Биздин интернет барагыбызды ургаалдуу колдонуу үчүн бул интернет браузердин жаңы вариантын же башка браузерлерди пайдаланыңыз. Төмөндө өзгөчө таанымал браузерлердин тизмеси берилген.
Жүктөй турган баракка жетүү үчүн тийешелүү белгини басыңыз.
"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
Жарыяланган учуру: 28.10.2008
КМШ мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин XV жыйыны 2003-жылдын бул күнү Бишкек шаарында ишин баштады. Жыйында аскердик-техникалык кызматташтык, экспортко көзөмөл кылуу, бажы мыйзамдарын бузуп, анын талаптарын аткарбай турганга каршы күрөшүү сыяктуу маселелери талкууланган. Мындан тышкары, 2003-2004-жылдарда кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер ортосунда кабыл алынган программанын аткарылышы жана кылмыш жолу менен табылган акчаны адалдоого каршы күрөштүн жолдорун тактоого проблемаларын талкуулаган.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 2004-жылдын 28-октябрында Эларалык валюта фонддун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда Кыргызстандын 2005-жылкы бюджети, өлкөдөгү майда жана орто бизнес тармагын өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан. Т. Саавалайнен өлкөдө жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча программа негизинен аткарылып жаткандыгын билдирип, Эл аралык валюта фонду Кыргызстандагы Салык Кодексинин кайрадан каралып жатышын колго аларлык иш-чара катары баалаган.
«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын демилгеси менен 2005-жылдын 28-октябрь күнү Бишкектин борбордук «Алатоо» аянтында уюштурулган митингге миңден ашуун адам катышты. Алар колдоруна «Кылмыш дүйнөсүнө каршы эл биримдикте», «Биз-Феликс Куловду колдойбуз!», «Элдин президенти бар!» деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Аталган коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов президент Курманбек Бакиевдин иш аракеттерин сынга алып, кылмыш дүйнөсү менен чечкиндүү күрөшүүгө чакырды. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди уюшкан кылмышкерлер менен сүйлөшүүлөргө барып, аларды тымызын колдоодо деген көз карашын билдирген.
Айтылуу Жайыл баатырдын 300 жыолдыгына арналган майрамдык салтанат 2006-жылдын 28-октябрь күнү Кара Балта шаарында белгиленди. Жайыл баатыр кыргыз деп кылыч кармап, убагында жер-сууга көз арткан калмак жана коңшу калктардын дымагын токтоткон белгилүү тарыхый инсандардан болгон. Жайыл баатырдын эсепсиз эрдиги эл эсинде сакталып, санжыра болуп айтылып калган. Майрамдык салтанатта Жайыл баатырдын өз мекенин тышкы баскынчылардан коргогон каармандыгы көрсөтүлүп, тарыхый инсандын жаркын элесин эл эсинде сактоо керектиги белгиленген.
Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)