Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:24

Кыргызстан

М.Бакиевдин алгачкы иш сапары Кытайдан башталды

Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Маским Бакиев жетектеген делегация Кытайда энергетика, темир жол маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Маским Бакиев (ортодо).
Текст көлөмү - +
Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси, Президенттин кичүү уулу Максим Бакиев жетектеген делегация ушул тапта Кытай Эл республикасында энергетика, темир жол, транспорт маселелери боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев буга чейин өлкө башчысы өзүнүн бийлигин күчтөндүрүү максатында түзгөн Президенттик институтка уулу Максим Бакиевдин таасири күч экени анын Кытайга биринчи жолку иш сапарында эле айдан ачык болуп турат дейт.

Атайын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги болгондон кийин мамлекеттин атынан кыргыз делегациясын Тышкы иштер министрлиги жетектеп барышы керек эле.

Бул жерде Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевдин делегацияны жетектеп барганы кызык болуп жатпайбы.

Темир Сариев белгилегендей Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик өкмөттүн ыйгарым укуктарын өзүнө алып, өкмөттүн ыйгарым укуктары, аткаруучу милдеттери чектелип кала турган болду.

- Өкмөттүн өз алдынча жүргүзө турган саясаты жок. Анткени ушуга чейин министрликтердин жоболору бекитилбей. Орун басарлары бекитилбей эки анжы болуп келатышат. Өкмөт бир гана статистика менен алектенбей эми көчө шыпырып, жер тазалай турган өкмөткө айланып кала турган болду.

Калганынын бардыгын тең президент, президенттин жакын адамдары башкарат, 
- деди Темир Сариев

Ал эми Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаев болсо Максим Бакиев жетектеген агенттик Кытайбы же башка өлкөлөр мененби сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимге кол коюшканы менен жоопкерчиликти өкмөт сыяктуу мойнуна албайт деп
эсептейт.

- Азыр чечкендер бир эле үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатат. Бирок кийин кандайдыр бир катачылык кетип, эл арасында нааразылык кеткенде “стрелканы” өкмөткө буруп, мына өкмөт башчы күнөөлү деп айтышат.

А чындыгында азыр бардыгыбыз эле көрүп жатабыз го. Бардыгын чечкен, башкаргандар үй-бүлө мүчөлөрү болуп жатат.

Алмаз Атамбаев Баш мыйзамды бузгандар өз билгенин кылып жатат деп санайт.

- Конституция боюнча Тышкы иштер мамлекеттик министрлигин же Каржы министрин башкара турган адам президенттин баласы, жээни, жакын туугандары эмес да. Премьер-министр башкарат. Эми бизде Конституция бузулуп атат. Өзүңөр билесиңер,  Конституцияны бузду деп Балыкчыда 19 адам күнөөсүз кесилип кетти. Конституцияны бузуп аткандар, тебелеп жаткандар Кыргызстанды башкарып жатат. Ушундай бир мезгил келди. Бийлик демократия деп ойнобой эле, элди алдабай эле “Кокон хандыгы түзүлдү. Мен хан болдум” деп айтып койсо болмок.

Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин инвестиция жана инновациялык кызмат бөлүмүнүн башчысы Кудурет Маатов буга чейин өкмөттө инвестицияларды тартуу боюнча атайын кызмат болбогонун, бул багытта ар бир министрлик өз алдынча баш аламан иш алып барганын белгиледи.

Анын айтымында, аталган агенттик түзүлгөндөн кийин инвестицияларды тартуу иши иретке келтирилди.

“Президенттик институттун алдындагы аталган агенттик Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө бир топ салым кошуп, пайда алып келет. Анын экономиканы көтөрүүгө багытталган ишин саясатка аралаштыруунун кажети жок”,  - дейт Маатов.

Президенттин катчылыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш сапары маалында Максим Бакиевдин Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Чжан Дэцзян менен жолугушуусу ийгиликтүү өттү.

Ал ошондой эле Кытайдын темир жолдор министри Лю Чжицзюн менен жолугушуп, «Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоордун тегерегинде сүйлөшүү жүргүздү.

Кыргыз делегациясы Аэрокосмос илимдери жана өнөр жайынын Кытай корпорациясында болушуп, корпорациянын иши менен жакындан таанышты.

