Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

К. Бакиев президенттик антын берди

02.08.2009

2-августта Бишкекте Өкмөт үйүндө экинчи президенттик мөөнөткө шайланган К. Бакиевдин расмий түрдө кызматына киришүү салтанаты болуп өттү.

Аземге ардактуу конок катары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев катышты.

Азем учурунда Президент Курманбек Бакиев оң колун Конституцияга коюп, кыргыз элинин алдында Ант берди. Андан соң мамлекет башчысына КР Президентинин күбөлүгү жана КР Президентинин Төш белгиси тапшырылды.

КР Конституциялык сотунун төрайымы Светлана Сыдыкова ушул мүнөттөн тартып КР Президенти Курманбек Бакиев КР Президентинин кызматына расмий түрдө киришкендигин жарыялаган соң, баш калаанын “Ала-Тоо” борбордук аянтында жайгашкан 9 артиллериялык куралдан залп атылды.

"Президенттик кызматтын алгачкы жылдары мен көп жолу татаал маселелерге туш келдим. Өлкөдөгү терс көрүнүштөрдү тез, чечкиндүүлүк менен токтотуш керекпи? Же компромисске баруу туурабы? Мурдагы шакирттеримдин кеңештерин иш-жүзүнө толук бойдон ашыруу керекпи, же коомдук жана мамлекеттик таламдарга жараша аракет кылуу зарылбы? Ошол мезгилде дал ушундай суроолор турган. Ачык айтайын: кырдаал ушунчалык оор болгондуктан, кээде жан кейиткен чечимдерди кабыл алууга туура келген. Бирок, ошол кыйынчылыктарга карабастан, мен өлкөбүздө туруктуулукту жана жарандык тынчтыкты камсыз кыла алдым. Менин көз карашымда, дал ушунун өзү - өткөн жылдардын негизги жыйынтыгы",- деп айтты инаугурация учурунда сүйлөгөн сөзүндө К. Бакиев.

Мамлекет башчы Кыргызстандын алдында туруктуу өнүгүү, улуттук коопсуздукту чыңдоо жана жарандардын жашоо деңгээлин түп-тамырынан көтөрүү милдеттери турганын баса белгилеп, бул максаттарга жетүүгө эң оболу коррупция, ошондой эле кедейчилик, бекерге тап коюу өнөкөтү тоскоол болуп жатканын, аларды жоюу, чететтүү боюнча кандай чараларды көрүү керектигин айтып өттү.

Президент Курманбек Бакиевдин инаугурациялык сөзүнөн кийин Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев куттуктоо сөз сүйлөдү.

“Чолпон-Атада өткөн ЖККУ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышкан президенттердин атынан, ошондой эле өзүмдүн, казак элинин атынан Сизди бир тууган кыргыз элинин Президентинин кызматына расмий түрдө киришкендигиңиз менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Бул – чоң ишеним жана чоң жоопкерчилик. Сиздин ишиңизге албан ийгиликтерди каалаймын. Сиз мындан ары да өлкөдөгү стабилдүүлүктү бекемдөөгө жана элдин бакубаттуулугун арттырууга болгон мүмкүнчүлүгүңүздү жумшай бере тургандыгыңызга ишенем”, - деди Н.Назарбаев.

Казакстандын Президенти 2005-жылы да Президент Курманбек Бакиевдин расмий кызматка киришүү аземине катышкандыгын эске салып, бүгүн мындай маанилүү иш чарага катышып жаткандыгына кубанычта экендигин билдирди:
 
“Карама-каршылыктар күчөп турган, дүйнөлүк экономикада кескин өзгөрүүлөр болуп жаткан азыркы тапта элдин ынтымагы, биримдиги эн башкы баалуулук болуп саналат. Ынтымак, биримдик – ийгиликтүү өнүгүүнүн негизи. Мен дагы бир ирет Сизге чың денсоолук, ийгиликтерди, ал эми бир тууган кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалаймын. Биз мындан ары да ортодогу кызматташтыгыбыз кеңейе бере тургандыгына үмүт артабыз”, - деди Н.Назарбаев.

Аземге КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Конституциялык сотунун судьялары, КР Жогорку сотунун судьялары, КР Президентинин Администрациясынын кызматкерлери, КР Өкмөт мүчөлөрү, КР Өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери, областтык жана арйондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, борбордук мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын жана коомдук уюмдардын, Коомдук палатанын жана КР Калкынын ассамблеясынын жетекчилери, дипломатиялык корпустун жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү, КР Президентине талапкердин ишенимдүү жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, “Ак Жол” Элдик партиясынын өкүлдөрү – бардыгы болуп 650дөн ашык адам чакырылган.

Азем Улуттук биринчи канал, 5-канал жана ЭлТР телеканалдары аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.
Салтанатты чагылдырууга 80ден ашык кыргызстандык жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Сапи каяктан: Жалалабат
06.08.2009 22:11
Эмне эле чычалайсыңар туугандар. Шайлоо мыйзам жолунда эле өттү. Атамбаев кыйын болсо кечке шайлоону байкап турбайбы, эгер мыйзам бузулса шайлоонун соңунда факт менен камера менен тартып жогорку сотко бербейби? факты жок эле уурдалды деп эле кыйкыра бербей. Атамбаев өзүнүн шайлоочуларын да уят кылды, таарынган кыздарга окшоп чычаңдап качып кетип. Менимче бул деле Бакиевдин адамы деми өчүп эле жымжырт болуп кетти го. Бакиевден өттөрү жок кыргыз элим, Кудай буйруса өнүгөбүз. Оппозицияда президенттикке татыктуу киши жок!

кимден: Ширин каяктан: Бишкек
04.08.2009 15:33
Өзүн-өзү шайлап алып эле жыргап атат. Ант берип. Кудайдан корксоң боло.

кимден: Азат каяктан: Бишкек
03.08.2009 20:25
Учуру келгенде Нураке да,и Исломжан ака да,Курманбек ака да жудаа жооп берет.Ага чейин аларды суракка алып Алланын алдында жазалай турган азаматтарыбызды алдейлей туралы. Уурулрдын доору отуп улуту учун куйуп жанган азаматтарыбыздын келигиси бардыр туугандар...

кимден: Азат каяктан: Бишкек
03.08.2009 20:16
Бу ажобузда уят деле бет деле калбады го.Менимче бары мурда пландашкан.Кошоматка кой сойгондор бут эсептеп чыгып туулган кунузу 1августта болсо,шайлоону бир жума эрте коёлу.Тортунчу куну койсок жума куну пресса маалымдайт дагы дем алыш кундору оппозиция эмне кылып жатканы коп элге корсотулбойт.2-3 кун убакыттан утабыз.Анан антип минтип козду ачып жумганча туулган кунунуз келет.60 жашты шылтоолоп башка ажолорду сый тамакка чакырып чапан жапсаныз,эл журт Бакиевге ишеним артып аябай келишти деп айтат.Андан кийин ар жак бер жагын караганча инагурация откоруп жибермей ал жокпу дешти да.Импичмент боюнча албетте айткысы келишкен жок.Бирок президенттин ушундай калпычылыгы,элден корунуп ак уйго бекинип оз бийлигин чындап алганы жакшылыкка алпарбайт.Бкиевдин бийлиги акаептикине караганда кыска жана андан да ууру,алдым жуттумдуу жана эки жуздуу болооруна кепилдик берем.Кудай озу мени кечире гор бул создорум учун.Бирок азыркы урой андан башканы корсотпой турат.Кан тогулуп кеткенди да кыламык кар жаагандай корбой турушат бул бийлик.Бирок чындай келгенде калдайган менен Акаептей берилген кишилери жок,кошомат кылса да алардын кобу абийирлерин сакап чыныгы солдат экенин корсотушту.Бакиевдикилер бир нерсе болсо четинен сайрап бергенге даяр турат...алда кыргызым ай качан осуп онугуп,бактын жанган эл болоор экенсин.
Кудай гана бардыр.....

кимден: Арген каяктан: Ош
03.08.2009 19:08
Акжол дагы беш жыл уйбулобуз менен аман эсен жашайбыз деп ыйладыда,эгер беш жыл турса

кимден: Renat каяктан: Россия
03.08.2009 18:35
Урматту жердештер. Баке баатыр жон кана ажо болбостон туулган кунун бакыйган ажолор менен тосту. Мен бул кишини жаман кором бирок жасаган ишине баа бериш керек. Кана оппозиция лидерлери? Кордук ошолорду, тойдук ошолордун созуно,айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат экен го алардын. Кыргызым, сен кылым карыткан эл элен, ушул кишилерге кор болуп калабызбы? Бийлиги да оппозициязы дагы кереги жок эми. кааласанар дагы 20 жылга президент болгула. бутту баары, жок болду.

кимден: Саян каяктан: Кыргызстан
03.08.2009 17:18
Нуракенин бизге акыл үйрөткөнгө кандай акысы бар, легитимсиз президент Бакиев, Нураке өзүнүн баурларына акыл үйрөтө берсин

кимден: Omur каяктан: NY
03.08.2009 17:14
Бул жолу эмне бийлеген жокпу???

кимден: Нурзада каяктан: Бишкек
03.08.2009 16:25
Улуу урматтуу Ажобуз "Ак жол" партиясынын 75 депутатына, анан ак үйдөгү кызматкерлерге антын берди. А бизге т.е. элге качан берет болду экен.

кимден: Акжол каяктан: Арча-Бешик
03.08.2009 15:58
Бакиев инаугураццияда эмнеге ыйлаганына түшүнгөн жокмун. Сүйүнгөнгөбү же күйүнгөнгөбү? Наверное совесть заиграла.
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)