн эскертти:

- Мыйзам бузулбаса, бизге дагы жакшы эле. Жарандарга мындан башка талабыбыз жок...

Анткени менен Алай райондук Исмаил Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Айтпай Жээналиев бийликтин мындай опузалоосу аларды токтото албастынын жарыялады:
 
- Президент Бакиев эл көтөрүлүп жатканына бир жылдан бери маани бербей, баам салбай, баа бычпай унчукпай жаткандыгы зордук-зомбулукка жол ачып атат.

Муну биз өлкө башчысынын акимчиликтерге, жергиликтүү башка мамлекеттик органдарга берген түздөн-түз тапшырмасы катары эсептейбиз.

Ошон үчүн биз жанагы митингде айтылган талаптар толук аткарылмайынча, көздөгөн максатыбыздан эч качан кайтпайбыз. А түгүл күтүүсүз жана акыркы кадамдарга да барышыбыз толук ыктымал.

Акыркы маалыматка караганда, алайлыктардын нааразычылык акциясы 12-февралда кайрадан улантылмакчы.

Бирок аны өткөрүүгө жергиликтүү бийлик туруктуу жер ажырата элек.

Тасма.  Алай эли акыйкат чечим күтөт





Исмаил Исаковдун жети жүздөн ашуун таламдашы 2010-жылдын 10-февралында Гүлчө кыштагындагы борбордук спорт майданында митинг өткөрүп, генералдын, Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун талап кылышты. AiT
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: бермет каяктан: санктпетербург
25.02.2010 21:57
Айланайын кыргыз туугандар деги озунорго качан келесинер? Исмайл Исаковду министирликте иштеп жургондо майлуу каймактуу жерлерде иштеп эми минтип камалып турмодо отуруп калды биздин да жеп ичкенибиз качан билинип калат экен деп элди которуп чыктынарбы ? Бакиев бул жэрде эмне ?Ошол жерде соттоп 8жылга эркинен ажыраткан адамга нааразылык блдиргиле,Кыргызстанда закон иштебейт талап тоноп жегендер эч качан соттолбойт деп озунор ушул убака чейин сайрап келесинер ,Эми минтип куноосун мойнуна койуп камаса кылган ишинерди кара,Ушуга окшогон талап тоноп жегендер баары жазасын алыш керек ,Бакиевге иштегенге жол бербейсинер,Топчубек байке деги карып калсаныз деле тынчыбайсыз жанагы митинге которуп чыккан адамдарынызда озунуздой баары каарылар айылда деги жаштар калбады да ээ? Баарыбыз минтип Россиянын 30градус суугуна тонуп карын куроп ,полун жууп ,идиш аягын жууп Кыргызстан дегенде эки козубуз торт болуп журсок ,Андан коро жаштарынарды иш менен камсыз кылсанар ,Озунор саясат оюнун ойноп кумарга батып келчек жаш муундарынарды талаага таштап жургонунор кудайга да жакпайт го ,Топчу байке ,Азимбек байке ж,б чиновниктер

кимден: Асылбек каяктан: Ноокат
13.02.2010 20:08
Топчуке кыргыздын баатыр азамат инсаны.Алайлыктарды колдойбуз!!! И.Исаков акталсын!!!

кимден: Erkindik
13.02.2010 09:20
http://www.facebook.com/kyrgyzdar?ref=profile#!/group.php?v=info&ref=mf&gid=336010787558

кимден: Марс каяктан: Ош
12.02.2010 15:40
Алайлыктар туура кылып жатат Топчуке ак сүйлөгөн киши БАКИЕВ КЕТСИН!

кимден: Алайдан кат
12.02.2010 09:43
АЛАЙДАН КАТ № 2 Адахан Мадумаровго

Сүйлөсөң оозду көптүрүп,
Сүйүнүп укчу көпчүлүк.
А бирок колдоп Ажоону,
Абиирди алдың төктүрүп.

Кайрымдуу болот элибиз,
Кайгырбай бизге келиңиз.
"Алманбет" кылып майданга,
Алалы кошуп сени биз.

"Жеди" деп ушак таратты,
Генерал уулду каматты.
Алайдан болот, ала кел,
Акматбек менен Маратты.

Ажоого алар "кент" экен,
Агасын кандай "дейт" экен.
Ал экөө "касса" кармашат,
Айтышсын, канча "жеди" экен.

.... Алайда азыр кар калың,
Адам жок угаар арманын.
КГБ жүрөт кубалап,
Чындык деп чыккан балдарын.....

кимден: кыргыз кыз каяктан: Кыргызстан
12.02.2010 09:29
кызык эле адамдар. тур десе туруп отур десе отурган. ошончолук эле кыйын экенсиңер жерге эгин тигип оокат кылып элдин камын ойлосоңор боло. ун кымбаттап жатат! өзүбуздүн жерден баардыгы өсөт. бирок өстүрбөйсүңөр. жалкоолор!!!

кимден: Алайдан кат
12.02.2010 09:24
АЛАЙДАН КАТ. № 1
Алайда азыр кар калын,
Адам жок угаар арманын.
Милиса журот кубалап.
Чындык деп чыккан балдарын.

Бийликтин болду жалаасы.
Ысмайыл кыргыз баласы.
Колдошуп жатат деп уктук,
Көлдүктөр менен Таласы...

Чыкпады неге агылып,
Чүйлүктөр колдоп, чамынып.
Жатабы ажоо чакырган,
Курултай жакка камынып.

Кышында колдоп, жүрүшүн,
Кыйналган элдин күнү-түн.
Жалындуу сүйлөп Топчубек,
Жандырып кетти үмүтүн.

Бийликти калган эскирип,
Сындаган сөөккө жеткирип.
Калыптыр келбей Өмүрбек,
Жакында белин "кестирип."

Азимбек баатыр баштаган,
Айта албайт аны башка адам:
"Үй-бүлө деген балээни,
Ыргытам,- деди - аскадан".

Сеп болуп бирге туралы,
Ынтымак - элдин куралы.
Биригип Алай,Талас,Чүй...
Бийликти мындай -"жыгалы".

Акыйкат ишке үндөгөн,
Генерал чыксын түрмөдөн.
Кырылып жегич, канкарлор,
Кыргызым болсун гүлдөгөн!

кимден: Эр кыргыз каяктан: Бишкек
11.02.2010 23:30
Менин катымды чыгарбай жатканынарга капамын. Мен Исаковду да Бакиевди да колдобойм, эл үчүн күйбөгөндөр үчүн бекер убакыт коротуп кереги не?!!! Амаан болгулачы деги!

кимден: Эр кыргыз каяктан: Бишкек
11.02.2010 23:17
Оо элим, кыйкырган менен не пайда! Ишиң менен кызмат кыл элиңе. Бакиевдин, Акаевдин балакетин аласыңарбы кызмат кылчы өз элиңе саясатка кийлигишпей. Бийлик элди жыргатпай калганын эмдидигиче түшүнө элексиңби замандаш. Бийликке ишенбе, өз кара жаныңыңды ойло, бийлик сага зыян гана алып келет билип кой. Исаков элди ойлогон киши экенин элдин баары билет, Бакиев ушундай адамдардын колдоосу менен президент болгонун элдин баары билет. Шерменде бийлик башка айтаарым, күчүм жетээр ушул сөздөр, барсыңарбы кыргыздын Манасы, Абдрахманову, Исакееви, Чокморову, Текебаеви!!!!

кимден: Курманбек каяктан: ош
11.02.2010 23:17
Мен чыныгы генерал Исаковдун акталышына тилектешмин жана ишенем.Аны акташ соттун иши деп ойлоймун,бул жерде Бакиевдин бир да тиешеси жок болсо керек.Топчукенин айткандарында негиз жок деп ойлоймун, ал киши озу приздент болсо озуно озу каршы чыкса керек. Генералды актабаган соттун озун эл соттош керек. Генералдын акталышын мен да кутом жана жараткандан тилеймин
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине