Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:31

Эркиндик

Б. Сейитбекова: Орусияда тайкы тагдырга тушуккан кыздарыбыз көп

Кыз-келиндердин укугун коргоочу Москвадагы «Аруужан» фондунун жетекчиси, акын Бактыгγл Сейитбекова чет жердеги кыргыз кыздарынын катаал тагдыры тууралуу кеп салып берди.

Бактыгүл Сейитбекова, "Аруужан" фондунун жетекчиси.
Текст көлөмү - +
Бактыгγл Сейитбекова: Биздин уюм бир гана Москва шаарында эмес, Орусиянын башка шаарларында да иштеп, филиалдарын ачканбыз. Атап айтсак: Новосибирскиде Канайым деген келин ѳзγнγн жардамчылары менен алгылыктуу иштерди жасап жатат. Ар бир жабыр тарткан кыз-келиндердин кыйынчылыктарын аныктап ошого жарша жардамдарды берип, кырдаалдан чыгарышат.
Андан тышкары Новокузнецкий, Междуречинский, Екатеринбургада да филиалдарыбыз ачылып колдон келген иш-аракеттерин менен алектенγγдѳ. Жакынкы кγндѳ Санк-Петербургда ачтык.

Эми кезектеги максатыбыз - бул ишти аркалай алган кыз-келиндер табылса Самара шаарына да ачканы жатабыз. Бул ишибиз, албетте, жаш кыз-келиндерге жагып атат. Анткени, бир жагынан турмуштук тажырыйбасы жок, ишенчээк кыз-келиндерибиз алыста соода-сатыкта, ар кандай табылган иштерде жумуш берγγчγлѳр менен келишим тγзγγдѳ, убадалашууда кыйынчылыктарга жолугат. Тажырыйбасыздык кылышат. Ошентип атып чечилгис кѳйгѳйлѳргѳ чалынып калып жатышат. Дагы бир кейиштγγ кѳрγнγш - ѳнѳрлγγ, таланттуу кыздарыбыз азап чегγγдѳ десек болот. Бир топ ыр жазган кыздар менен жорлугуштум. Жан багуунун айынан жазган ырлары, чыгармалары эч жерге жарыяланууга мγмкγнчγлγк жок, чаң басып ѳздγк архивдеринде жатканы ѳкγнγчтγγ. Балким, алардан келечекте мыкты прозаик же акын чыгаар беле да, ошонусу менен коомго пайда келтирээр беле деген ойго кетесиң.

Эне болчу кыздарыбыз...

«Азаттык»: Бактыгγл айым, «Аруужан» фондун эң керектγγ маалда уюштурган экенсиңер. Келечек максатын тагыраак айтсаңыз, мындан ары калыптанып, иштеп кетγγсγ кандай болот?
Б. Сейитбекова "Азаттыктын" кабарчысы Ж. Темирбаеванын суроолорун жооп берүүдө.

Бактыгγл Сейитбекова: “Эненин дени сак болсо, туулган баланын дени сак болот. Эгер дени сак муун ѳссѳ коомдун дени сак болот” деген ураанды негиз кылып алганбыз. Учурда чет жерде жγргѳн биздин кыз-келиндердин арасында аябагандай кор турмушка туш келгендери бар. Биз адагенде ар бир кыз-келиндин ѳз укугун кантип коргоону, кантип сырттан болгон жаманчылыктан сактанууну γйрѳтγγгѳ аракет кылабыз. Бул жерде мен бир орой мисалды келтирейин. Бир бооз уйду да эсен-аман туудуруп алыш γчγн ага кам кѳрѳсγң, эсен-аман тууса экен дейсиң. Убагында жем-суусун берип, кѳзѳмѳлдѳйсγң. Биздин кыздардын тагдыры ошол уйча да болбой жатпайбы. Какшатып, сѳѳктѳн ѳткѳн суукта соода кылышат. Бѳйрѳк, аялдар аздектей турган органдарынын баарын суук чалат. Анан оорукчан болуп, аз кандуу аялдан анан кайдагы асыл тукум балдардын тѳрѳлγшγн кγтѳт элек. Биз мына ушул чоң жана чечилгис кѳйгѳй менен кγрѳшγγгѳ бел байладык.

Анын γстγнѳ президентибиз аял киши болгону бизди кѳп нерседен γмγткер кылат. Маселен, Кыргызстанда кандайдыр бир нерсе ѳндγрγлѳ турган фабрика же завод ачылып калгысы бардыр. Президентибиз Роза Отунбаева эң алды менен ЭНЕ эмеспи. Дγйнѳ аралап, жан багуунун гѳйγндѳ жγргѳн кыргыз кыз-келиндери тууралу сѳзсγз билет. Балким, бир аргасын ойлонуп аткандыр деген тымызын, таттуу кыялдабыз. Ошентип, кыз-келиндерибиз чет жактарга чыкпай калар…

А каражат жагы, демилгелγγ аялдардын ай сайын чогулта турган мγчѳлγк акыбыз бар. Жана бизди тγшγнγп, бизге кол сунган эр жигиттер бар жана да чыгат. Анткени, бул бир гана аялзатынын кѳйгѳйγ эмес да. Аял бар жерде, эркек сѳзсγз болот. Аял эркектин жарымы, а эркек аялдын жарымы. Эки жарым бир бγтγнгѳ айланганда гана гармония болуп, жашоо-тиричилик толук кандуу уланат эмеспи. Ал эми калыптанып, иштеп кетγγсγнѳ да аял-эркек биргелешип аракеттенгенде иш ѳз калыбына тγшѳт деп ойлойм.

«Азаттык»: Мыйзамдуу жактарын кароо Москвада кандай? Айрым бир окуяларга токтолсоңуз...
мигранттар түшкөн поезд

Бактыгγл Сейитбекова: Биздин кыздар барат десе эле тγз Москвага барып алгандары абдан кѳп. Албетте, паспорту жок, болбосо иштеп тапкан маянасын алалбай укугу бузулгандар кадам сайын кезигет. Бул жагынан элчилик жардамга келген учурлар бар. Бул маселенин бир жагы. Экинчи бир жагдай, кыргыз кыз-келиндери тѳрѳп, балдарын таштап кетип жатат деп бардык жерде эле айтылып, жазылып жатпайбы. Мындай фактылардын болуп жатканы да чын. Мен бул жерде ошол кыздардын ата-энесин да айыптаар элем. 18ге чыга элек, тажырыйбасы аз кызбалдарды алыска, акча табууга жиберγγнγн ѳзγ опуртал. Мына, трагедиянын башатын оңдош керек. Болор иш болгон соң ага жардам берγγнγн аракетин кылабыз. Элчиликте юрист бар. Кантсе да кыз-келиндердин оор жагдайын жеңилдетγγгѳ аракет кылабыз. Мына жакында эле ташталган наристелердин энелерин таап, кайтарып берγγлѳр болду. Мунун ѳзγ аз да болсо алга жылыш.

Токтогулдук бир кыз ишеним барак аркылуу иштегени Москвага келиптир. Аны иштеткендер акысын беришпей коет. Паспорту, колунда тыйыны жок кыз иштебей отуруптур. Бизге кайрылды. Эптеп Кыргызстанга кайра кайтардык, документ алганга жардам бердик. Мындай мисалдар ѳтѳ кѳп.

Аборт жасатам деп ажал таап...

«Азаттык»: Жакындагы бир фактыны тактайын дедим эле. Ооруканада каза болуп калган кыргыз кызды врачтар тарабынан жаап жашырылган деген...

Бактыгγл Сейитбекова: Москвада мен билгенден кыргыздардын γч медициналык борбору бар. Алар менен да алакалашып жатабыз. Быйыл «Улукман» деген борбор ачылды. Айрым аборт жасаткысы келгендер кайрылып турарын айтышты. Ал эми сиз айткан факты боюнча, бир кыргыз кыз аборт маалында орус врачтардын колунан ѳлγп калат. Ооруканага эжесиби, сиңдисиби бирѳѳ менен барган. Кайдыгерликтин айынан реакция жγрγп кетип кыз каза болот. Сыртта калган тууганы кѳпкѳ кγтѳт. Кыздан дайын жок. Оорукана чоң. Кызды ѳлтγрγп алган врачтар капка салып терезден алып чыгышып, итти кѳмгѳндѳй эле паркка алып барып кѳмүп коюшат. Ал баары бир ачылып калып, адам тагдырына кайдыгер караган дарыгердин соту болуп, кесилип кетти. Мындай зээнди кейиткен окуялар аз да болсо кезигип жатат.

«Азаттык» Бактыгγл айым, Москвадагы кыргыз элчилиги тууралуу интернет-сайттарда паракорчулук кγчөгѳн деген маалыматтар тарап жатат. Сиз ошол шаарда жашап, эмгектенип жаткан соң бул маселе менен кабардарсыз го дейи. Анын чындыгы канчалык?

Бактыгγл Сейитбекова: Мен анчалык паракорчулук кγчѳгѳнγн айта албайм. Андай факты менен кабардар эмесмин. Ал эми башка жагдайларда, кγндѳлγк жашоодо жасалма жол менен документтерди жасап, жаңыдан баргандарды калтыс кырдаалга салгандар бар. Эми шылуун, арам жол менен акча тапкан, ыйманын жеген адамдар бардык эле жерде бар эмеспи. Россияда да андайлардан куру эмеспиз.

      Алыстагы кусалуу "гүлдөр"

«Азаттык»: Бактыгγл айым, «Темир тордун артында соолуган гγлдѳр» аттуу чыгармаңызда кандай тагдырлар калемиңизге илинди эле?

Бактыгγл Сейитбекова: Мен Россиянын кѳп шаарларында иштедим. Ѳз кѳзγм менен кѳргѳн кыргыз кыздарынын тагдыры адам болгон соң, жазуучу болгон соң кантип эле жγрѳгγңдγ оорутпасын. Турмуштун, жашоонун айынан эч бир кγнѳѳсγ жок туруп, темир тодун ары жагына тγшγп, гγлдѳй соолуган аялзатынын кѳргѳн кγнγн бир тынымга элестетип кѳрγңγзчγ! Туулган жеринде аны γй-бγлѳсγ, балдары кγтѳт. Эгер турмуш кура элек наристе кыздар болсо кийинки улана турган турмушу такыр талкаланбадыбы. Алар дагы канчага темир тордун артында саргайып, соолушат? Аны эч ким так айта албайт. Мына ушундай тагдырлардан улам да биздин «Аруужан» фондусу уюштурулуп жатпайбы. Ал эми темир тордун артына кабылышпаса да Роосиянын эң алыскы шаарларында жаштыгынан тагдырдын катаал кырдаалына кабылышып, же тапкан каражаты жок, же куру кол туулган жерине кайталбаган, аргасыз кусаланып, эптеп ѳлбѳстγн кγнγн кѳргѳн кыздар канчалап саналат? Биздин фонд ошолор γчγн аракет кылып, тайкы тагдырларын тγздѳѳгѳ умтулуудабыз.

«Азаттык»: Рахмат сизге, оор жана кыйын ишиңиздерге ийгилик тилейбиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.11.2010 15:15
20- больницада жатамын
жытын искеп көптөн күткөн баланын
угуп жатам врачтардын баш чайкап
кыргыз кызга наалат айтып жатканын
бала деген жараткандын белеги
бала деген аруу үмүттүн желеги
балапандай мөлтүрөгөнбул наристе
бакыт болбой.жок болдубу кереги
эч жамандык ойнда жок ымыркай
эмне күнөө бул чүрпөдө оо кудай
эчкирип ыйлап жатса эмчек сурап
эне шүмшүк кантип кеттиң карабай

жаш кыз-келиндерден жалбарып суранаарым балдарынарды таштабагыла.намысымма өрттөнүп колумдагы калемди шилтеп да жаттым ыйлап да жаттым. Кагылайын ата энелер кыздарынардын тапкан акчасына кызыгып журо бербестен каттуурак кантролго алып койгула.

кимден: Актилек каяктан: Россия
06.11.2010 14:08
Бул жаман көрүнүш болду чынында. Болоору болду, боёсу канды дегендей
эми бул жаман аттыдан кантип тазаланып кетүүнүн жолун ойлогонубуз оң.
Бири-бирибизди күнөөлөй бергенден эч нерсе чыкпайт. Жаман дей бергенден жакшы болуп кетпейт да. Кыздарыбыздын арасында, кыз болсоң ушундай бол, ар кимдин кызы ушул кыздай болсо экен дей тургандары абдан көп. Мына ошолор жөнүндө жазып чыгыш керек.
Ошондой кыздарды, келиндерди даңазалаш керек. Бул жерде жазышыптыр
кыздарды сыртка жөнөтпөш керек деп. Анда да туура болбой калат экен.
Мисалы, тажик эли кыз-келиндерин бизге окшоп сыртка көп чыгарышпайт тура.
Азыр буларда ушул жагынан кризис болуп атат. Көп кыздар турмушка чыга алышпай, ата-энесинин төрүндө кара далы болуп отурушат. Жаш үй-бүлөөлөрдө ажырашуу көп болуп атат. Смс аркылуу эле ажырашып аткандар тууралуу "Азаттыктан" уксаңар керек. Мындай жол дагы элдин
өнүгүп өсүшүнө терс таасирин тийгизет экен. Айтайын дегеним, тарбия жагын колго алыш керек. Мамлекеттик деңгээлде каралса жакшы болот эле. Анан сыртта жүргөндөр айрыкча бири-бирибизге көңүл бурбасак болбой калды. Азыр Москвада кыргыз кыргызга салам бербей калды. Кайдыгер карап коюп өтө бермей кадимки көрүнүш. Кыргыз экенибизди унутпай жүрсөк. Кыргыз кыздары дүйнөдөгү эң сулуу, көзгө сүйкүм, назиктигин сүрөттөп айтууга сөз табуу кыйын. Силерге нысап берсин!
Эр Чубак жетип барбаса,
Ажыратып калбаса,
Аңтара сая таштаган,
А түгүл Манас бабаңды.
Кыргыздан чыккан кыз Сайкал,
Ошол КызСайкал оңой адамбы...

Алпештеп турса кең Мекен,
Ачүрөк болуш эмне экен.
Кадырлап турса кең Мекен,
Каныкей болуш эмне экен...
Кечээги секелектер, эртеңки байбичелер, кыргыздын келиндери. бүгүнкү периштелер! Ошол периштелерибиздин абийирин сактап калалы. Чогуу болсок баары колдон келет.
Каныкей, Айчүрөк, Айганыш, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Курманжан Датка сыяктуу аялдар чыккан элдин кыздары намысына келишет. Андай жаман жолдон кайтышат.






кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Bishkek
29.10.2010 14:40
Aika degen AКШ дан хазган кызга:

Сен акылын деле АКШ менен Россиядагы мигранттарды салыштырып жатсан, жанагы бузулуп жургон кыздардан коп эмес экен ачыкчасы.
-Москвага ото ишенчээк же акчага кызыккандар барат окшойт- ушул да созбу, окуп отуруп кээде акыл айткан акылсыздарга куйуп кетем. Окуп убакыт жок дейсин, эмнени окуп журосун, канча жаштасын? Ошол эле АКШда корот элем сени акча жок же иш жок аз эле жашап коргонундо, ачыкчасы сага бир нерсени тушундуройун деле ниетим жок, жон эле жазгандарынды кайра-кайра окуп корчу эмне деп жазганынды, мункун , мындан ары мындай жазууларды жазбай каласын
Пикирге жооп

