Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:47

Эркиндик

И. Карыпбеков: "Сабырдуу болууга чакырам"

Президенттин Катчылыгы “Азаттык” үналгысынын ободон чыгарылбай жаткан себептерин тыкат иликтеп чыга турганын Катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков "Азаттыкка" жооп кылды.

x
Текст көлөмү - +
Илим мырза, «Азаттык» үналгысынын берүүлөрү Бишкекте жана облустардагы башка радиолорго болуп жаткан кысымдан улам уктурулбай атканына нааразы болушкан "Азаттыкты" коргоо кыймылынын мүчөлөрү ЕККУнун Бишкектеги борборунун жанында акция өткөрүштү. Ушул окуяга бийлик тарабынан кандай пикир болуп атат?

- Азыр эле «Азаттыктын» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кубат Оторбаев менен жолугуштук. Ал киши «Азаттык» үналгысынын обого чыгышы жана интернет сайт дагы кандайдыр бир тоскоолдукка учурап жаткан учурлары жөнүндө айтып берди. Ал жерде тигил же бул радио аркылуу чыгып жаттык эле, аларда бийлик тараптан ар кандай кысым болгондуктан келишимди тилекке каршы токтотууга мажбур болуп атабыз деген сөздөр болуп атат деп айтты.

Бирок так, конкреттүү түрдө, бийлик тараптан ким айтып атат, кандайча таасир болуп атканы айтылган жок. Ал боюнча толуктап дагы маалымат беребиз деди.

Жалпысынан айтып кете турган болсок, азыр «Азаттык» үналгысы чыгып аткан радиолордун баары бул жеке менчик радиолор болуп эсептелинет. Эгерде мамлекет тараптан кандайдыр бир таасир болуп, чын эле телефон чалуулар болгон болсо, муну биз карап чыгып, текшеребиз деген жыйынтыкка келдик.

Муну сөзсүз түрдө текшермекчибиз, чын эле чыкканбы, чыкса эмне себептен андай болгон, ушунун баарын текшерип сөзсүз түрдө «Азаттыкка» ал жөнүндө билдирмекчибиз.

Экинчиден, Интернет боюнча. Кээде жакшы болуп калат, кээде жаман болуп калат деп айтты, балким техникалык себептерден деп. Көз карандысыз эксперттерге дагы заказ берип, чынында эле тоскоолдук болуп атабы, же болгон жокпу, техникалык текшерүү кылабыз деген маалымат берилди бизге.

Биз ал маалымат менен макул болдук, текшерүүнүн жыйынтыгын да карап көрөлү. Анан өзүбүз дагы ыйгарым укугубуздун жетишинче себептерин билгенге аракет кылмакчыбыз.

Андан тышкары Кубат Оторбаев УТРКдан кайра чыга баштаганга көмөк көрсөтүү жөнүндө да өтүнүчүн берди. Ал өтүнүчүн да карап чыкмакчыбыз. УТРКнын дагы позициясын карап, анан сунуштарыбызды беребиз деген ой-пикирде калдык.

- «Азаттыкты" коргоо кыймылынын мүчөлөрү сөз эркиндигине кысым болуп атат дегендерине кандай карайсыз?

- Нарында «Алмаз» радиосунун кабелин кесип кеткенде сөз эркиндигине кысым болуп атат, муну бийлик кылып атат деп айтышкан болчу.

Мисалы азыр Кубат Оторбаев менен дагы жолугуп сүйлөштүк, кээде жакшы болуп калат, кээде жакшы болбой жатат, балким тоскоолдуктар болуп жаткан чыгаар деп болжоп айтып атат.

Кысым болуп атат деген сөздөрдү далили жана негизи жок айтыштан мурун карманып туруу өтүнүчүн айтат элем. Себеби чынында эле бийликтин өкүлдөрүнүн таасири болуп атабы же жокпу, белгилүү эмес. Ошондуктан муну текшерип карап чыгышыбыз керек.

Мен сабырдуулукка чакырып кетмекчимин. Биз сөзсүз түрдө изилдеп чыгып, анан кайсы бир деңгээлде жол таап чыгабыз деген ишеничтемин.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Белек каяктан: Кыргыз
18.03.2010 11:28
Ну ты Илим, кандай эле эч нерсе уккан жоксуң? Баардык эл угуп, билип жатса Данияр баш болуп силер кабинетиңерде уктап жатат окшойсуңар. Курган кыргыздар Росиия менен Казакстанга качып жатышат. Түшүнбөдүм, эч нерсе укпай, катчылыкта эмне кылып жүрөсүң.

кимден: Света каяктан: Кыргызстан
16.03.2010 12:26
Еслиб Илим Карыпбеков сейчас работал Медиа представительстве не был бы столь циничным. Дааа... быстро же люди меняют маски. А Данияр Усенов вчера сказал, что разберется, если сотрудники "Азаттык" обратятся письменно. Сомневаюсь я, что Данчик будет читать это письмо и что-то предпримет. Вы помните , чтобы ДУ выполнял свои обещания? Я нет. Просто нет солидарности. Журналисты не могут друг-дурга поддержать. У всех "хата с краю". Почему ни один сайт, кроме "Азаттык" не пишут о ситуации в Нарыне и Алае? Поддержалибы Азаттык и написали бы все сайты, показали бы всеТВ каналы что делает власть с Азаттык. Телеканалы вообще говорят, что все прекрасно. А на самом то деле ситуация накаляется.

кимден: Бишкектен каяктан: Бишкек
16.03.2010 12:19
Кыргызтан бойунча ТВ же радио ачыш учун бийликтен уруксаат алыш керек аны да бийлик Азаттыка бериши кыйын менче

кимден: synchy omar
16.03.2010 11:22
azattyka bir suroo. azattyk bul koigoidu koptogon jyldardan bery tartyp kele jatat. azattykta akcha bar da azattyk emne uchun olko aimagyna teren tarkai turgan radio tolkundaryn ala albait. misaly kirgiz radiosu siaktuu. tv jagynan da aita ketchu nerse baaryn akcha chechet da azattyk jok degende ozuno karashtuu bishkek chui aimagyna tarta turhan tv achsyn. oshondo tigi eshikti bir kagyp bul eshiktu bir kakpai ordunan ele erkin turdo maalymat tarkata beret da...
urmattu teksheruchu ushu jorumdu chygaryp koichu :(

кимден: Данакер
16.03.2010 11:16
Илим:-Сабырдуу болууга чакырам! Кандай гана цинизм!

кимден: Maksat каяктан: Naryn
16.03.2010 07:04
Кайран, Илим! Сен дагы чиновник болуп бышып бүтүпсүн!

кимден: Жолборс каяктан: Бишкектен
15.03.2010 22:44
Кечээ Секретариатта жыйын болуп, өлкөдөгү окуяларды ММК,Теледе көрсөтпөө жөнүндөгү сөздөрдү эмнеге айтпадын Илим?...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)