Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

“Азаттык” - сыналгыда (TV) / “Ыңгайсыз суроолор”

Кыргыз тарыхы: кечээ жана бүгүн

03.03.2010
Кубат Оторбаев

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз тарыхына арналып, ага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, тарых илимдеринин кандидаты Анвар Мокеев менен тарых илимдеринин доктору, Кыргыз илимдер академиясынын мүчө корреспонденти, профессор Аблабек Асанканов катышты.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.




Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.




Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: немис каяктан: Германия
12.03.2010 03:37
Эмне үчүн азыркы күндө көбүнчө жаштар орусча ойлонот же орусча сүйлөйт?
Эң негизги себеби, биздин өлкөдөгү мекемелерде иш кагаздары орус тилинде жүргүзүлгөндүктөн, эл айла жоктон орус тилинде сүйлөөгө муктаж жана мажбур болуп атат. Көпчүлүк кыргыздарга тиешелүү кылып мисал менен айтсам, бир кыргыздын үй-бүлөсүн алалы, ата энеси бюджеттик мекемеде иштейт (жеке ишканада иштеген күнү деле) дейли, орусчадан кыйналышат, акцент менен сүйлөшөт, карьера жасайын десе тилден кыйналып отурат, себеби кыргыз мектепти бүтүргөн. Анан ал өз башынан өткөн проблеманы кайталабасын деп, өз балдарына орусча сүйлөшкөнүнө, үйрөнүп атканына, каршылык көрсөтпөйт, тескерисинче колдойт. Шаардагы киргиздердин үй-бүлөсүндө ата-эне балдарына орусча кана билим беришет, себеби орусча билими барлар, кыргызча билими барлардан бир тепкич өйдө турушат деген ой калыптанып калган, бирок чындыгында, кээ бир учурда ошондой болушу толук мүмкүн. Анан айылдан келгендер, деги эле кыргыз мектепте окугандар жана бүткөндөр бир тепкич төмөн тургандан уйалып, чала билсе да орусча сүйлөгөнгө аракет кылат. Бул чоң мүчүлүштүктүн баары эмнени билгизип турат? Бул деген биздин мамлекеттин системалык тескери саясат жүргүзүп атат дегенди билгизип турат. Баягы көпчүлүк эл советтик доордун таасиринен арыла албай жүрүшөт, буга, ушундай акыбалда болгонуна, биринчи ирээтте өлкөнүн башчысы күнөөлүү. Кыргызстанда баары кыргызча болуп калса эле, орус тили окулбай калат, жэ башка дүйнөлүк тилдер окулбай калат деген тураа эмес ойдон алыс болушубуз керек. Башка мамлекеттерди салыштырып көрсөңөр, түшүнүктүү болуп калат. Аларда иш кагаздары өз тилинде болуп эле өнүгүп, өсүп атышат. Ар бир адис иш кагаздарын ж.б. баардык нерсени кыргызча колдонгон күндө деле, кааласа орус тилин, жэ башка тилдерди өз каалосу менен окуй берет, эриш-аркак кылып, муну эч ким тыя албайт. Канча көп тил билсең, ошончо руханий дүйнөң бай болот.