кимден: minura каяктан: bishkek
30.10.2010 13:55
al kiz tuura ele aytiptir. usa dan bashka chette jurgon kirgiz kizdar da baari moskvadagiday emes. men ozum da chet jakta jurdum. moskvadagiday ukpadim. bashka jakta kizdar chindan ele kobu ozdorunun namisin korgop jurushot. je rossiyanin eli sohondoy bolgondugunan bi, bizdikiler da oshondoybu? azir rossiyaga kopchuluk sabatsiz ele, bilimsiz ele kara jumushka ketip jatpaybi? ozdorunun ukugun korgoy alishpayt, je oruscha bilishpeyt. ushundan ulam da bolushu mumkun. okuunu jani butkondor kizdar, univerge okuyn degen oyloru jok, rossiyaga ketem dep enseshet. al jakta jirgal jashoo jok!!! onoy ele aldanat da...
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.11.2010 03:38
силер айка экоон асмандан тушкондой болбой, жерден суйлогулочу. коренная американка болгонсуп кетесинер да.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Talas
01.11.2010 10:03
Al kysdyn aitkan nersesi tuura birok salyshryrgan nersesi kulkunuctuu bolup kalyptyr, seniki dagy -azir rossiyaga kopchuluk sabatsiz ele, bilimsiz ele kara jumushka ketip jatpaybi? ozdorunun ukugun korgoy alishpayt, je oruscha bilishpeyt. ushundan ulam da bolushu mumkun- dep ozun aytip jatpaysinbi anan kaysi akilinar menen salyshtyryp aktanip jatasynar:)

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.10.2010 18:00
Кыздарыбыздын мынчалык даражага жеткенине ата-энеде чон куноо,жап жаш молтулдоп бышып турган кыздарын иштеп кел деп жиберишет.Кантип иштеп жургондорун билишпейт,билишсе да (апалары) коздорун жумушат.Россияга акча тап жибериштин ордуна сураган жерге куйоого берсе жакшы болмок.
Москвага келгендердин баарынын эле козуно акчадан башка нерсе корунбой калабы,суйлогондору эле канча таптын.
Мен да коргонумду айта кетейин жаш кыздар келиндерге соз жок ,безотказный машина болуп калышты.
Бизде бир мененджер 45-46 жаштагы кыргыз эже бар ,ишке алып иштетип 16000 берем десе,6000аран берет .Жургону жалан тажик,узбек 25-30 жаштагы балдар менен журот.Уяты жок адамдар картайса да уйронгонун жасап журушо берет экен.Эженин балдары,кыздары азамат болуп калышыптыр,укса кантет.

кимден: Динара каяктан: Бишкек
28.10.2010 17:31
Кыз келиндердин кадыры, баркы эч качан бааланбайт тура канчалык аракет, аракеттин устундо кайсыл гана жерге барбагынын кыргыз кыздары.... менин бир куйгузгон нерсе бар Туркияда жалан гана эркектер гана оокат кылат экен, бир дагы аял жолдоштордун иш кылганын коргон жокмун, улуу создо уят жок демекчи жада калса тувалет жууган ким эркек, терезеледен бери тазалап эптуулугун айт тап таза кылып бир дагы так калтырбай таза жуушат экен. Алардын аялдарына бир соз суйлогондон коркуп турушат экен жала калса аял алгандан дагы коркушат экен. Менин тан калганымдын себеби кыргыз аялдарынын ушунчалык турк аялдарындайдагы кадыры жок экенине ичим куйот айта берсе соз коп ошондуктан аялдардын шайтанын эмес эркек жолдоштордун шайтанын кубуш керек экендигин унутпагыла.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.10.2010 13:27
Кыздарды коруп создорун угуп тооба кыласын.Мен да москвадагы жашаган бир баткендик карындаштын жашоосун айтып кетким келет.Биз бир квартирада чогуу жашайбыз,26 жаштагы 1кызы бар келин. Айылга кетти турк жигити каржылап узатты,айылдан келди ошонусу кутуп алды.
(Жашоосу...)
2кун квартирада туносо 5кун турк м/н болот.
Иштеген иши...
Кайсыл бир метродо турктордун офисин жууйт 1кундо 1ирет,6 мин айлык алат.Кийгени, жегени ото жакшы.Укканы
жалан туркчо, адамды кейиткени кыргыздын балдарын коргум келбейт деп суйлогонучу. Бирок насаат айтсан кой аяш ава мени м/н ишин болбосун
сага зыяным тийген жок азыркы замандын уяты жок эптеп иштеп акча табыш керек деп оозунду жабат.Ушундай
ачык айкын жургондорго бир чараа корбосо болбойт.
Ата эненин, бала чаканын убалын ойлош керек жаштар.

кимден: Жигиттер тобу каяктан: Россия
28.10.2010 11:55
Акындык журогунон сезимтал откоруп кыйналган Кыргыз-кыз-келиндерине Жардам берип жаткан Бактугул алладан тилеген тилегине жетсин!Чынында кыргыз кыз келиндери Россияда аз болугу корчулукта кун кечирет,буга коом,ата-энеси, мамлекети куноолуу!Аз сандагы эл экенбиз тоодон тушкон кунажындардай, козун сузуп(айласыздыктан эмес),Оруссиядагы бардык улуттагылардын бутун аарчыган тряпкага айланышты кее бир кыз-келиндер,Жаным кашайат-жардам бере албай кыйналган чыныгы ар –намыстуу кыз-келиндерге!Эл журт кыз-келиндерибизди Кыргызстанда калгандарын болсо да сактап калалы,Генефондубуз бузулбасын,Каныбыз да(Ал жактада сойкулук улуттук намысты тебелешуудо).Кудайдан коркушсун,ыйман келтиришип адашкан кыз келиндерибизге ынсап берсин ,туз жолго тушконго Бактугулдой асыл адамдар, мамлекет тарабы жардам беришип бул 21-кылымда кыргызга жуккан оорудан арылалы! Чыныгы Кыргыз рухун Асылзат Энелик вазипасын кыргыз кыз-келиндери аткарааар деп умуттонолу!Эр-азамат жигиттер чыныгы асылзат кыз-келиндерибизди акыл менен зан-закон,салтыбыз аркалуу коргойлу жана колдойлу(Кой аксагы менен жуз)!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.10.2010 01:45
Кыргыздын жигиттери силер (айрымдары) кээ бир кыздардын кадырына жетип жатасынарбы. Зордоп, боюнда кылып таштап салып жатасынар го, озунордун кыргыздын кыздарын. Ошол башка улуттун жигиттери менен жугондордун кээ бирлерине силер себептуусунор. Озунордон 10-20 жаш чон аялдар менен тартынбай эле жашап журосунор го. Тамагын берип кусагынарды тойгозуп, акчадан колунарга карматып койсо журосунор суйролгон иттей болуп ээрчип эле. Анынарды унутуп койдунарбы. Анан эле намыстуу болуп чыга келишет. Анан силердейдин тарбиясын коргон кыз таджик, азербайджан, озбек менен журбой калабы "белые и пушистые"?

кимден: Нурик каяктан: Баткен
28.10.2010 00:28
Кудайдан корксонор баары жакшы болот

кимден: Зулайка каяктан: Москва
28.10.2010 00:24
Мен да көпчүлүккө кошулуп, оюмду айткым келет.Көп элэ кыргыз кыз-келиндер бузулуп жүрүшөт Москвада.Тажик Армян Азер-лер менен убактылуу жашап,жыргап жүргөндөрүн көрүп-угуп,зээниң кейийт экен.Айланайын кыздарым,сиңдилер абиириңерди сактап, таза жүргүлөөө!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)