Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:49

Саясат

Р.Отунбаева: «Биз ушундай күчкө муктаж болуп калдык»

14-июнда Москвада ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Кыргызстандагы окуялар боюнча кеңеш жыйыны башталды. Анын алдында Убактылуу өкмөт башчысы Р.Отунбаева Орусия президентине Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды жөнгө салууга аскерий көмөк көрсөтүү өтүнүчүн жолдогонун кабарлаган.

Текст көлөмү - +
Жаңжалды сырт күчтүн жардамы менен басуу чакырыгын айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да билдиришүүдө.

Сырттан жардам керекпи?

Роза Отунбаева Орусия президентине аскерий көмөк көрсөтүү өтүнүчүн жолдогонго чейин эле Кыргызстандагы өзбек диаспорасынын жетекчиси Жалалиддин Салахутдинов кырдаал кыйынга кетип, аны сырттан келген көмөксүз жайгаруу мүмкүн эместигин билдирген.

- Азыр тезинен аскер алып кирип адамдарды жай-жайына койбосо болбойт. Орусия аскерин киргизбесе болбойт.

12-июнда Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева журналисттер алдында жагдайды жайына келтирүүгө буяма келбей калганын белгилеп, ошол эле Орусиядан атайын жарак-жабдык, аскерий жардам сурап кайрылганын ырастаган.

- Чечтик, Россияга кайрылдык президент Медведевдин атына. Бизге ушундай жардам берсеңиздер деп. Биз ушундай күчкө муктаж болуп калдык. Күч-аракеттерге.

Бирок да Орусия президенти жаңжалды жайгаруу Кыргызстандын өзүнүн ички ишине кирерин белгилеп, азырынча аскерий жардам көрсөтүү жөнүндө сөз кыла элек. Ал арада Орусиянын Канттагы аскер базасына аскер-десант куралдуу күчтөрүнүн 31-өзүнчө десанттык-камалоочу бригадасынын 300 жоокери орусиялык аскер кызматкерлеринин үй-бүлө, жакындарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн келишкени маалым болду.

Айрым маалымдоо каражаттарында орусиялык атайын аскер күчтөрүн тосуп алууга Ош абамайданында даярдык иштери жүрүп жатканы кабарланган. Бирок да андай маалымат чындыкка коошпостугун Убактылуу өкмөттүн түштүк аймактары боюнча атайын өкүлү И.Исаков ырастады. Ушундай эле пикирди Убактылуу өкмөт кызматкери Ниязбек Куланбаев да билдирди.

- Ошко телефон чалсак мындай маалыматты биз ырастай албайбыз, келишкен жок деп койду.

“Жарандар коррупцияга каршы”, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмдары Улуттар уюмунун тынчтык күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү сунушун алдыга жайышууда.

Кыйла түйшүк, кыйын жумуш

Жамааттык коопсуздук келишими уюму деле кайсы бир мүчө өлкөнүн аймагына ыкчам аракеттенчү күчтөрүн киргизүүнүн ошол эле Улуттар уюмунун макулдугу аркылуу жүргүзөт. Анткен менен сырттан аскер киргизүү Кыргызстандын өз алдынчалыгына доо кетирип, эларалык аброюн түшүргөндөн башкага жарабастыгын билдирген атуулдар деле биртоп. Маселен, ишкер Разак Сайдилканов ошондой пикирде.

-Бул биздин өзүбүздүн ички маселебиз. Бизди башка жактан душман каптап келген жок. Мына биздин ички чагымчылардын айынан башыбызга келип отурган чоң мүшкүл. Бирок бул мүшкүлдү сырттан жардам сурабастан, өзүбүздүн күчүбүз менен чечишибиз керек. Бул улуттук, мамлекеттик аброй, абийир деген кайда калат? Эгер биз ички маселебизди өз күчүбүз менен чече албасак, анда мамлекет болуп жашаш керекпи?

Орусиялык атайын аскерлердин Кыргызстанга келер-келбесин Канттагы аскер база, ошондой эле Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу тактоо аракетибизден натыйжа чыккан жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.06.2010 20:48
Аял киши мин жолу посол же министр болсо да Олко башчы боло албаганы корунду. Орусиядан аскер чакырабыз деген шашылыш болуп калды. Референдумду откоргон эртерээк. Ушунча чыдаган кыргыз дагы 2 ай чыдайт.Атамбаев,Текебаев деген бийликке шашкан жигиттерди чакырып дагы ойлонгула. Ошто абал андай болсо. Качкан элди чогулткула,тынччылык орносун. Жакшы кенеш берип гана чайдан ичип небере багын. Ушунча кызматка Рахмат..

кимден: orttolgon jan каяктан: tozok
17.06.2010 02:30
bir eki oblastta bolgon janjaldy basa albasa bijlikten ailangany olturaby asyrky okmot.ujat ujat.jyrdam kerek bolup kaldy dep 7aprelden beri ele orusia turzia dep ele atty chaap jurosunor.
el jogotuu boldu dep yilap atsa uo referendum dep yilap jurot.aman bolgula.kanga boelgon ordunar kut bolsun.naalat silerge

кимден: суйун каяктан: Сокулук
16.06.2010 13:39
Бизге абалды токтотуу боюнча башка тараптан жардам керектигине азыркы мезгилде эч кимдин куноосу жок. мурунку бийлик мам.армиянын милициянын аброюн ушуга чейин тушургон. айлыктары аз болуу менен патириот профессионалдарды оз кесибине тартпай калганбыз.

кимден: Суйун каяктан: Сокулук
16.06.2010 13:31
мен башка тараптан куч келуусуно арданбайм каршы эмесмин. бул мамлектеттин армиянын алсысдыгында эмес. коншу узбек мамлектетинин буга чейин камсыз кылып коюшунда болуп жатат окшойт.

кимден: Акбар каяктан: РФ
16.06.2010 13:05
Роза Исаковна туура иш алып барууда!!! Мен колдойм! Атамекенибиз коркунучта туугандар!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.06.2010 18:53
Роза эже жайындабы?Эл аза кутуп,тополон тынчыбай жатса,созсуз референдум откором дегени канды кайнатты го. Элдин азабы корунбой жатабы. Канга боелгон бийликти колдон чыгаргыныз келбей жатабы Роза эже.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.06.2010 17:56
Кыргыздар 3000 жылдык тарыхында эч кимден аскерий жардам сураган эмес. Тарыхта Аттилланын,Чынгызхандын,Темир Аксактын,Бабурдун алдынкы чабуулчу кучторун,ЭР ЖУРОК КЫРГЫЗ БАБАЛАРЫБЫЗ ТУЗГОН.Керек болсо башкаларга жардам берген.Роза эже ар кимден кайыр садага сурап, жалпы кыргызды шерменде кылбаныз.Коншуга кирип,эрим мас болуп келди,тополон кылып жатат, тынчтандырып койчу дегендей кылып,аялча ой жугуртуп башкарып жатасыз.КЫРГЫЗСТАН кучтуу мамлекет болушуна мен ишенем.Ар дайым бар бол кыргыздын ЭР ЖУРОК ЖООКЕРЛЕРИ !!!

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
15.06.2010 17:21
Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык!!!!!
Алтындай баштуу эжебиз, сиздин алган билиминиге таазим! Бирок мындай кырдаалда аялдык кылып койот экенсиз!! Роза эже, уйго барып эле казан - аяк кармап, бала-чака неберелерге аш демдеп эле отурунузчу! Ошентсениз деле болочок кыргыз патриотторунан тарбияласаныз салым кошкон болосуз! Коогаланга сизди жана команданызды куноолойм!!! Кыргызым кыргыздыгынды сакта, озбегим тууган , сыйлуу бойдон кал!!!

кимден: Бадагул каяктан: Жалал-Абад
15.06.2010 17:13
Азаттык, Розага айткылачы сураныч, референдуму башында калсын Ала-Букада кайра тополон башталыптыр, ушунча адамдын олуму козуно корунбой жатат. День траур болуп атса, референдум созсуз откоруш керек, адамдар олсо оло берсин деп отурат, сении эл шайлайбы же озун озубу. Роза оозунду тый

кимден: Тынчтык учун олумго даяр каяктан: Ош центр
15.06.2010 15:44
Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков, Феликс Куловдор сырттан аскер керек деп оздорунун эл арасындагы кадырына доо кетирип алышты.Жакында боло турган шайлоодо буларга кыйын болот.Айылга келишет, ошондо буларга айтар созум коп.
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)