Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Кыргызстан

Адам укуктары: Кыргызстанда абал кейиштүү

АКШ Мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон
Жарыяланган учуру: 12.03.2010

АКШнын Мамдепартаменти Адам укуктарынын абалы боюнча 2009-жылды иликтеген баяндамасын жарыялады. Баяндаманын Кыргызстанга арналган бөлүгүндө белгисиз жагдайда адам өмүрү кыйылган фактылар, мыйзамсыз кармоолор жана камоолор, маалымат каражаттарынын эркиндигинин чектелиши, жарандардын эркин жыйындарды өткөрүү укуктарынын басмырланышы, оппозициялык лидерлердин камалышы, коррупциянын күчөшү жана башка толгон-токой кейиштүү көрүнүштөр көрсөтүлгөн.

"Бул баяндамалар дүйнө жүзүндөгү адам укуктарын коргоодо тайманбастан күрөшкөн активисттер үчүн, адам укуктарын бузууда ким алдыда экендигин талбастан баяндаган журналисттер, окумуштуулар үчүн жана кайсы гана жерде болбосун адам укутарын коргоону максат кылган мамлекеттер, анын ичинде биздин өзүбүздүн өкмөтүбүздү кошкондо өтө маанилүү курал”, - деди АКШнын мамкатчысы Хилари Клинтон Адам укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу боюнча жаңы баяндаманын жарыяланышына байланыштуу маалымат жыйында.

Аталган докладдын Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө адам укуктарынын төмөнкүдөй көйгөйлөрү белгиленет: жарандардын өкмөткө карата өз оюн билдирүү укуктарынын чектелиши, белгисиз жагдайдагы адам өмүрүнүн кыйылышы, кыйноо, укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын тепселиши, бети ачылбаган кылмыштар, түрмөлөрдөгү начар абал, негизсиз кармоолор жана камоолор, мыйзамдын көз карансыздыгынын жоктугу, бейөкмөт жана оппозициялык уюмдарга карата мамлекеттик тараптардан болгон кысым, көз карандысыз медиага басым көрсөтүүлөр, тынч чогулууларды уюштурган лидерлердин камалышы, качкындарга тийиштүү деңгээлде бийлик органдары тарабынан көмөк көрсөтүлбөгөнү, коррупциянын өсүшү, аялдарды, майыптарды, этникалык жана диний, гендердик азчылыктарды басынтуу, балдар укуктарын басмырлоо, адам сатуу жана балдар эмгеги боюнча укуктардын бузулушу орун алган.

2009-жылкы баяндамада Кыргызстанда жаңы көрсөткүч - мамлекет тарабынан бейөкмөт жана оппозициялык уюмдарга карата болгон кысым киргизилген.

АКШда жашаган саясатчы Равшан Жээнбеков жаңы жарык көргөн Мамлекеттик департаменттин баяндамасы менен таанышып чыгып,
“Азаттыкка” өз оюн билдирди:

- Мамлекеттик Департаменттин билдирүүсү боюнча Кыргызстандагы азыркы абал абдан кыйын. Алар И. Исаковду, Э.Бөлөкбаевди жана аны менен бирге жаткан эки кыргыздын Петровкадагы жигитин, А. Жекшенкуловду өзгөчө бөлүп белгилешкен.

Мамкатчы Клинтон бул жолку сөзүндө дагы эки нерсеге басым жасады: биринчиси, күзүдө Улуттар Уюму тарата турган Адам укуктары боюнча билдирүүгө АКШ дагы өз көз карашын кошо тургандыгын; экинчиси, ар кайсы мамлекеттердеги бейөкмөт уюмдарга көбүрөөк көңүл буруп, колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.


2009-жылдагы Кыргызстандын Акыйкатчы институту даярдаган баяндамада өлкөдөгү адам укуктарынын абалы канааттандырарлык, ошол эле учурда башкаларга үлгү болоорлук да нерселер бар экени айтылган. Акыйкатчы Турсунбек Акун тынч жыйын, көчө жүрүштөрүн, нааразылык иш-чараларын өткөрүүгө болгон укуктун сакталышы боюнча проблемалар арбын экенин белгилеген.

Мамлекеттик Департаменттин Адам укуктары боюнча жылдык баяндамасы 34 жылдан бери такай жарыяланып келет. Баяндама бардык өлкөлөрдө адам укуктары жаатында кылдат иликтөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгын дүйнөлүк коомчулуктун назарына алып чыгат.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: Белек каяктан: Бишкек
12.03.2010 19:10
Кыргыздар лидерди азыртан тандап не кыласыңар. Садыркулов айтчу эле ( албетте Бакиевдин ойун) оппозицияга жана элге лидер танда деп койсоң эле болду, бирин - бири жеп, баары жок болушат деп. Азыр да ошондой сөздү таратса керек. Бакиевди биринчи отставкага кетиреличи, андан кийин таза шайлоо өткөрсөк, мыктысы ошондо шайланат.

кимден: Марс каяктан: Талас
12.03.2010 18:56
генералды каматканга ,Бекназаровдон башкасы жарабайт калганына менин ичим анча жылый бербейт Шерниязов өчүп калды, Генерал түрмөдө Каптагаевке оо көп бар,Текебаев дагы качканы калыптыр менимче эң татыктуусу эле Бекназаров

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
12.03.2010 18:16
Адам укуктарын коргоо үчүн Кыргызстанга улутчул лидер керек. Мен төмөнкү инсандарды президенттикке сунуш кылам: 1) Генерал Исмаил Исаков 2) Азимбек Бекназаров 3) Өмурбек Текебаев 4) Эмилбек Каптагаев 5) Болот Шерниязов. Бул инсандар Кыргызга күйөөрүн көп жылдардан бери байкап жүрөм. Алгач бирөөнү тандайлы жана биримдиктүү Бакиевке каршы күрөшөлү.
     
Текст көлөмү - +

Мултимедиа

Мултимедиа слайды

Айымды арсыз кодулайтКөрүү