Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:55

Саясат

Мөөнөтсүз ачкачылык акциясы башталды

Бүгүн БЭКтин курамындагы “Саясий камактагыларды коргоо” комитетинин демилгеси менен мөөнөтсүз ачкачылык акциясы башталды. Ачкачылык жарыялагандар бийликтен репрессияны токтотууну, саясий куугунтуктун негизинде камалып жаткандарды бошотууну талап кылышууда. Бул иш-чара Алайда да башталуунун алдында.

Текст көлөмү - +
Ачкачылык акциясын тогуз киши баштады. Алардын башында БЭКтин саясий бюро мүчөсү Т. Тургуналиев, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөт Шадыбеков турат, калгандары Исмаил Исаковдун жакындары жана жердештери. Топчубек Тургуналиевдин айтуусунда акция мөөнөтсүз, келип тилектештигин билдирүүчүлөргө эшик ачык:

-Кимде-ким cаясий ачкачылыкка келип кошулууну кааласа, биз социал-демократиялык партиянын баш кеңсесинде отурабыз. Кайнак суудан башка наар албайбыз? эреже ушул. Күнү-түнү ушул жерден кетпей, талабыбыз орундалмайынча отурабыз.

Акциянын катышуучулары саясий репрессияны токтоосуз токтотууну талап кылып эртең президентке кайрылуу жолдошмокчу. Саясий ачкачылык жарыялагандардын бири Элмира Турганбаева бийлик оппозиция лидерлерин гана эмес, карапайым элди да куугунтукка алды деп билдирди:

Бүгүнкү күнү каран түн жалпы кыргыз элинин башына түшүп отурат.
Э. Турганбаева
-Бүгүнкү күнү каран түн жалпы кыргыз элинин башына түшүп отурат. Бул каран түн Исаковдордун, Жекшенкуловдордун, Бөлөкбаевдердин гана башында эмес. Бүгүн бийлик өзүнө каяша кылган бардык адамдардын, элдин укугун тебелеп, куугунтуктап жатат.

Ачкачылык чарасына чыккандардын ден соолугун медицина илимдеринин доктору, врач-кардиолог, “Ата мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Ташболот Балтабаев көзөмөлгө ала турган болду.

Ачкачылык акциясы Алайда да жүрүүдө. 11-январдагы соттун чечими менен 8 жылга кесилип, генерал-лейтенанттык чининен ажыратылган И. Исаковдун жердештери Сопу-Коргон айлынын тушунда Ош-Эркечтам кан жолунун боюнча бир нече боз үй тигип, генералды камактан бошотуу талабы аткарылмайынча наар албай турган болушууда. Бул тууралуу И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалайбек Зикиров “Азаттыкка” кабарлады:

Башкаруучу партиянын өкүлдөрү И. Исаковдун жана башка оппозиция мүчөлөрүнүн камалышынан эч кандай саясат көрүүгө болбойт деген пикирлерин билдиришүүдө. ЖК депутаты Турдукан Жумабекова бүгүн башталып жаткан саясий акциялар менен маселе чечилбейт деп эсептейт:

-Биздин өлкөдө сот адилеттиги бар. Ошондуктан эгер оппозиция соттун чечимине макул болбосо, Жогорку Сот бутагына дооматын айтып кайрылууга укугу бар. Ал эми тигил-бул деп мындан саясий боек сүртүп, саясий себеп табуу абдан терс нерсе. Мындай кылууга болбойт.

Бийликке сын айтканы үчүн саясатчыларды куугунтуктоону токтотуу талабын оппозиция бир нече убактардан бери бийликке коюп келе жатат. Өткөн жылы бул боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр да жүргүзүлүп, бирок натыйжасыз калган. “Ата мекен” партиясынын төрага орун басары Дүйшөн Чотонов бийликке берилген мөөнөттөр аяктаганын белгилеп, оппозиция саясий ачкачылык жарыялоодон башка дагы аракеттерди көрөт деп эскертти.

И. Исаковдун камакка алынышына байланыштуу анын жердештери, жалпы эле саясий камакка алынгандардын боштондугун талап кылган оппозициялык кыймыл 12-январда президентке кайрылуу жолдогону айтылган. Буга карата расмий бийлик мамилесин билдире элек.


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Акбар каяктан: Екатеринбург
14.01.2010 22:56
Менин да тамагыма аш барбай калды. Исмаил аканы түрмөгө отургузган Бакиевге наалат айтып Екатеринбургда отурам. Кыргызстанда болгондо мен да катышат элем. Ансыз да жашоонун кызыгы жок калды. Үч жылдан бери Сибирдин суугунда көчөдө иштейм.

кимден: Актилек
14.01.2010 13:52
Ачкачылык жарыялагандар бийликтин жасаган иштерине цивилизациялуу жолу аркылуу нааразычылыктарын билдирип атканы эн туура. Мени өкүндүргөн жери, ошолор менен чогуу боло албаганым. Мекенден алыс жүрөм. Бүткүл ой санаам, ак пейилим менен силерге кошулам. Буткул дүйнөгө бул бийликтин чыныгы жүзүн көрсөтө турган бирден бир жол ушул. Сиздерге чыдамкайлык тилейм. Сиздерди Манас атамын Руху колдосун!

кимден: Динара каяктан: КТУМ
14.01.2010 13:44
Исмаил И. ак адам, мээнеткеч элдин камын ойлогон адам катары сыйлайм бирок ар бир адам алдында бийликке ээ болгондон кийин ичет жейт, азыр ким эле ак болуп иштеген ишинде акча жебеген, эч нерсесин өзүнө менчикке өткөрбөгөн, жада калса ошол камакка алып жаткан милицияларды текшерүүдөн өткөрүү керек, Ал Исмайыл И. го чейин эле коомдо болуп келген окуялардын бири андан көрө келечек муундарга, атуулдарга сабак болду десем жаңылбайм. Менин айтайын деген оюм ичкиле эчнерсе калтырбагыла эмне кыласынар кыргыздар аныста өздөү эле жашап эч кимге көз карандысыз өздөрү байып келе жатышат, эч жактан жардам жок жогорку жактан, бийликтен жардам күтүп ататбы жок,

кимден: Таза улутчулдар уюму
14.01.2010 12:42
Ачкачылык акциясы биздин коомдо көп деле таасир бербейт. Дегеле кыргыздар илгертен бери эле минтип нааразылык билдирген эмес. Нааразы болсо барып чаап алган же жок эле дегенде алдына келип бетине айтып чыккан, эл алдында сөзгө сындырган. Азыркы бийлик сөзгө да сынбайт, ачкачылык акциясын андан бетер тоготпойт. Өлмөктөн доңуз копсун деп отура берет. Антип убара болбогула. Андан көрө жөө жүрүшкө чыкса таасири көбүрөөк. Бишкекке түп көтөрө келип нааразылык билдирсе андан бетер жакшы. Азыркы бийлик көп сандагы эл менен гана эсептешет. Ошондо да алардын эмнеге бараарына көзү жетсе. Ноябрь митингине чыккан толгон-токой элди алдап жолго салган, демократиянын маани-маңызын кетиргенге жетишкен, далай кишини пайдаланып кайра далысына бычак сайып башын мүлжүгөн ушул бийлик тогуз кишинин ачкачылык акциясынан коркуп кетет дейсиңерби? Булардын өзүнө жараша жооп керек.

кимден: Алтынай каяктан: Каракол
14.01.2010 12:26
Бийликти мындай ачарчылык жарыялоо жолу менен ойготуш кыйын болуп калды көрүнөт, андан көрө мындан да татаал жолуна өтүш керек деп ойлойм!!!!

кимден: Мамат каяктан: Бишкек
14.01.2010 12:01
Чет элдик газеталар, кабар агентстволору ачкачылык акциясыны жазып чыгышсын деп жасалып атат. Муну уккан чет элдин акылмандары маселени өкүнүү менен кабыл алышып, тынчтык жол менен чечилишин каалашат. Көрүнүп тургандай акцияны жасагандар деле ошого расчет кылып атышат.
Булардын баарысы политика. Бирөөлөрдүн кызыкчылыгына жооп бергени үчүн жасалып атат. Ошол үчүн тынч эле тиричилигибизди кылып жашай берели. Бийлик, мансап, мал-мүлк талашкандар өздөрү ич ара чечип алышсын. Ансыз деле митинг, ачкачылык, жол тосуу, жоо жүрүш акцияларына эл тоюп бүтүштү.

кимден: Болот каяктан: Москва
14.01.2010 11:46
А.Мадумаров унчукпайт го! Мурда энергиясы ашып-ташып турчу эле! Баары Элдин кызыкчылыгына жараша болот дечү эле!!!...

кимден: bakit каяктан: Stockholm
14.01.2010 03:27
Ачкачылык жарыялоо бул каршылык билгизуунун эн жонокой жолу.
Эл аралык коомчулуктун конулун бурат бирок бийликке баары бир.
Биздин бийликке мындан кучтууроок кадам керек.
Алар эмне болуп кетеерин тушуно албай турабы, билбейм.

кимден: Чоро каяктан: Бишкек
13.01.2010 23:23
Эх, Кожо Насреддин! Путининиз озу канча журналистти олтуртту да канча оппозиционерди жок кылды. Путин дуйно авторитаризминин
корбашысы болуп турбайбы. Путиндин Бакиевге жини келе турган башка жагдайы бар. Бакиев базаны чыгарам деп Путинден коп акча алган сон, убаданы аткарбай, алдап кетпедиби. Мына ошон учун Путин Бакиевди коройун деген козу жок. Максим ошон учун ГЭС куруп беребиз деген Россияга бара албай, Кытайда журот. А Кытайга
баары бир, ким болсо да акча бере берет, эптеп эле кытайлыктар Кыргызстанга толуп кетсе болду. Анан кытайга жалданып оокатыбызды кылабыз. Андан коро кытайча уйроно берели.

кимден: Зулпукор каяктан: Ош
13.01.2010 22:40
Ачкачылык - бул бийликке нааразылык билдирүүнүн цивилизациялык жолу. Ал эми биздин бийликте отургандар үчүн мындай нааразычылык таасир этпеши мүмкүн. Акыл-эстүү, эркиндикти сүйгөн кыргыздар ачкадан өлсө же оорулуу болуп калса азыркы бийлик сүйүнсө керек. Буларга койдой жоош, башы жакшы иштебеген, кошоматчы кыргыздар гана калса болду.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине