Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:52

Саясат

ЕККУ полициясы: чочулоого эмне себеп?

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция кеңешчилер тобунун Кыргызстанга келиши чоң саясий талашка айланууда. Ош шаардык кеңешинин депутаттары болсо аларды киргизбөө тууралуу чечим кабыл алды.

ЕККУ полиция тобунун келишине каршы жыйын
Текст көлөмү - +
Өлкөнүн биртоп жерлеринде нааразылык жыйындары өтүүдө. «Азаттыктын» бүгүнкү «Бетме-бет» талкуусу мына ушул маселеге арналат. Ага парламенттин мурдагы депутаты Бегаалы Наргозуев, «Парламентчилер коррупцияга каршы» долбоорунун жетекчиси Кубан Өмүралиев катышат.

Саясий талаш чыгаруу ышкысы

- Кубан мырза, эларалык полиция кеңешчилер тобунун Кыргызстанга келиши чоң саясий талашка айланып кетишинин себебин эмнеге байланыштуу түшүндүрөт элеңиз?

Кубан Өмүралиев:
- Чынында эле бул маселе аябай саясатташып кетти. Жөнөкөй элдин наарызылык билдириши маалымат жетпегендиктен, түшүнбөстүктөн болуп жатат. Ал эми муну билгендер атайылап эле мындан саясат жасап жатышат. Бул маселе бир ай илгери көтөрүлүп, ошол эле Убактылуу өкмөттүн Евроап коопсуздук жана кызматташуу уюумуна кайрылгандан кийинки иш. Мурунку коргоо министри И.Исаков гана каршы экенин кызматтан кетерге чейин эле айткан. Андан башка Убактылуу өкмөттөн буга каршы чыкканы жок. Дүйшөн Чотонов колдоорун айтты, К.Байболов да каршы эмес. Келчү полиция кеңешчилери кандай иштерди жасай тургандыктарын мамлекеттик теле көрсөтүү аркылуу элге жакшылап түшүндүрүп коюшса жакшы болмок. Андай маалымат жок үчүн президент өзү Ошто жаштар менен жолугушуп жатканда түшүндүрбөдүбү. Полиция кеңешчилер тобунун мандаты кандай экенин биле электе мен да каршы чыккам. Ошол ЕККУнун атайын өкүлү катышкан жыйында анымды айткам да. Мына ошол ЕККУ акыркы жылдары Ички иштер министрлигин реформалоого 2-3 миллион доллар сарптады. Бирок жыйынтыгы эмне болду? Көчөгө чыккан 5 – 10 каракчыны тыя албаган бул кандай кызмат? Жаңыдан козголгондо полиция кеңешчилеринин аткара турган иштери башкача айтылып келген. Кийин кеңеш гана бере тургандыгы ачыкка чыккандан кийин ага эмнеге каршы чыкканыбызды мен жакшы түшүнбөйм.

- Бегаалы мырза, бу эларалык полиция кеңешчилер тобу болбосо башка бир маселе ушинтип саясий талашка айланып чыгат беле?

Бегаалы Наргозуев:
- Кечээки апрель, июнь окуяларынан кийин биздин аябай саясатташкан калкыбыз дагы аябай саясатташып кетти. Патриоттук жаштар кыймылына маалымат жакшы жетпей калгандан, ошондой эле жакындап келаткан парламенттик шайлоо алдында бул маселе саясатташып кетти. Анан да биздин коомдо көпчүлүктү орусиячыл багыттагы адамдар түзөт. Алардын көңүлүн алыш үчүн айрым партиялар ушул маселени козголоп жатышат. Түшүнүп-түшүнбөй каршы болгондор көп. Июндагы алааматта сырттан жардам сурасак эч кимиси берген эмес. Ал эми ЕККУнун куралы жок 52 полиция кеңеш бериш үчүн гана келишет. Биздин милиция менен бирге жүрөт экен. Акыркы учурда кыргыздар тууралуу Батышта бир жактуу маалыматтар берилүүдө. Геноцид кылып атат, тигинтип атат, минтип атат, деген маалыматтар көп чыкты. Эгер ЕККУ келсе июнь айындагы окуялар эки тараптуу экенин, окуянын чыныгы себеп-жөнү Батышка биринчи булактар аркылуу жетеби деген үмүт бар. Калыс пикирлер пайда болобу деген ишенич бар. Анан куралсыз 52 кишиден чочулаштын кажаты жок. 52 эмес, 2- 3 миң автоматчан коопсуздук күчтөрү деле туруштук бере албасын апрелде көрдүк го. Анан мен бир нерсени эскерте кетейин. Бул менин жеке көз карашым, ал эми мен кире туран партияда бул маселеге позиция башка, ошону айтып кетейин дегем. Анан партия кандай чечсе ошого баш ийүүгө туура келет. Бирок ал жерде деле өз оюмду айтып, ушул жүйөөнү жактаганга аракет кылам.

Косового окшош жагы жокпу?

- Кубан мырза, жаңжалды Косово кагылышына салыштыруу, ошондон окшоштук издөө тенденциясы да жолугууда. Кечээ болсо президент Р.Отунбаева Кыргызстан Чеченстан кейпин кийип калышы мүмкүн экенин эскертти. Анан эларалык полиция кеңешчилерин киргизбөөнү талап кылгандар мына ушул полиция кеңешчилери да алгач Косового киргизилгенин айтышууда.

Кубан Өмүралиев: - Косового кеңешчилер эмес түз эле күч аскерлери киргизилген. Сербия менен Косовонун ортосунда тынчтык күчтөрү азыркы убакка чейин турат. Африкада да бар. Анан ал жерлерде 50 – 60 аскер эмес, миңдеген аскерлер турат. Башында бизде деле ошондой сөздөр болгон. Орусия, башка эларалык күчтөр келип жаңжалды токтотсо деген өтүнүчтөр айтылган. Азыр эми жаңжалды өзүбүз басууга жетиштик. Анан маалымат тирешинен биз уттуруп койдук. Маалымат таратуу, жеткирүү жагынан алсыз болуп калганыбыздан кыргызды туура эмес көрсөтүп койгону бизге катуу тийип жатат. ЕККУга 56 өлкө мүчө. Булар да оңой эмес. Алардан өкүлдөр келип ошолор аркылуу туура маалымат жетсе деген тилек бар. Анан эларалык полиция кеңешчилери ички иштер кызматкерлери, жакындарын жоготкон, жабыр тарткандар ортосунда жүрсө бир жагынан иштин калыс териштирилишине, экинчи жагынан ошол эле коопсуздук кызматтарынын техникалык жагынан жабдылышына көмөгү тиймек. Бизде жадесе түнкүсүн көрө турган колчырактарыбыз да жок экен. Кеңешчилердин артынан жардамдар келерин да унутпасак.

- Эларалык полиция кеңешчилери келе турган болсо Кыргызстандын коопсуздук кызматына техникалык жардам көбөйөр беле? Бегаалы мырза, сиз ушуга ишенесизби?

Бегаалы Наргозуев: - Мен ойлойм, ал күчтөрдүн бул жакка келишинин негизги максаты деле ошол болушу мүмкүн. Техникалык жардамды жеринен аныктап, тактап берүү. Жаңжал болгон жерде куралын көтөрүп келбегени менен алар жаңжалды басууга эмнелер керектигин адис катары жакшы билишет. Алар уюмга сунуштарын жөнөтүп, кандай техникалык жардам керектигин билдиришет болуш керек, деген пикирдемин. Маалымат урушунда алар биздин таламыбызды талашпаганы менен, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөр үчүн биринчи маалымат булагы болуп беришет. Ал эми маалымат жагынан биз өзүбүзчө чоң саясат жүргүзүшүбүз зарыл деп ойлойм. Аны жасабасак биз тууралуу жаман пикир көпкө чейин кала берет.

Ачык эшиктен башкалар баш бакпайбы?

- Кубан мырза, мына ушул полиция кеңешчилер тобунун артынан дагы бир сырткы күчтөр кирип калышы мүмкүн, деген кабатыр ойлор айтылууда. Антишке негиз барбы?

Кубан Өмүралиев: - Кырдаал күчөп кетсе ошентип айтышка негиз болор эле. Эларалык полиция тобу кеңешчи катары гана келсе андан Кыргызстан эч зыян тартпайт, деп ойлойм. Эгер сырттан күч органдары келсе мен каршы болмокмун. Биздин күч органдарында азыркыдай оор кырдаалда кантип иштөө тажрыйбасы жетишсиз болууда. Аларга кеп-кеңеш бериштин пайдадан башка зыяны жок. Ансыз деле бизде четтен келген 50 эмес, 500дөй кеңешчи, көмөкчүлөр жүрөт. Анан биз эларалык мамиле жасаганыбыз үчүн, эларалык уюмдарга мүчө болгондугубуз үчүн гуманитардык жардамдар келди. Мына, донорлор Кыргызстан экономикасын калыбына келтирүүгө 1,1 миллиард доллар жардам акча бөлүүгө макул болду. Мындай каражат жөн эле, өзүнөн-өзү келе бербейт. Мындан биз пайда гана көрөбүз. Анан мунун артынан дагы сырткы күчтөр келет дегенге биздин эл жол бербейт. Мына, октябрда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Полициянын мандаты жыл аягына чейин гана. Жаңы парламент түзүлүп, өкмөт ишке киришип калса “кеңешип кескен бармак оорубайт” демекчи, маселени алар өздөрү чечишет. Артынан дагы чоң күч келбейт.

- Бегаалы мырза, ушуну менен эле сырттан кийлигишүү токтолуп калабы, башка күчтөр келбейби?

Бегаалы Наргозуев: - Кечээ мага айылдан акскалдар телефон чалышып, ЕККУ эмес, Америка аскерлерин киргизгени жатыптыр, ошону айтпайсыңарбы, токтопойсуңарбы, дешет. Баары маалыматтын жетишсиздигинен чыгууда. Кандуу жаңжал күчөп турганда биз каяктан гана жардам сурабадык. Жанталашып чуркап келгендер болгон жок. Ири державалар улуттук кызыкчылыгы болбосо өз аскерлерин бөөдө кырсыкка жөн эле жөнөтө беришпестиги көрүнүп калды го. Эми кырдаал оңуна кетишин гана тилеп туралы. Мына, Орусиянын десантчыларынын жетекчиси В.Шаманов атайын аскерлерин Кыргызстанда шайлоо өткөнчө кармап турушарын билдирди. Кырдаал колдон чыгып, өзүбүз эле суранбасак бизге чуркап келейин дегендер деле жок экен. 52 полиция артынан дагы башка күчтөрдү ээрчитип келет, деп кабатыр болушка негиз жок.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак! Мырзалар, ишиңиздерди ийгилик жылоолой жүрсүн!
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бакс каяктан: Нарын
02.08.2010 14:52
ЕККУ полициясынын Кыргызстанга киришине эл катары мен да каршылыгымды билдирет элем. Менин оюума Нарындыктардын кобу кошулат анткени, мага жолуккан достор, туугандар жана тааныштарым ушундай пикирди айтышууда. тушунбойм мамлекет башчыбыз аял болгону учун ушунчалык жоошпу, билбей К.Бакиевди качырууга эол берди эле. эми минтип Полицияны киргизем дегени эмнеси.

кимден: Бекболсун каяктан: Бишкек
02.08.2010 14:40
Мен дегеле Кыргыз жаштары жана кыргыз эли ОБСЕнин полицясына каршы жанагы келсин тынштыкты сактасын .бизге уйротсун биз коп нерсени билбейт экенбиз дегендер. өзүлөрү ошол Европага барышып уйроно беришсин Биз кыргыз жаштары өз тагдырыбызды өзүбүз чечебиз. жана тычтыкты сактоого биздин алыбыз жетпейт деген чиновниктер алы жете тургандарга оордун бошотуп берсин. Биз жаштар эч убакта эч качан тышкы күчтөргө жол бербейбиз.кыргыз элинин бардыгы жана бирдиги үчүн өлүмгө да дайарбыз.

кимден: Асыл каяктан: Бишкек
02.08.2010 09:21
Эл саясатташпаганда эмне кылсын. Чечимдер бүдөмүк, кандай шартта ОБСЕнин полициясы келет? Өкмөт кандай келишимге барып атат ОБСЕ менен бул маселе боюнча? Азыр муну эч ким билбейт. Эл азыр мамлекеттин кызыкчылыгын Өкмөттүн коргой аларына ишенбегенден каршы болуп жатышат. Мунун мисалы арбын Каркыраны, пансионаттар өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбесе да башкаларга кетпедиби. Эл, эми түштүктө да оголе көп уступкага барып отуруп түштүктөн айрылып калбайлы деп атышат. Эгер өлкөнүн кызыкчылыгына туура келген келишим түзүлгөн болсо , өкмөт чыгарып элге ОБСЕ полициясы ушуларга укуктуу ушуларга укуктуу эмес, мына келишим деп ачык көрсөтүп элдин оозун басып койбойбу тымтыйбай.

кимден: Женя каяктан: Ош
02.08.2010 08:54
Кенеш- деген эмне өзү? Кенеш-бул бир проблеманы чечүүдө бир канча варианттын ичинен эн оптималдуусун тандап алуу.Укук коргоо органдары атуулдарды строго кылгын кылмышына ылайык АНЫКТАЛГАН статъянын негизинде жооко тартышы керек. Бул жерде кандай кенеш болушу мүмкүн?. Укук коргоо органдарын реформалоого акылдары жетпесе, бийликке келбей эле коюшпаптыр.

кимден: кыргыз
02.08.2010 07:52
кыргыздар оздору эле иретине клтирмек. киргизейин деп калпсынар, макул силер айткандай болсун. эгерде кыргыздын алакандай жери бирдеке болсо силердин баарынарды тарых, эл жана Кудай озу кечирбейт, эсинерде болсун. омур бою жер корунуп отосунор

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.08.2010 21:45
EKKUga karshy akci9 oshto ottu,birok al ajci9nyn anabashynda Akjol partiyasynyn oshtogu belgiluu bashkeseri Sonun juruptur,bir kezderi studentterdi koidoi aidagan any korup ele,ech koshulbaim dedim,a miliciyany ondosh kerek,akcha berbesen jok jerden chontogungon narkotika taap chykkanga dayar

кимден: Нурик каяктан: Оштук
01.08.2010 21:04
Мелис Мырзакматов ОБСЕ ни киргизбениз Ошко!

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
01.08.2010 10:58
Элди алдап саясатташтырып жаткандар булар Кыргызстандын эгемендуулугуно шек жана доо кетиричуу адамдар, биздин Милиция кучторуно сабак бергидей эмне болуп калыптыр алар, андай эле консультация жана окугусу келсе келсе барып окуп келишсин. Мындай корунуш болуп жататта бул жерде, менин уйбуломду жана аялымды кантип башкарыш керек жана кантип эркектик милдетти аткарууга менин уйумо бир эле чочун киши келип уйротуп жаткандай да. Мен ошондой эле уйбулоолук консультация алгым келсе, мен ошол адистерге озум барып консультация алып келемда. Анын менин уйумо келише кажети жок. Мына ошондой корунуш бул абал. Экинчиден зона влияния, учунчудон Россиянын коз карашы, андан тышкары бул 52 полицейский бул наживка, аларга атайын дайярдалган сценаий менен провокация болуп кетпейт деп ким кепилдик бере алат. Аларга провокация болуп кетсе, аларды коргош учун НАТОнун морпехи же дисантары келбешине ким кепилдик бере алат. Анан провокаторлорду издейбиз деп Ош шаарынын тургундарынын бейпил турмушуна кийлигишип уйлорун тинтип киришсе Ирактагдыдай болуп андай болбошуна ким кепилдик береалат.

кимден: Kiyalbek каяктан: Kipr
01.08.2010 06:53
Oshol politsia kuchtorunu kirgizuunun negizgi maksattari jana paydalari jonundo anda sizderden toluk maalimat alsak jakshi boloor ele. Maalimat jetishsiz bolup jatkan eken biz karshi chigip jatabiz.Kutobuz anda toluk maailmat.Bir minday tizme katari baarin ordu ordu menen maanisine jarasha kezektep berseniz mitingder balkim toktop kalat ele.Oshol maalimatti berbey kiynap jatasizdar da.Balkim ozunuzdor da toluk bilbeysizder kim bilet?

кимден: идрис уулу каяктан: кыргызстан
01.08.2010 02:51
ЕККУ полициясын кыргызстанга киргизбегени оң деп эсептейм.Алар ушул абалдан пайдаланып,Кыргызстанга озунун аскерлерин,андан кийин жабдууларын киргизип алышса,байге ,жеңиш алардыкы болот.Кыргыз эли ошондо озунун кадыр баркын кетирет жана Убактылуу Окмот кечирилгис куноолорго кабылат.себеби;дуйнодо эмне болуп жатканын эл тушунуп турат.Бул жерде элди куноологон турра эмес деп ойлойм.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)