Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:47

Илим, билим берүү, IT

Э.Иманкожоева: Идеологиянын 5 багыты болуш керек

Мамлекеттин идеологиялык багытына байланышкан маселелер тууралуу президенттин администрациясынын идеология жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Эркингүл Иманкожоева “Азаттыкка” маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Эгемендик алгандан бери, 20 жылдай убакыттан бери Кыргызстандын идеологиялык багыты боюнча бир катар иштер жасалып келди эле. Өлкөнүн идеологиялык багыттагы иштери буга чейин кандай болуп келди эле, азыр кандай?

Эркингүл Иманкожоева: 20 жылдан бери мамлекеттик идеология жакшы иштебей келатат. Биз аны жакшы билебиз, Акаевдин учурунда да, Бакиевдин убагында да иштер кагаз түрүндө калып калган.

Азыр идеологияны биз алдыга жылдырып кетебиз дебейбиз. Бирок ошого аракет жасап атабыз. Мисалы, бизде кандай идеология болуш керек? Мамлекеттик идеология 5 багыттан туруш керек. Биринчиден, Кыргызстан - менин мекеним деп билиш керек. Биздин өлкөдө 80ден ашык улут жашаса да, ошонун ар бири “менин өлкөм Кыргызстан” деп Кыргызстан үчүн иштеш керек.

Экинчиден, адам укугу болуш керек. Сен президент болосуңбу, же мамлекеттик чиновниксиңби, же дыйкан болосуңбу баарына бирдей адам укугу болуш керек. Үчүнчүдөн, кыргызстандыктар достукта жана ынтымакта жашаш керек. Төртүнчү багыт, бул табият менен мамиле, табиятты сактайлы деген. Ар бир адам ойлош керек кийинки муундарыбызга да табиятты ушундай абалда таштап кетели деп, талап-тоноону токтотуш керек. Бешинчиден, башка мамлекетке кол салбоо. Мына ушул беш багытта мамлекет өнүгүш керек, ошол идеологияны кабыл алыш керек.

Ошондой эле биз азыр улуттук идеологияны да карашыбыз керек. Биздин жаштарды улуттук багыттарга, өз тилин бийик койгон, адептүү, намыскөй, кыргыз элине кызмат кылган, маданияттуу кыргыз элинин тарыхын билген жаш муундарды тарбиялашыбыз керек. Ал үчүн биз азыр Советбек Байназаров менен Бабырбек Жээнбековдун иштеп чыккан «Таалим тарбия» концепциясын киргизип жатабыз. Азыр элдик талкууга кетти, гезиттерге берилип жатат. Элден сунуштарын алып атабыз. Ошол багытта биз киргизебиз деген ойдобуз.

Ошондой эле Кыргызстанда ыйык дөөлөттөрдүн бири Ата мекен, Ала-Тоо болуш керек. Экинчиден, дөөлөттөрдүн да бири биримдик, ынтымак Кыргызстанда өкүм сүрүш керек. Мисалы, бизде орус, өзбек мектептери бар. Орус мектептеринде “биздин президент Путин” деп окутушат экен. Өзбек мектептериндеги китеп куралдарынын бардыгы Өзбекстандан алынып келинет экен. “Менин президентим Каримов” деп, өзбектердин тарыхын, алардын окумуштууларын, бүт баарын өзбектердикин окушат экен. Мына ошол бала 20 жашка чыкты. Бул өзбек менен кыргыздардын ортосундагы коогалаң эмнеден болду? Мына ошолордун бири да “Отунбаева менин президентим” деп айтпайт, ал Каримов деп атат. Мына ушул багыттарда Билим берүү жана илим министри менен бүгүн жолугушуу болот. Ошолордун баарын орду ордуна коюшубуз керек.

- Бала бакчадан болобу, мектептен болобу ошол балдар менен кандай иштөө боюнча азыр сиздерде программа, пландарыңыздар барбы? Сунуштарыңыздар кандай болуп атат?

Эркингүл Иманкожоева: Ооба, сунуштар бар. Азыр карап көрсөк бул багыттар абдан оор абалда экен. Мектептердеги китептер боюнча бүгүн жолугушууда көп ишмерлер, окумуштуулар келип катышат. Ошондо айтып атат мектептин, бала бакчадагы китептердин сүрөттөрү биздин маданиятка чак келбейт. Манасты жөн эле чапан кийгизип койгон, түрүн монгол кылып койгон. Ошондуктан мектептеги окуу куралдарын да кайра карап чыгыш керек.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Окумуштуу
09.08.2010 22:52
Жетинчи ата-бабабыздын дини - Теңирге кайтышыбыз керек. Сарыгулов ал динди бурмалап, шаман кылып, тоо ташка сыйынган кылып жиберди. Теңир тоо таш эмес! Теңир көктөгү жалгыз Кудай. Ошол Теңир кыргызча сүйлөгөнгө үндөйт. Ошол Теңирдин убагында кыргыз кылкылдап, кыйын болгон. Азыр Ислам дини арабча салт менен тилди киргизип атат. Анткени бул кыргыздын дини эмес. Биздин үч муун аталарыбыз жолдон адашып кетишкен. Азыркы муун таптакыр келесоо болуп калды өз дини - Теңирди таштап.

кимден: Таха каяктан: Алматы
09.08.2010 18:18
Биз казактанда жашайбыз балдарыбыз орус мектепте окуйт,бир жолу уканым жок Медведев биздин президент деп.Бул проблеманы чечиш учун 1)Башка тилдеги теле каналдарды чектоо киргизиш керек,айрыкча туштуктогу каналдарды.2) Биздин идеологияны тынымзыз баардык теле каналдар,гезит журналдарга чыгарыш керек.3)Чек арага жакын жерлерде озбек теле -радиолорун блокировка жасаш керек.4)Мамлекетик иш кагаздарды бардыгын кыргыз тилине которуш керек. Ошондо мажбур кыргыз тилин уйронууго туура келет.5)Маршуткада, магазиндерде.,озубуздун кыргыздар орусча суйлоп жанынды кашайтат.БИЗ Коомдук жайларда кыргыз тилинде гана суйлошубуз керек._ Бул аракетибиз 5-10жылда тынымсыз аракетте гана ишке ашат.кагаз жузундо 100жылда да озубуздун идеологияны буларга уйрото албайбыз.

кимден: Артек каяктан: Бишкек
09.08.2010 17:26
Манас атанын жети осуятын эле жакшы таржымалдоо, заманбап жазуу жетиштүү болот го?
Айкөл Манас атаны, китептерди иллюстрациялоодо өтө эле согушчул, каардуу кылып сүрөттөп, жаш психикага терс таасир бергенсийт. Өзгөчө аралаш улуттуу аймакта. Ошондуктан жаш муундарга сиңүүсү татаал болууда.
Менин жеке оюмча; Манас атанын осуяттарын көп кырдуу, кабыл алууга женил жана кызыктуу кылып сунушташ керек.
1. Эл журттун бүтүндүгү
2. Улуттар аралык ынтымак
3. Улуттук ар-намыс
4. Алдынкы өнөр-билим
5. Адамды, ата-бабаны урматтоо
6. Табият менен таттуу мамиледе болуу
7. Мамлекетти чындоо жана аны көздун карегиндей сактоо
мындан башка эмне деген идеологияны кошуп, кемитсек болот?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)