Максим Бакиев мырза бул сапары учурунда Эксимбанк президенти Ли Жогу, Өнүктүрүү банкынын президенти Чжан Чаолян менен жолугушуусу болжолдонууда.

Президенттин уулу Максим Бакиев жетектеген делегациянын курамында тышкы иштер боюнча мамлекеттик министр Кадырбек Сарбаев, каржы министри Марат Султанов, энергетика министри Ильяс Давыдов, өкмөт алдындагы каржылык базарын (рыногун)  көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Бакыт Закиров, Максим Бакиевдин орун басары Алексей Елисеев менен Азамат Диканбаев, каржы, отун-кубат (энергетика) жана транспорттук компаниялардын, “Дастан”, “Кыргызагрокорпорациянын” жетекчилери бар.

Алар Бээжин жана Шанхай шаарларында болуп, Шанхай баалуу кагаздар биржасынын жетекчилиги менен дагы жолугушуусу күтүлүүдө.

Максим Бакиев баштаган делегациянын иш сапары 13-январда соңуна чыгат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ШамАй каяктан: Астана
12.01.2010 13:45
"Кибаевдердин" чалып жаткан "ботко саясатына" "бирдеке" деп пикир айтмак турсун окуган эле жерден журок айланып, "окшуй" баштачу болдум, кечирип койгула.
Данчикти айтасынар, Макстын алдында азыр анын керек болсо пешкачалык да баркы жок,
ал эмес атасы Бакиев озунун эн жогорку даражадагы кызматы кандай чектелип калганына тушунбой деле калбадыбы.
"Бешиктен" бели чыга элек "пацан" эки чылбыр бир тизгинди колуна алды, эми Данчик (Усенов) менен Зайчикти (Курманов) далыга дукулдото муштап, алдыдагы "булганыч дайрадан" эптеп отуп алса,андан сон садага чабыла турган "сары улактар" дал ушул экоо болот. Эсиниздерге жара чыкпаса Бакиевдин кочугу креслодон шыпырылып тушуп калганда кайра туздоп отургузуп, он солу менен бирдей тил табышып, ордун, бийлигин бекемдеп берген айтылуу МЧСти (жанындагы эки кишинин да убалынан коркпой) кандай мыкаачылык менен орттоп жок кылышканын бутундой журт билет го.
Кыскасы, кыргыз учун Бакиевдер жамандыктан башка олуп баратса да кымындай жакшылык кылышпаарына боркунордой гана ишене бергиле. А бул иш сапар болсо Макстын озунун кийинки жаркын келечеги учун башталган "расмий" улуу кадамы.

кимден: Бектур каяктан: Москва
11.01.2010 22:41
Эми Д.Усоновдун кереги деле жок болду. Эртен Окмотту жетелеп,Максимбай Москвага, Путинге жолукканы келет го, коллега экенбиз деп! Путин кыргыздарга тан калат го, булар дагы эмнени баштап атышат деп! А Усонов эми отставкага кете берсе болот.

кимден: кубан каяктан: Бишкек
11.01.2010 20:59
Ошондой кыйын болсо ушул Максимди Өзбекстанга жибериш керек эле. Чек-ара, газ маселесин жакшылап чечип кел деп. Атасы ойлогондой кыйын кадр экенин көрөт элек. Жөн эле жан-жөкөр ээрчитип Кытайга саякаттап бизнесин өнүктүрүп жүрөт.
Инновация, өнүктүрүү фондунун башчысы болсо биздин өзүбүздүн түштүктөгү мунай ресурсун өнүктүрсүнчү.

кимден: chingiz
11.01.2010 20:23
suyloy berip tilibiz teshildi go! Jok degene maynap chiksa eken! oshl jaktan!

кимден: bakit каяктан: Stockholm
11.01.2010 20:18
Эч кандай опыт жок, жаш, (орусча айтканда пацан) ушинтип министрлерди баш көз болуп каалаган жагына ээрчитип калабы? Бул бизнеске көнгөн адам эптеп эле өзүнө пайда табууну көздөп калат го эми. Елисеев эмне кылып жүрөт ал жакта?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине