Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:06

Эркиндик

Петровка сотунда соңку сөз

Петровкадагы жаңжалдуу окуяны териштирген 26-марттагы сот процессинде тараптар соңку сөздөрүн сүйлөштү. Былтыр апрелде болгон тополоң окуяда жабыр тарткандар камактагы укук коргоочуларга эч кандай доосу жок экенин билдирип, аларды актоону өтүнүштү.

Камакта отурган укук коргоочу Сапар Аргынбаев жана Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев менен оппозиция лидерлери учурашып жатышат. 26-март 2010-жыл
Текст көлөмү - +
Коомдук жактоочулар дагы укук коргоочулардын күнөөсүн мойнуна койгон бир дагы далил табылбаганын баса белгилешип, сотту айыпкерлерди актоо чечимин чыгарууга чакырышты.

Бүгүн мамлекеттик айыптоочулар Петровкадагы күрт, кыргыз, орус улутундагылар ортосунда улуттук жаңжалды жараткан жана күрт улутундагыларга материалдык, моралдык чыгым алып келген деген негизде Сапар Аргынбаевди, Уран Рыскуловду жана Эркин Бөлөкбаевди сегиз жылга, Петровка окуясында курал колдонду деген негизде күрт улутундагы Князь Кальяшов менен Сулейман Хасановду 10 жылга жана башаламандыктын баштоочусу катары Элмира Маматканованы 6 жылга эркинен ажыратууну сурашты.

Петровка окуясында жабыр тарткан күрт улутундагы адамдар сот жыйынында
Ошондой эле тополоң учурунда күрт улутундагы 20 үй-бүлө 2 млн. 800 миң сомдон ашык чыгымга дуушар болгону белгиленди. Бирок жабырлануучу катары катышып жаткандардын баары материалдык жана моралдык чыгымды өндүрүү ниетинен толугу менен баш тартышып, камактагыларды дагы бир жолу күнөөсүз деп аташты.

- Мен түшүнбөйм, айыпталып жаткандар эмне себептен бир жылдан бери камакта олтурушат. Кайсыл күнөөсү үчүн? Мен буларга эч кандай дооматым жок деп айткам. Азыр да айтам,- деди жабырлануучулардын бири Ибрагим Алиев.

Бүгүн сот өтүп жаткан Петровка айылдык маданият үйүн тартип коргоочулар тыгыз курчап турушту. Сотко эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, саясатчылар, укук коргоочулар, журналистер жана камактагылардын жакындары арбын келишти. Сөз алып сүйлөгөн коомдук жактоочулар мамлекеттик айыптоочуларды ачык эле сынга алышып, төрагадан айыпкерлерди актоо жөнүндө өтүнүч кылып жатышты.

- Биринчиден, мен баарын толук актоону өтүнөм. Экинчиден, кандайдыр бир кызматтык жогорулоону көздөп, жогорку бийликтин көрсөтмөсүнөн чыга албаган, саясий буйрук аткарган мамлекеттик айыптоочулардын сураганын аткарсаңыз бул сиздин шылдың болгонуңуз. Бир гана сиз эмес, кыргыз элинин шылдың болгону,- деп сүйлөдү коомдук жактоочу Топчубек Тургуналиев:

"Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова укук коргоочулардын изилдөөсүнө таянып, Петровка окуясынын чыгышында ошол кездеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күнөлүү деп айтты. Адвокат Нина Зотова жети айдан берки соттук териштирүүдө камактагылардын күнөөсүн мойнуна койгон бир дагы далил табылбаганын баса белгилеп, аларды толук актоого негиз бар экенин билдирди.

Соттук териштирүү 30- мартта уланат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nurlan каяктан: Naryn
27.03.2010 09:18
Salamatsinarbi, kyrgyz elim! Ar daim tan kalabiz nege biz kyrgyz eli onukpoibuz, jakwi turmuwka jetiwbeibiz dep. sebebi bizdin kyrgyz biilik jana chochun uluttar bizge azattyk korgozboit, bizdi suilotpoit, teren kritikalyk oilonpoit. biz kyrgyzdar namizibizdi saktawibiz zaril, ubakit kelip jetti. amerika, evrosouz, rossia jok kezde bizdin mamleketibiz bar bolchu, madaniatibiz kuchutuu, anan nege ele biz turmuwubuzdu ondop, kyrgyz koomun iretine keltire albaibiz? sayasatchilar sizder akil-esti jiip uwul alakandai KYRGYZ eline bew jil biilikte turganda jakwi iwtep berip koigulachi. adam bir ele jawait eken, owol bew jil biilikte turganda KYRGYZ ELIM KYRGYZ JERIM dep iwtep berip ketkilechi. KYRGYZ jerin suigulo! Jaratkan siledi tak uwul kyrgyz jerinde beker kyrgyz kilip jaratkan jok, anin teren maanisi bar. silerdi chukcha je nemis je afrikanin ugandasinda jaratkan jok, tak uwul jerde jaratkan. owonu uchun sizderden otunuch, eldin turmuwun ondop koigulachi. Bir chon otunuch. raxmat

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)