Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Эл үнү

Кыргыз кызы чет өлкөдө он миң долларга бааланат

28.12.2009

Оштогу “Голден Гоал” аттуу коомдук бирикме Кыргызстанда адам сатуу өнөкөтү жыл санап күчөп жатканына кабатырлануусун билдирди. Эл аралык адистердин маалыматы боюнча, 2007-жылы 4 миң кыргызстандык атуул чет өлкөдө кулчулук азабын тартса, 2008-жылы бул көрсөткүч 5 миң адамга жеткен.

Жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын ырастоосунда, адам сатууга дуушар болгондордун 70%ы Орусия менен Казакстанга эмгек кулчулугуна бааланышат, ал эми 30%ы Түркия, Араб Эмираттарында сексуалдык кулчулукка кабылышат.

Эксперттердин ырасташынча, чет өлкөгө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктардын дээрлик 30%ы ар кандай мыйзамсыз фирмалар же ортомчу шылуундардын тузагына илинип, сатылууга дуушар болушат. Бул көрүнүшкө көбүнесе калктын 60%ы жакыр жашаган түштүк аймагынан баргандар кабылышат дешет алар.

Оштун тургуну Сажида Рахманова бир жыл бою Казакстандын тамеки талаасында акысыз иштеп, кулчулуктун азабын жон териси менен сезип кайткан:

- Ал жерде жарык да жок экен. Чөл десем болот. Тамеки эктик, аны карадык, ачка болгонубузга карабай түнкү саат он экилерге чейин иштечүбүз. Кайра эле таңкы саат алтыда иш башталат. Ошентип араң кайтып келдим.

Укугунан ажыратылган мигранттар

Сажидага окшоп белгисиз адамдар эле жакшы маяналуу жумуш сунуш кылса, эмгек келишимин карабай унчукпай кете берип, бат эле кулга айланып калгандар бул аймакта жүздөп саналат. Алардын айрымдары качып келүүгө аргасыз болсо, көпчүлүгү жылдап акысыз иштеп, жугуштуу ооруларга да кабылышат.
Бир курулушта 50-60 эркек адам иштесе, ал жерге эки кызды алпарып, баалап берген учурлар бар экен.


Дал ушундай оор турмушка кабылган кыргызстандыктардын саны жыл санап көбөйүүдө, дейт “Голден Гоал” уюмунун президенти Алишер Мамажанов:

- Эл аралык эксперттердин берген баасы боюнча, сатылган адамдардын саны бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу миң адамга көбүрөк болгон. Мисалы, өткөн жылы 4 миң адам сатылды деген маалымат болсо, 1 жылдан кийин бул сан 5 миңге чыкты. Биздин уюмдун баасы боюнча, алардын 70%ы эмгек кулчулугуна, 30%ы сексуалдык кулчулукка сатылышат.

Ош облустук миграция кызматтары 2009-жылдын алгачкы алты ай ичинде эле адам сатуу факты боюнча он кылмыш иши козголгонун, бул жаатта укук коргоо органдары да жигердүү иштеп жатканын белгилешет. Бирок бейөкмөт уюмдар миңдеген адамдар мыйзамсыз сатылып жаткан бул аймакта мындай аракет жетишсиз экенин айтышат.

Коңгуроо качан кагылат?

“Голден Гоал” уюмунун жетекчиси Алишер Мамажановдун айтымында, сексуалдык кулчулукка бааланган кыздар миңдеген долларга сатылат:

- Түркияга же Араб Эмираттарына сатылган кыз-келиндер 3 миң АКШ долларына бааланат экен, эгерде ал турмуш кура элек кыз болсо 10 миң долларга чейин болот дешет.

Ал эми Орусия менен Казакстанга эмгек кулчулугуна сатылгандар, сексуалдык кулчулукка сатылгандарга караганда, алда канча арзан бааланары айтылат. Бирок дегеле кулчулук азабын тарткан атуулдар психологиялык, моралдык, материалдык жактан оор жабыр тартканы аз келгенсип, жугуштуу ооруларга да кабылып жатышат дейт миграция боюнча эл аралык уюмдун түштүктөгү координатору Химия Сүйөркулова:

- Мындай окуялар бар: Бир курулушта 50-60 эркек адам иштесе, ал жерге эки кызды алпарып, баалап берген учурлар бар экен. Ал кыздар күндүз тамак-аш жасап, кир жууса, түнкүсүн сексуалдык зордук-зомбулукка кабылышат. Демек бир адамда эмне оору болсо, ал баарына таркайт да. Ошондой оор акыбал болуп жатат.

Бирок кыргыз бийлиги миндеген мигранттар тушугуп жаткан мындай көрүнүш тууралуу дээрлик ооз ачпайт, тескерисинче, президент баш болуп мигранттардын сырттагы жашоосу жакшы экенин дайыма белгилеп келишет.
Түркияга же Араб Эмираттарына сатылган кыз-келиндер 3 миң АКШ долларына бааланат экен.


Бейөкмөт уюмдар болсо кулчулукка сатылган кыргыздардын саны улам артып, кыз-келиндер Араб Эмираттарында 3 миңден 10 миң АКШ долларына чейин бааланып, азап чегип жатышканына коңгуроо кагышууда. Эксперттер дүйнө жүзү боюнча адам соодалоодон 7 млрд. доллардан ашык киреше түшөрүн ырасташкан.

"Азаттыктын" архивинен: Мигрант экспресс: Кош кал, Дүйшөмбү

Жыл сайын миңдеген мигранттар Тажикстандан Орусияга иш издеп кетишет. “Азаттыктын” кабарчысы Александр Кулыгин тажик мигранттары менен бирге ушундай сапарлардын бирине чыккан. ZMa

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Nur каяктан: Bishkek
06.01.2010 20:21
Moskvadagy kul bolup ishtep jatkan jash baldar jonundo da kenenineek jazssanar jakshy bolmok.Ata-eneler kichine chochulap,baldaryn ar-kimge eechitip jiberbegenge.

кимден: Kerezbek каяктан: Moskva
02.01.2010 13:54
eger talkulasak kop aibai birok baaryna bizdin mamileketibiz kunolu

кимден: КЫРГЫЗ каяктан: ОРДО
30.12.2009 21:19
Кыргыз "Азаттык" радиосуна мен ишенчум, алар чындыкты айтат деб ойлочумун.
Оба, 5 жыл мурун ошондой эле болгон.
Бугунку "Азаттык" табтакыр башка:- бир тарабтуу, ушакчы, жарими жалган-жарими чын, кыргыз улутуна жакшылык каалабаган, ой-максаты жаман радио экенине бугун ишендим (Булардын максаты Кыргыз улутун кемсинтуу гана болуб калыбтыр).
Албетте радионун озундо куно жок, ошол радиодо иштеген адамдар (Жанарбек,ТынчтыкбекЧ.Т,) жакшы эмес.
Буларды куттуктоодон алысмын!!!

кимден: ali каяктан: masr
30.12.2009 20:05
kyrgyz eli ozun ozu bagyp bashka olkolordo ishtep jatyshsa mamleketke kelhen akcha kaida ketip jatkany belgiziz?
jashynyp alip chondor oshonu jeep jata bergenden koro elin oiloso minday akibalga kyrgyzym kelmek emes dep oiloim..

кимден: Лариса каяктан: Польша
29.12.2009 10:49
Бул албетте жалпы кыргыз эли намыстана турган көрүнүш! Бийлик эмне үчүн ооз ачпайт? Себеби алар күчү жетпейт! Азыркы бийликтин максаты ушундай проблеманы чечүү эмес, оппзоцияны жыгуу эле болуп калды. Элди унутту.

кимден: Diyar каяктан: TR
28.12.2009 21:42
Bashka maktana turchu temabyz jok kalgan okshoyt elimdin...10 min eken bizdin kyzdar dep kaldykpy emi?
Ayta turchu soz kop birok 10 jyldan beri suylop ele kele jatabyz, biz suylogon sayin minday kyzdar koboyup ele kele jatat. Kara jumushka ketken kyzdar jigitter tolup ele baratat. Demek suylop reklamasyn kylyp jatabyzby degen jaman oy da ketet.
     
Текст көлөмү - +

Эл үнү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.  Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы.  Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи.  Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Соңку пикирлер: (1232 - жалпы саны)

Тамаша: Мерседести да которуп салбайлыбы ыя:)

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)