кимден: немис каяктан: Германия
12.03.2010 02:50
Элге, жаш муундарга "Мен Кыргызмын" деген аң сезим түптөш үчүн мен эмне кылат элем?
Бул ойду эффективтүү ишке ашырыш үчүн, негизги шарт болуп эсептелген нерсе бул, эгерде Кыргызстанга жаны, чыныгы патриоттуу бийлик келип, орносо, мен ушул ойду ишке ашырыш үчүн, өзүмдүн колумдан келген салымымды кошот элем. Ар бир элдин бекем улут болуп калыптануусу үчүн, кичинекей бала кезинен баштап ар тараптуу тарбия болуш керек. Ал ар тараптуу тарбия болуш үчүн, мамлекет сөзсүз түрдө ар тараптуу колдоо көрсөтүшү керек. Биринчиден, атайын системалуу жаштардын саясатын аныктаган программа түзүлүшү керек. Ал программада элдин, жаштардын мен кыргызмын деген сөздүн мааниси, максаты, ролу, ошого татыктуу болуп жетүү жолу, аягында ал элге-жерге кандай пайдалуу жыйынтыктарды берери чагылдырылып, көрсөтүлөт жана кандай кылып аң сезимине таасир этиш керек экени белгиленет. Токэтээр жерин айтсам, мен алыс барбай эле, совет доорунда комунистик партия колдонгон системаны "скелет" (схема) катары колдонот элем, себеби убагында бул система адамдын аң сезимине таасир этүүчү аябай күчтүү жана эффективтүү система болчу. Бул системанын түзүлүшү октябряттар, пионерлер, комсомолдор жана коммунистер деген тепкичтерден турчу. Биз аны кыргызча кылып атап алсак болот. Мисалы, сейтекчилер, семетейчилер, манасчылар жана теңирчилер. Башка ылайыктуу варианттарды ойлоп тапса болот. Ар бир тепкичтин өзүнүн уставы, милдеттери, девизи, лозунгу, кийген формалары, ж.б. керектүү атрибуттары болот. Ар бир баскычка өтүүдө даярдык жүрүп, атайын кабыл алуу күнү болушу керек, ал күн салтанаттуу түрдө өтүшү керек, б.а. балдар мунун баарын чоң сезим менен кабыл алышат. Мектептерде атайын чогулуштар (линейкалар) өткөрүлүп турушу керек жана ар бир аткарылган тапшырмаларга жыйынтык жасоо абзел, о.э. баардыгы атаандаштык мүнөздө өтүшү керек. Кыргызда ушул системанын "скелетине", жакшынакай эт кылып чаптай турган, тери кылып каптай турган күчтүү руханий байлыктарыбыз бар. Бул руханий байлыктарды, кыргыздын тарыхынан, адабиятынан, каада-салтынан алса болот деп ишенем. Бул байлыктардын ичинде мен кыргызмын деген сөздү өрчүтүп, өстүрө турган көптөгөн мисалдар бар. Мисалы кыргыз баатырлары, алардын эч нерседен тайманбастыгы, намыс үчүн бекем турганы, эли-жерин коргогону, илим билим үчүн умтулгандыгы, мээнеткечтиги, чыдамкайлыгы, акыйкаттын, адилеттүүлүктүн жеңиши үчүн аягына чейин күрөшкөнү ж.б. көптөгөн мүнөздөрүн келтирсе болот. Барсбектин учурунда кыргыздар эң күчтүү каганат болуп турган, кыргыздар аябай бай мамлекет болгон жана кыргыз эли жыргап-куунап жашаган, бул чындык. Айта берсек түгөнбөйт. Ушул сыяктуу мисалдарды балдар үчүн түстүү сүрөттөрү бар, кызыктуу китепче, жэ китеп болуп чыгарылышы абзел жана мамлекет чыгармачыл, адиси бар адамдарга колдоо иретинде, ыраазы болгудай, акчалай стимул кылышы керек. Бирок эң негизгиси президент өзү баш болуп бул программанын эффективтүү аткарылышын катуу көзөмөлгө алышы керек. Мисалы, казактын президенти Н. Назарбаев ушундай адистерге эң сонун акчалай стимулдарды түзүп берген, казактар дүйнөлүк илимий жана окутуу адабияттарын казак тилине которуп, жэ аларды казак тилинде жаңыдан түзгөнгө колдоо көрсөтүп атат, б.а. ал элди кызыктырып атат. Бул эми ойумдун негизги моменттери десем болот, бирок дагы көп нерселерди такташ жана түздөш керек.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
11.03.2010 21:21
Урматуу Немис,
Сиз "Кыргызды күчтүү жана намыстуу улут кыла турган нерсе, МЕН КЫРГЫЗМЫН!!! деген АҢ СЕЗИМ."деп жатасыз.
Бирок бул сөз боюнча эле калып жатпайбы. Иш жузундө аракеттер болгон жок та.
Мисалы сиз элге, жаш муундарга "Мен Кыргызмын" деген ан сезим түптөш учун эмне кылат элеңиз?
Деги эле эмне учун азыркы кундо кобунчо жаштар орусча ойлонот же орусча суйлойт деп ойлойсуз?


кимден: немис каяктан: Германия
11.03.2010 06:22
Эң сонун тема козголуптур жана ушул сыяктуу далилдүү маектер, мен кыргызмын деп өзүн эсептегендерге, абдан чоң ички руханий дем, күч берет деп катуу ишенем. Башка күчтүү улуттарды карап көрсөк, аларды күчтүү мамлекет кылып өнүктүргөн негиздердин эң оорчундуусу, бул улуттун "мен" деген сөзү, мисалы, мен жапонмун, мен англисмин, мен немисмин деген сыяктуу адамдагы аң сезимдер, ал улуттун алга карай өнүгүүгө чоң кубат, түрткү берери талашсыз деп ойлойм. Ушул ойдун негизинде, улуттук идеологияны калыптандырса, кыргыздардын улут катары өнүгүүсүнө аябай чоң курал болот эле. Кыргыздар көп кылымдар бою (9-10 кылыдан бери санасак), мамлекет боло албай, баш көтөрө албай келди, ошого карабай монгол жана калмактардын басымы астында тилин, дилин жоготпой, эң негизгиси мен кыргызмын деген аң сезимин жоготпой келишти, себеби аң сезимге системалык басым болгон эмес. Бирок советтик доордо кыргыздардын мен кыргызмын деген аң сезими, коммунисттик машинеге, системалык басымга туруштук бере албай, басынып жана чөгүп калды, азыркы күнгө чейин көпчүлүк кыргыздар дагы эле арыла албай жүрөбүз, бул чындык. Кыргызстан эгемендүү болгондон бери, мен кыргызмын деген аң сезимди өнүктүрүү жаатында мамлекет тарабынан колдоо болгон эмес!!! Президенттерибиз, кыргыз улуту катары, аң сезими начар чыгып, сөз жана убада менен кана чектелишип, иш жүзүндө кыргыздын улут катары өнүгүүсүнө эч кандай колдоо көрсөткөн жок. Акаев Орусиядан коркуп, кылчактап, жалпактап орустун тилин биринчи коюп жүрдү. Бакиев дагы андан калган жок, дагы эле Орусиядан жалтаңдап турат. Кыргызды күчтүү жана намыстуу улут кыла турган нерсе, МЕН КЫРГЫЗМЫН!!! деген АҢ СЕЗИМ. Кыргыздын келечекте күчтүү өлкө болушунун бирден бир боло турган пайдубалы, бул мен кыргызмын деген аң сезимди өнүктүрүү болуп саналат деп ишенем. Чыныгы патриот, кыргыз президент бийлике келсе, ушул, мен кыргызмын деген идеологияны өнүктүрүп, ишке ашырсы, Жапониядан, Ангилиядан, Германиядан кем калбаган күчтүү мамлекет болорубуз шексиз деп ойлойм.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
11.03.2010 01:10
DNA test tuuraluu bul jerden ugup,okup korsonor kyzyktuu eken.
http://www.oprah.com/oprahshow/Dr-Henry-Louis-Gates-Jrs-Faces-of-America-Video

кимден: Мунарбек
10.03.2010 23:20
Урматту Анвар мырза жана Аблабек мырза, силер генетика илиминин адиси болбогондон кийин, ал илимди тарыхты изилдегенде таптакыр четке кагып койгонуңар туура эмес. Илимий генетикалык герантиология силердин илимиңерди толуктамак, азыркы генетикалык герантология илими улуттун генетикалык тиешелүүлүгүн муну муз доорунан бери аныктап бере алат.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)