Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:36

Эл үнү / Коом

Оштуктар азык-түлүккө муктаж

Оштогу тополоң учурунда базарлар, ири соода түйүндөрү жана майда дүкөндөр өрттөлүп кеткендиктен шаарда калктын азык-түлүккө муктаждыгы күчөдү. Бийлик өкүлдөрү болсо маселе акырындап чечилип жатканын ырастоодо.

Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.
Текст көлөмү - +
Кагылышуу учурунда Ош шаарындагы бардык базарлар, ири соода түйүндөрү жана майда дүкөндөрдүн дээрлик бардыгы өрттөлгөн. Ошол себептүү өзгөчө кырдаал киргизилген аймактагы жарым миллионго чукул калактын азык-түлүккө муктаждыгы күчөдү.
Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.

- Чай бар, башка эч нерсе жок. Аскерлерди көбүрөөк койсо, дүкөндөрдү иштетсе болот эле. Элдер эч нерседен зар болобосо, азыр баарыбыз азык-түлүктөн кыйналып жатабыз. Мен да балдарыма нан жеткире албай жатам, акчам бар, азык жок. Дүкөндөр эми талкаланганы талкаланды, талкаланбай калгандары ачпай жатат,
- деди бүтүн калган азык-түлүк дүкөнүн бүгүн ачкан сатуучу Зиягүл.

Ош шаарынын вице-мэри Алымжан Байгазаков билдиришинче, кечээ Бишкек жана Кызыл-Кыя шаарларынан, ошондой эле Ноокат районунан гуманитардык жардамдар түштү. Ун, нан жана картошкалар адегенде ооруканаларга, балдар жана кары-картаңдар үйлөрүнө бөлүштүрүлдү. Бүгүн Орусиядан ун жана башка азыктар келээри күтүлүүдө.

Бирок Ош шаарынын тургуну Нарынгүл анын жердештери үч күндөн бери азык-түлүк блокадасына кабылгандыгын жашырган жок:

- Биз гумжардам көргөн жокпуз...

Ушул маалда Наталья аттуу кемпир кепке кошулду:
Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.

- Тынбай аткалып жатышат. Бийликтегилер баары жакшы деп олтурушат. Мына качантан бери шаар өрттөнүп жатат, а алар бардыгы көзөмөлдө деп атышат...

Ал эми Галина атуу келин буларды кошумчалады:

- Кудай сактады. Биз өзүбүздүн айылдаш өзбектерди жашырып олтурабыз. Ошол эле учурда кыргыздар өзбектерди, же өзбектер кыргыздарды үйлөрүндө калкалап жаткан учурлар бар. Качанга дейре ушунтип жашайбыз? Убактылуу бийлик ушинтип элди кыйнабастан, бекем тартипти орнотпойбу? Армияны жакшылап куралдандырып, андан көрө милицияны оңдосун. Болбосо кырдаал оңолчудай түрү жок...

Мындан тышкары көчөдө ыйлап жүргөн Химияхан аттуу аялга микрофон сунганыбызда, ал Ош тополоңун уюштургандарды жана ага катышкандарды жазаламайынча, элдин көкшүнү суубай турганын билдирди.

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков “Азаттыкка” курган маегинде Орусия аскер күчтөрү жагынан жардамдашса кырдаал тезирээк жөндөлөөрүн ачыктады.
Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош, 14-июнь.

Генерал Исаков мындан сырткары чукул кырдаал жарыяланган аймактарга мындан ары өлкөнүн ичинен жана чет мамлекеттерден гуманитардык жардамдар байма-бай келээрин жана алар биринчи кезекте зарыккандарга таратылаарын маалымдап, ошол эле учурда гуманитардык жардамды күтүп олтурбастан бардык ооруканаларды оокат-аш менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин губернатор жана мэр өз убагында чечүүгө милдеттендирилгендигин билдирди.

Автордон: Материлды топтоо жана даярдоо убагында биздин коопсуздугубузду камсыз кылган ички аскерлердин № 703 бригадасынын командирине жана өзгөчө багыттагы “Шер” отрядынын күжүрмөнү Кубаныч Исмаиловго терең ыраазычылык билдирмекчибиз.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Hadi каяктан: Amerika
15.06.2010 21:05
Kyrgyz elim ymandu elim!birimdik boloylu.duynogo jakwy iwterybiz menen tanylayly..bardygy ku4 elde el menen er kogorot el kogorot...

кимден: Жапар каяктан: Ош
15.06.2010 19:43
Урматтуу кыргыздар жана озбектер тынчтыкка келгиле. Мына бул видеону корсонор кайран гана милиционер. Жаткан жери жайлуу болсун

http://www.youtube.com/user/Tobidogkg

кимден: Aiperi
15.06.2010 16:24
V selom u menya slojilos vpechatlenie,chto my poteryali doverie drug drugu!Sennoe kachestvo,kotoroe pomogaet cheloveku v trudnuyu minutu i prosto daet silu,SILU jit dalshe,potomuchto tebe est komu polojitsya,potomuchto tebe est komu DOVERITSYA!
Ochen bolno osoznavat, chto za eti dolgie 20 let nezavisimosti nashei strany,po chut-chut,kogda lojkoi,kogda kuvshinom,no otbirali DOVERIE u naroda.Otobrali nastolko,chto Narod prakticheski nikomu ne doveryaet.I eto strashno.Mnogie iz vas v somneniy,doidut li eti dengi deistvitelno do adresatov,ved sredi nas,v NARODE est takie kotorye sami imeya tonnami,otbirayut grammy u lyudei.Te grammy,kotorye vozmojno yavlyayutsya poslednei nadejdoi na vyjivanie,poslednei siloi chtoby preodolet stol slojnye slojivshie na segodnyashniy den vremena.My prosto ne doveryaem i eto ujasno.Ujasno jit s takim chuvstvom,chuvstvom postoyannogo nedoveriya.Postoyanno kontroliruya,postoyanno podozrevaya.Ochen jalko svoi narod,jalko vas,jalko sebya,i poroi daje slezy skatyvayutsya,kogda dumayu chto v nashem narode est takie,kotorye dumayut chto budut jit navechno.Jalko i OCHEN obidno,chto 20 let,vse te,kotorye otbirali i otbirayut u nas DOVERIE,dumayut cho oni hozyaeva etogo mira,chto nado po bolshe najit,po bolshe nakopit,prichem CHUJOGO,i ne svoim trudom! A ved v jizni vse prohodit!I molodost,i uspeh,i vlast i bogatstvo! My vsego lish gosti v etom mire.Segodnya nas est,zavtra nas ne budet!
Jelayu vam terpeniya,edinstva!Ne teryaite nadejdu!

кимден: Оштук жигит каяктан: Ош
15.06.2010 14:47
Гуманитардык жардамды бергени угуп тан калдым. 10 квартирага 1 л.АК МАЙ, 10 квартирага 1 кг 900 гр УН
Бул эмнедеген шерменде. Ар бир квартирада жок дегенде 2 - 3 адам жашайт. Алды 5 - 7 чейин жашашат.
Картошканын кимдер сатып атат билбедимго ошолорго рахмат 1 кг 30 сомдон. (гум. жард. келгенби же оздору айылдан алып келишкенби) ошолордон элдер жетишинче сатып алып атышат. Азыр электр тогун очуруп койду. (15 июнь саат 12:45)
Эми ойлонуп коргуло свет, газ жок, эми сууну очурсо Ош шаарында жашоо токтойт.
Коп кабаттуу уйлор суусуз жашоо жок (туалетке суу керек) ичкени 1-2 челек суу жетет а бирок беркиге жетпейт.

кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
15.06.2010 11:08
Адам жасаган кылмышы учун татыктуу жазасын албаса, аны коруп турган башкалардын андай кылмышты жасашына оболго тузулот эмеспи. Аны кылмыш деп эсептебей калат. Менин айтайын дегеним томондогудой. 2010-жылдагы апрель революциясы учурунда мородерлукка барган кылмышкерлерди кармагандыгы, алардын кылмыш жоопкечилигине тартылышы тууралуу Убактылуу окмот тарбынан алгылыктуу иш жургон жок. Милиция аларды кармаса деле керек, бирок кайра эле ошол менттердин же прокурорлордун жардамы менен бир да мородердун иши сотко жеткендиги тууралуу ачык угулган жок. Массалык маалымат каражаттары аркылуу атайын мамлекеттик саясат кылып, кармалган мородерлорду теледен корсотуп, кайсы жерден экендигин уурунун озуно айттырып, керек болсо мородерлук жасаганына окунгонун корсотуп турса, мородерлук кылгандыгы учун кылмыш жоопкерчилигине моонотун корсотуп камала турганын айтып турса аны коргон жаштарыбызга эскертуу болуп, алдын ала иш жургузгон болот элек. Тилекке каршы мындай беруулорду Убактылуу окмот уюштурган жок. Андан сырткары милицияга каршы таш урган, керек болсо аткылаган, УВД, РОВДларды талкалап, андагы курал-жаракты тоногон, ИВСте жаткан кылмышкерлерди бошоткон, Прокуратураны жана башка мамлекеттик имараттарда атайын орттогон чыныгы кылмышкерлердин кармалгандыгы тууралуу маалымат берилген жок. СМИ аркылуу Максимдин, Жаныштын куноолорун айткандай экинчи бандиттик кылган "революционер" сорой тараптан канча адамга кылмыш иши козголгонун кунуно ачык айтып туруу керек болчу. Убактылуу окмотту бийликке алып келген "эмгектери учун" бандиттердин кылган кылмышы тууралуу эч нерсе айтпай, куноосу жок деп эсептеп, чон жанылыштык. Мына бугун туштукто жаштарыбыз коркпостон, эч бир жоопкерчилик болбойт деген ишеничте уйлорду орттоп, талап тоончулукка дагы бир жолу барып жатышат. Ал чыккан адамдарды эч ким куноолобосун билишет. Аны кылмыш деп эсептебей калышпадыбы.
Ошондуктан дагы деле кеч эмес ушул багытта Убактылуу окмот алгылыктуу иш алып баруусу керек.


кимден: нурадыл
15.06.2010 08:39
Айланайын ЭЛИМ кырылган уул кыздарыбыздын видео фото лорун интернетке киргизиниздер коментарийлерге сайттарын калтырыныздар биз башка сайттарга тараталы бутун кыргыз элин алла урсун деген озбектердин киргизген видеолору АЛА ТООнун уул кыздарын дуйноо жамандап атат (суранычменин пикирими чыгарып койунуздар

кимден: anara
15.06.2010 03:27
salam kirgizstanim emnege usundai bolup jatat.Silerdi usundai akibalda korgondo jurogum oorup jatat .

кимден: Майрамбек каяктан: ОШ
15.06.2010 02:00
"АТЫН ЧЫКПАСА -ЖЕР ОРТТО" Демекчи орттогонун орттоп, тоногонун тоноп, алдык алакандай Кыргыз калкым ааламга уят эле болдук, эми болор иш болду мындан нары ынтымакта болойлу, Аллаадан сурайлы дуа кылайлы.

кимден: Тамара
14.06.2010 22:57
"Азаттык", абдан чон рахмат сиздерге.Болгон чындыкты сиздер аркылуу окуп , билип жатам.
Алыста болгондорго, сиздердин жаны маалыматтарыныздар ото зарыл, ишиниздерге ийгилик, жана ден соолук.
Элге ото кыйын болду.
Урматтуу Ош аймагындагы жердештер, тушуном
сиздердин жашоонор отот татаал, кыйын абалда. Сиздерге чыдамкайлыкты , сабырдуулукту жана мээримдуулукту каалайм. Бири -бирине жардам берген адамдарга алкыш айтат элем, рахмат сиздерге.
Оз элине кандуу кунду алып келген канкорлорго: Эч качанда жакшылык корбогуло, силерди да жазалоочу кун келет. Жалпы мусулман элинин атынан каргыш, туболуко каргыш.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу