Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

25-июнь: Тарых барактары


Орусия падышасынын Томск шаарындагы жергиликтүү бийлиги энесайлык кыргыздардын чапкынына кабылып турушкан. Кыргыз чапкынына жооп ирээтинде, Томь воеводалыгы 1609-жылдын 25-июнунда кыргыз бийлигине каршы 300 адамдан турган аскер жөнөткөн. Орус жоокерлери кыргыздарга түн жамынып кол салган. Кыргыздардын көбү качып, калган аял, балдарды орус аскерлери өлтүрүп, 3000 чамалуу малды олжого алышкан.

1916-жылкы көтөрүлүш кыргыз тарыхындагы оор окуялардын катарына кирет. Кыргыз калкынын башына үйүлгөн мүшкүл иш Орусия падышасынын 1916-жылдын 25-июнь күнкү чыгарган жардыгынан улам башталган. Падышанын жардыгына ылайык Түркстандагы жашы 19-43 аралыгындагы эркектерди фронттогу оорук иштерине тартууга буйрук берилген. Ансыз да өзүмбилди бийлигинен, өрүш толгон жеринен айрылып, бугу ичине батпай турган элге падышанын согушка жан бергиле деген жардыгы саманга от койгондой дүрмөт болуп берген.

Фрунзе атындагы машина куруу заводунун жумушчусу А. Тыринди Коммунисттик партия мүчөлүгүнөн чыгаруу туурасындагы макала «Советская Киргизия» гезитинин 1964-жылдын 25-июнь күнкү санына жарыяланган. Завод жамааты А. Тыринди совет бийлигин жамандаганы үчүн айыптап, ал түн жамынып, “душмандардын” «Азаттык» жана «ББС» радиолорун угат деп күнөөлөшкөн.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине биринчи шайлоо 1938-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн. Шайлоо комиссиясы чыгарган жыйынтыкка ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттыгына биринчи депутат болуп, № 16 Фрунзе шайлоо чөлкөмүнөн Иосиф Сталин, Нарын чөлкөмүнөн Николай Ежов шайланган.

Кыргыз медициналык институтунун жетекчиси Иса Ахунбаев 1948-жылдын 25-июнунда Москва шаарында доктордук диссертациясын жактаган. Иса Коноевичтин диссертациясы «Чүй өрөөнүндөгү эндомикалык богок» деген темада болгон. Автордун диссертациясы адистердин колдоосуна татып, Иса Ахунбаев кыргыздан чыккан биринчи илим доктору болуп калган.

25-июнь – жер шаарындагы 270.000.000 чамалуу славян калктарынын биримдик күнү. Славяндар азыркы Европанын Белоруссия, Болгария, Босния жана Герцоговина, Македония, Польша, Орусия, Словакия, Сербия, Словения, Украина, Хорватия, Черногория, Чехия өлкөлөрүндө калктын басымдуу бөлүгүн түзөт.

Мартин Лютердин макулдугу менен анын жакын шакирти Филипп Меланхтон 1530-жылдын 25-июнь күнү Аугсбургск рейхстагында лютерандык ишенимдин негиздери туурасында билдирүү жасаган.

Орус императору Пётр III 1762-жылдын 25-июнунда православ менен лютерандык чиркөөлөрдүн укуктарын теңдеген.

Француз химиги Антуан Лоран Лавуазье 1783-жылдын 25-июнь күнкү Париж илимдер академиясынын жыйынында суу – водород менен кислороддун кошулушу экендигин аныктаган билдирүү жасаган.

Виржиния 1788-жылдын 25-июнунда АКШнын онунчу штаты болуп калган.

Франциядагы революциядан кийин Екатерина II 1794-жылдын 25-июнунда Орусияда француздук товарларды сатууга тыюу салган.

Санкт-Петербургдагы Казан соборунда 1813-жылдын 25-июнунда улуу орус аскер башчысы Михаил Илларионович Голенищев-Кутузовдун сөөгү коюлган.

Сёгун Токугава 1863-жылдын 25-июнунда Жапониядан бардык чет өлкөлүктөрдү кууп чыгаруу туурасында буйрук берген.

Советтер Союзундагы саясий сүргүнчүлөр менен саясий камактагылардын коому 1935-жылдын 25-июнунда таратылган.

Париж шаарында өткөрүлгөн жазуучулардын эл аралык конгрессинде 1935-жылдын 25-июнь күнү маданиятты коргоо максатында жазуучулардын эл аралык ассоциациясын уюшулган.

СССР 1946-жылдын 25-июнунда Эл аралык футбол федерациясына кошулган.

КПСС БКнын саясий бюросунда Л. П. Берия 1953-жылдын 25-июнь күнү камакка алынган.

Москва шаарынын Сокольники жергесинде Америкалык улуттук көргөзмө 1959-жылдын 25-июнь күнү ачылган.

Советтер Союзунун биринчи «Космос-122» метеоспутниги 1966-жылдын 25-июнунда учурулган.

Словения менен Хорватия 1991-жылдын 25-июнунда Югославиядан бөлүнүп, эгемендигин жар салышкан.

Кытай Элдик Республикасы 2009-жылдын 25-июнь күнү Google компаниясын порнография тараткан деп айыптап, Кытайда компаниянын сайтын жапкан.
XS
SM
MD
LG