Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:49

Саясат

ICG: Кыргызстанда дагы бир жарылуу чыгып кетүү тобокелчилиги бар

Эл аралык кризис тобу деген уюм бүгүн Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал боюнча баяндамасын жарыялады. “Кыргызстандагы талоондор” деген баяндамада июндагы улут аралык кагылыштын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам, чыныгы жана ар тараптуу чаралар көрүлбөсө, зордук-зомбулуктун жаңы айлампасынын кайталануу коркунучу бардыгы белгиленген.

Оштогу алаамат күндөр, 12-июнь
x
Оштогу алаамат күндөр, 12-июнь
Текст көлөмү - +
Эл аралык кризис тобунун 30 беттен турган баяндамасында Кыргызстанда апрелде бийликтин алмашуусунан тарта орун алган жараяндардын ар кыл өңүтү жана май менен июндагы окуяларда таасири бар делген адамдар менен топтордун ролу талдоого алынган.

Аталган уюмдун Брюсселдеги баш кеңсесинин өкүлү Эндрю Строехлейн “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде алар баяндамасында “погром” деген терминди эмне үчүн колдонушканын төмөнкүчө чечмеледи:

-Бул - этникалык өзгөчүлүккө негизделген кыянатчылык, чабуул. Ал анык эле өзбектерге каршы багытталган. Зомбулуктун деңгээли чоң болду. Ошон үчүн «погром» деген термин буга туура келет.

Убактылуу өкмөттүн алсыздыгы

Баяндамада “Кыргызстандын түштүгүндө 11-14 июнь күндөрү орун алган зордук - зомбулуктун жана талап -тоноочулуктун натыйжасында жүздөгөн адамдар, негизинен өзбектер каза тапты, 2000ден ашуун имарат, негизинен үйлөр талкаланды, ошондой эле кыргыз жана өзбек калкы ортосундагы ажырым тереңдеди”,- деп айтылат.

Эл аралык кризис тобунун пикиринде, бул 2010- жылдын апрелинде президент Курманбек Бакиевдин режимин кулаткан жана азыр октябрда жалпы элдик шайлоо өткөрүүгө аракеттенип жаткан Убактылуу өкмөттүн эффективдүүлүгүн көргөзө албаганынын дагы бир далили болду.

Жаңы саясий күч

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов өзүнүн колдоочулары уюштурган митингде сүйлөп жатат
Эл аралык кризис тобунун көз карашында, түштүктөгү кыянатчылыктардын эң кооптондурган жана коркунучтуу кесепети борбордук өкмөт өлкөнүн түштүгүнө көзөмөлдү де –факто жоготкондугу. Мындай тыянагына мисал катары аталган уюм Оштун мэри Мелис Мырзакматов азыр түштүктө чечүүчү саясий фигурага айланганын белгилейт. Ал жөнүндө Эл аралык кризис тобу баяндамасында: "Мелис Мырзакматов жаш улутчулардын экстремисттик өнөкөтү бар, кан төгүлгөн учурда саясий күчкө айланган катаал жана чечкиндүү лидери. Ал мурдагыдан кубаттуу болуп калды",- деп жазган. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин жаңы дайындалган катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкттын" кабарчысы менен маегинде ушул эле факторду борбордук бийликтин алсыздыгы катары кароого болбостугуна токтолду:

-Бул бийликтин начардыгын көргөзөт дегенге мен макул эмесмин. Бизде мамлекет бар. Мындай окуялар канча болуп келди. Бирок эми мамлекеттүүлүк, тартип, мунун баары калыптанышы керек. Буга көп аракет кылынышы керек. Ошондой аракеттердин натыйжасында түштүк жергесинде стабилдүүлүк акырындык менен орноп келе жатат.

Баяндамада эгер түштүк борбор көзөмөлдөн тышта кала бере турган болсо буга чейин эле маанилүү фактор болуп келген наркосоода кубатын дагы кеңейтүүсүнүн, бул аймак исламчыл согушкерлер үчүн жагымдуу чөйрөгө тез эле айлануусунун чоң тобокелчилиги бар экендиги да айтылат.

Борбордук бийлик түштүккө көзөмөлдү жоготту деген ырастоолорго айрым жергиликтүү талдоочулар  кошулбайт. Бирок алар борбордук бийликтин туруму алсыздыгын жокко чыгарышпайт. Эларалык толеранттуулук Фонду деген уюмдун башкы аналитиги Руслан Ташанов мындай дейт:

-Толук көзөмөлдү жоготту дегенден биз таптакыр алыспыз, минтип айтылышына мен каршымын. Бирок белгилүү бир деңгээлде борбордук бийликтин алсыздыгы байкалат. Буга негизги себептердин бири - борбордук бийликтин түштүктөгү кырдаалга баа бербей туруп, соккур чечимдерди кабыл алуусу.

Жаңы жаңжаал тобокелчилиги


Баяндамада көргөзүлгөндөй, өкмөт тышкы элементтерди, анын ичинде исламчыл согушчан топторду да айыптаганы менен талоондорго мурдагы президент Бакиевдин саясий машинасынын калдыктарынан, уюшкан кылмыштуулук менен наркосоодага тиешеси барлардан тартып, белгилүү саясатчыларга чейин тартылган.

Эл аралык кризис тобу жазгандай, өзбек коомчулугунда аларга каршы талоондор алдын-ала пландалган деген терең ишеним бар экендигине карабай, бул фактылар менен ырасталган жок.

Баяндама авторлорунун көз карашында, аймактагы коопсуздук күчтөрү азыр борборго караганда жергиликтүү лидерлерге баш ийет. Алар июндагы кыянатчылыктарды токтотууда жай аракеттенген же аралашып кеткен.

Коопсуздук кеңештин жаңы дайындалган катчысы Марат Иманкуловдун “Азаттыкка” айтканына караганда, бул маалымат бийлик үчүн жаңылык эмес. Эл аралык уюмдардын буга чейинки баяндамасында да айтылган жана андагы фактылардын чын–бышыгы иликтенет:

-Түштүктө болгон окуяда биздин укук коргоо органдары тарабынан адамдардын укуктары бузулган фактылар болгондугу жөнүндө баяндамалар болгон. Бул биз үчүн абдан актуалдуу маселе. Президенттин көзөмөлүндө турган маселе. Жаңы дайындалган коопсуздук кеңешинин катчысы катары мен дагы көзөмөлгө алып, укук коргоо органдары менен сүйлөшүп жатабыз. Ошол баяндамада көрсөтүлгөндөрдүн фактыларын ар бири боюнча иликтөө жүргүзүп жатабыз.

Кыргызстандын коопсуздук күчтөрүнүн дарегине өзбектерге каршы чабуулдарга эрктүү да, эрксизден да аралашып кеткен деген доомат боюнча буга чейин “Хьюман Райтс Уочт” уюмунун докладында айтылган болчу. Бирок баяндама өлкөдө сын-пикирлер менен кабыл алынды. Атүгүл 7-апрель деген кыймыл БУУнун Бишкектеги кеңсеси астында нааразылык акциясын да өткөргөн.

1990 –жыл менен 2010 –жылдагы кырдаалдын өтө олуттуу айрымасы, Эл аралык кризис тобунун жазгандай, ал кезде кырдаалды турукташтыруу үчүн аймакта ири сандагы советтик аскерлер жайгаштырылгандыгы болчу. Азыр болсо алсызыраак өкмөт олуттуу көйгөйлөргө туш келүүдө, бирок кырдаалды өзү жөндөй аларын билдирүү менен тышкы жардамдан баш тартты. Буга кошумча Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 52 адамдан турган полициялык кеңешчи тобун жайгаштыруу маселеси создугуп кетти. Бул топтун келишине каршы чыгып жаткандарды Эл аралык кризис тобу “борбордук бийликти алсыратууну” көздөгөн улутчулдар деп атаган.

Бишкекте да өз кеңсеси бар аталган уюм өлкөдө кырдаал татаал, ал эми түштүктө жарылып кетчидей экенин белгилөө менен өкмөт кырдаал нормалдашып жатат дегендей түр көрсөтүүдө де эсептейт. Эл аралык кризис тобунун баяндамасында айтылгандай, Оштун бийликтери өзбектерге каршы жазалоочу саясат жүргүзүп жатат жана көптөгөн байкоочулардын пикиринде,  бул жаңы кыянатчылыктардын чыгышын шартоосу мүмкүн. Ага катар эл аралык кризис тобу кыргыз өкмөтүнүн түштүктөгү кыянатчылыктардын себеби менен кесепеттерин жоюуда ыкшоолукту көргөзүп жатканын эске алганда, аймакта дагы бир жарылуунун чыгып кетүү тобокелчилиги жогору деп эсептейт.

Сунуштар

Баяндамасында мына ушундай тыянактарды келтирген Эл аралык кризис тобу Кыргызстандын өкмөтүнө үч , ал эми эл аралык коомчулукка алты сунушун жолдогон. Алардын эң башкысы эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндө. Уюмдун Брюсселдеги баш кеңсесинин өкүлү Эндрю Строехлейн мындай дейт:

-Бул окуялар боюнча Эл аралык иликтөө жүргүзүүнүн зарылдыгын талап кылган бир эмес, бир нече далилдер бар. Ал кайра кайталанбаш үчүн биз жана аймактын эли ошол окуялар эмне себептен болгонун, ага кимдер жоопкер экенин аңдап, билүүбүз керек.

Эл аралык иликтөө демекчи, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Борбор Азия боюнча чабарманы, Киммо Килюнендин өткөн аптада Кыргызстанда болгон учурунда айтканына караганда, ал жетектеген комиссияны иликтөөнү сентябрда айында баштайт. Эл аралык кризис тобу бул комиссияга БУУнун адам укуктары, ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча мекмелери да катышуусу керек деп эсептейт.

Кризис тобу эл аралык иликтөөдөн тышкары кыргыз өкмөтүн ашкере улутчулдукка каршы чечкиндүү турумун ачык көргөзүүгө, ЕККУнун полиция миссиясы Ошто тез жайгаштырылышына, жаңы кыянатчылыктардын болуп кетүү ыктымалдуулугун азайтыш үчүн аймакта эл аралык гуманитардык уюмдардын, дипломатиялык өкүлдөрдүн болушуна көмөктөшүүгө чакырган.

Ал эми эл аралык коомчулукка болсо түштүктүк кайра куруунун бирдиктүү старатегиясын иштеп чыгууну жана аймакта кеңири мониторинг жүргүзүлүп турушун камсыздоону, борбордук өкмөткө баш ийбөө жана улуттук негиздеги саясатынан баш тартмайынча Ош шаарынын бийлигине эл аралык жардам берилбесин кепилдөөнү, милицияны, сот-укутук системаны рефомалоо боюнча узак мөөнөттүү программага катышууну, Кыргызстандагы баардык этникалык топтордун тең укукта өмүр сүрүшү үчүн негизди издөө жараянын баштоону сунуш кылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кайрат каяктан: Озгон
26.08.2010 23:30
Туугандар.Биз учун Кыргызстанда эл аралык,жалпы адамзат укуктарынынын акыбалынан КЫРГЫЗ ЭЛинин акыбалы жогору туруш керек деп ойлойм.Декабристтерди окусан ыйлагын келет.ЛЮБИТЬ ОТЧИЗНУ БЕЗЗАВЕТНО-деп декабристтердей жашасак.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.08.2010 19:37
-"Өз элинин кызыкчылыгын коргосок улутчул дешсе, өз жерибизди коргосок провакатор дешсе не кылышыбыз керек"
Ушул созго кошулам. Чет элдик бир да уюмга ишенбейм. грант алып акча тапкан НПОлорго боорум ооруйт. Болгон кыргыз жаштарынын идеяларын чет элдиктерге алып берип жатат. Кыргызстандан буларды кууп чыксак кантет ыя?! Чын эле жиним келип жатат. Бирок, кыргыздын келечеги кен экендигине ишенем. Азыр Манас атанын руху ойгонгонуна да ишенем. Себеби, эл манас тууралуу коп суйлошо баштады. Эми ушундан баштап Манасты туу тутуп олкодо нукура МАМЛЕКЕТТУУЛУГУБУЗДУ курсак болот. Ит уро берсин. Кербен журо берсин. А биз болсо Манасты жакшылап дагы бир жолу окуп чыгалы. Ал бизге келечектин шам чырагын жандырып берет.

кимден: Kemel каяктан: Osh
26.08.2010 00:05
"борбордук өкмөткө баш ийбөө жана улуттук негиздеги саясатынан баш тартмайынча Ош шаарынын бийлигине эл аралык жардам берилбесин кепилдөөнү"-деген создун тупку тамыры озу туура эмес. Себеп, учурдагы борбордук бийлик Оштогу абалды толук тушунбой туруп, озунун сокур чечимдери менен эл арасында ишенбоочулукту кучотуп жатат. Ош шаарынын мерин аймактагы эл 100 пайыз колдооруна ишенем. Бул жерде кыргыз улутунун келечеги, осуп-онуусун камсыз кылуу боюнча абдан чечкиндуу аракеттер шаар мери тарабынан корулуп атат. Ал эми борбордук бийлик эл менен эсептешпей, убактылуу гана кызыкчылыгын коздоп жатат. Биз кыргыз элин колдогон, коргоого алган аракеттердин борбордук бийлик тарабынан жургузулуусун абдан каалайт элек. Кыргыз элин Кыргызстанда коргой албасак, оз жергебизде качкын болсок, оз жерибизде туткун болуп абдан эле мыкаачылык, зоокурлук менен олтурулуп олтурсак анда келечек жонундо соз кылуунун зарылдыгы барбы. Биздин укугубузду Озбекстан коргоп береби, Россия коргоп береби же болбосо эл аралык уюмдар коргойбу. Канткен менен алар оз кызыкчылыктарын гана коздошот. Озубузду озубуз коргоого албасак эмне кылышыбыз керек? Андан коро ит уро берет, кербен журо берет. Мелис Мырзакматов алга!!! Биз сени менен!!! Артында колдой турган элин бар!

кимден: Aibek
25.08.2010 18:59
Azamatsin Melis,


кимден: Бекжан каяктан: Бишкек
25.08.2010 16:54

Абал оор экени жашыруун эмес, шаар мери критикалуу абалда оңду-солду саясый нерселерди сүйлөп керексиз жерге өзүнө негативный вниманиени топтоп атат. Шаар мери өтө саясатташып кетти. Мен ойлойм кыргыз элинин кызыкчылыгын грамотный колдоп, шаардын жашоо нугун алдыга улантып, экономикалык жактан бутуна тургузуп кетишке мердин билими жана практикасы же балким дүйнө көз карашы жетпей атат.

кимден: Жармагул каяктан: Жалалабад
25.08.2010 16:23
Туштуктогу окуялардын болушуна томонкулордун да тиешеси бар: 1. окмоттун алсыздыгы, 2. тартип коргоо органдарынын алсыздыгы, 3. жаны окмоттун мучолорунун бир орго тартса, бири чолго тарткан ынтымаксыздыгы, 4. эски бийликтин кайышчылдыгы, 5. диний саясаттын оорчуп кеткендиги, 6. криминалдык саясаттын оорчуп кеткендиги. Бир ай бою Кадыржан Батыровдун куралчан адамдары менен оз билгенин жасоого жол койгондугу мына ушул кейиштуу абалга алып келди, саясатка аралашпаган биздей жарандардын да кыжырын келтирди. Мындан кийин тынч жашоо камсыз болушуна эч кимдин козу жетпей жатат.

кимден: Кыргызбек каяктан: Уйдон
25.08.2010 15:41
Мындай чечимдердин чыгышын тушунуш учун теренирек тамырына караш керек! Биринчиден эл аралык уйумдардын максаты бул адам укуктарынын сакталышы жана башка аз улут этникалык адамдардын укугун коргоо ж.б толгон токой максатары.Алибете иштеген ишине карап оз максатарын коздойт,оздоруно ылайык чечимдерди чыгарат.Биздин максат аларга карама каршы.1) Биз улутук максатыбыз оз элибиздин кызыкчылыгын коргош керек. 2) Биз улутарга болбой кыргыз жарандары деп элди бириктиришибиз керек.3) Кыргызстандын биримдулугун кучтонтуш керек. 4) Кыргыз бийлигин кучтуу кылыш керек! Мен атап кеткен максатарды ишке ашырыш учун 1) патриот болуш керек 2 ) Кыргыз тилин жалгыз мамлекетик тил кылыш керек, бала бакчалардан баштап мектеп университеттерге чейин кыргыз тилинде болуш керек, СМИ ТВ Радио кыргызча болуш керек, кызматтагылар башка тилди билсе да башка тилде суйлобой котормочуларды менен иштеш керек .3) Жарандык коом кучтуу болуш керек (Биз озубуздун турмушубуз озубуздун колубузда ошону учун жарандык коом активдуу болсо ким гана кыйын болбосун копчулуктон айыбыгып баш ийет, ошондуктан митинг же протест аксияларга коп катышып Улуттук мамлекетибиздин максаттарын алдырбаш керек. Ошондо калын элди сыйлап урматайт.4) Сепаратистерге катуу чара колдонуш керек (Автономия-Ислам халифатын курам дегендерди Хизбут тахрир,Талибан, ИДУ-исламское движения Узбекистана, аларга аябагандай катуу чара коруш керек.Кыргызстандагы болгон окуяларга ушу аталган уйумдардын тиешеси бар, ощондуктан этника аралык дебей. Ош окуясында Сепаратистер менен Террористтер деп так аташ керек! 4) Кыргызстандын биримдиги! (Сепаратист-террористерге каршы курош! Башка майда жана оз кызматын кызыкчылыгын ойлогондорго алданбоо, кыргызстандын биримдигин сактоо,улутук кызыкчылыгын максатын элин жерин коргоо!)

кимден: Акылбек каяктан: Кол
25.08.2010 11:22
Кыргызстанды болуп жаруу башталды окшойт. Ушуга окшогон чет жерден келден адамдар азыр барып ар кайсыны айтат ана даан абашталат. Негизи туп туура айтылып ата эл аралык уюмдар болот-жарат экен. ушулардан Куйдай сактасын

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: London
25.08.2010 05:03


Bir gana cyranuch kurguz elinen jana bijlikte otyrgan chinovnikterden, el araluk yjymdardun aitkanun ygyp koigyla birok anu taldap ybaktunardu otkorboi andan koro osybysdyn chartka,mentalitke tyyra kelgen ichterdi ylantup patriot bolyyga gana chakuram. El araluk yjymdar osynyn makcatuna jana ichine tyyralap gana dokumenterdi jasa berichet. Raxmat.

кимден: Папани каяктан: Бору
24.08.2010 20:57
Биз кыргыздар таң калыштуу эл экенбиз эй. Өз элинин кызыкчылыгын коргосок улутчул дешсе, өз жерибизди коргосок провакатор дешсе не кылышыбыз керек. Элде жакшы сөз бар "Жаман кожойундун коногу бий" анда ошентип жүрө берелиби ыя?! Өзбекстандагы кыргыздар тең укуктуу жашайт бекен өзү. Качанга чейин өз көлөкөбүздөн коркуп жашайбыз. Ойгон элим келечек муундардын убалында калбайлы.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)