Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:05

Уюлдук телефон интернет булагына айланууда


Кыргызстан калкынын санына карата интернет колдонуучулардын өсүшү боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда.
Кыргызстан калкынын санына карата интернет колдонуучулардын өсүшү боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда.

Уюлдук байланыш аркылуу ылдам жана сапаттуу интернет сунуштаган 3G форматынын Кыргызстанга келиши менен телефон аркылуу интернет колдонгондордун саны көбөйөрү күтүлүүдө.

Акыркы убактарда уюлдук телефон аркылуу интернетке кирип жаткан жарандарды коомдук жайларда, көчөлөрдө көп көрүүгө мүмкүн. Өзгөчө жаштар арасында чөнтөк телефон аркылуу, Фейсбук, Твиттер жана өңдүү социалдык тармактарга кошулуп, чат колдонгондор кыйла бар. Алардын бири Бишкектик студент Мурат Эргешов уюлдук телефон аркылуу эки жылдан бери интернет колдонуп келет. Анын айтымында, мобилдүү интернет менен тез маалымат алып, каалаган жерде дүйнө менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө:

- Бирден-бир себеби бул убакытты үнөмдөө. Уюлдук телефон аркылуу үйдө отуруп, каалаган маалыматыңды каалаган убакта издеп таап ала аласың. Көчөдө жүрүп, жумушта, сабакта интернетке кирсең болот. Чөнтөк телефон болбосо дайыма эле компьютерди көчөдө көтөрүп жүрө албайсың.

Муратка окшоп интернет колдонгондор өлкө аймагында көбөйүп бара жатканын уюлдук байланыш операторлорунун өкүлдөрү, бул багытта иштеп келген адистер белгилешет. Өзгөчө буга чейин интернет жетишсиз болуп келген элет жаштары бул кызматтан көп колдонуп жаткандыгы да белгиленет.

“Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондусунун 2008-жылы жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, ошол кезде Кыргызстанда кеминде 800 миңге жакын интернет колдонуучу болсо, орто эсеп менен алардын 21% уюлдук телефондордун жардамы менен интернетке кирери аныкталган. Аталган коомдук фонддун IT адиси Алексей Бебиновдун айтымында уюлдук байланыш аркылуу интернет колдонгондордун арбып жатышынын себеби - бул тармакка уюлдук операторлор көп аракет жумшап жатканында:

- Уюлдук байланыш операторлорунун интернет багытында сунуштары көбөйө баштады. Чөнтөк телефон аркылуу интернетке туташуу багытында көп жарнактарды көрүп жатабыз. Операторлор мобилдүү интернетке кошулуу үчүн керектүү жабдыктарды массалык түрдө жайылтууну колго алышты. Мунун баары 3G форматын сунуштаган операторлордун көбөйө тургандыгынан кабар берет.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик байланыш агенттиги билдиргендей өлкө аймагында кызмат кылган мобилдик операторлор телефон аркылуу ылдам интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүн берген 3G форматын киргизүү боюнча макулдук алышып, жыштыкка ээ болушкан. Натыйжада бул формат ушул жылдын акырына чейин Кыргызстандын аймагында иштеп баштап, уюлдук телефон колдонуучулар ылдам жана сапаттуу интернет колдонууга мүмкүнчүлүк алары маалымдалууда.

Аталган форматтын келиши менен уюлдук байланыш аркылуу интернет колдонгондордун саны көбөйө тургандыгын уюлдук байланыш багытындагы “Мегаком” компаниясынын Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Жанат Токтосунова белгиледи. Мындан сырткары мобилдүү интернеттин жардамы менен Кыргызстандын дээрлик бардык аймагына интернет жеткирүү мүмкүн болоорун билдирди:

- Кыргызстанда айылды интернеттештирүү, элетти интернетке кошуу өңдүү көптөгөн долбоорлор иштеп келген. Бирок алар ийгиликке жеткен эмес. Себеби зымдарды тартыш керек, ылайыктуу бир жайды тандаш керек дегендей. Мына мобилдүү интернет же уюлдук байланыш аркылуу интернет пайда болгондон баштап ошол зарылчылык жоголду. Натыйжада байланыш операторлору камтыган Кыргызстандын аймактарында интернет колдонуу мүмкүн.

Адистер белгилешкендей, жакынкы жылдарда Орто Азия аймагында интернет колдонгондордун саны өсүп, маалымат желесине кирүүнүн мындай ыкчам ыкмасы кеңири жайылат. “CA-news” агенттиги билдиргендей, учурда коңшулаш Өзбекстанда 6,6 миллион интернет колдонуучу бар болсо, алардын кеминде жарымынан көбү уюлдук байланыш аркылуу интернеттен пайдаланышаары аныкталган. Батыш өлкөлөрүндө мындай көрүнүш абдан кеңири жайылган.

АКШнын Нью-Йорк шаарында окуп жүргөн кыргызстандык студент Нуркыз Орозова ал жерде дээрлик бардык аймакта, бардык ыкма менен интернет колдонгондор бар экендигин айтып, мындай көрүнүш жакынкы арада Кыргызстанга да келет деген ойдо:

- Негизи эле көчөдө болобу, автобустун ичиндеби, метронун ичинде болобу, жалаң эле интернетти колдонуп жаткан адамдарды көрүп жатам. Жаштар деле, карылар деле, кемпир-чалдар деле телефондор мененби, IPod, IPhone өңдүү аппараттарды колдонуп интернетке кирип жатышат.

Кыргызстан Орто Азия боюнча калкынын санына карата интернет колдонуучулардын өсүшү, бул тармактын кеңейиши багытында алдыңкы орундарда турат. Интернет технологиялары боюнча адистер белгилешкендей, алдыңкы жылдарда өлкөдөгү интернет колдонуучулардын саны, уюлдук телефондун жардамы менен кыйла көбөйөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG