Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Кыргызстан Гаитиге кандай жардам берди?


Үстүбүздөгү жылдын 12-январында Гаитиде катуу жер титирөө болуп, андан 200 миңге жакын адам набыт болгону маалымдалууда. Гаитиликтерге дүйнөнүн көп өлкөлөрү жардам берип, белгилүү шоу-жылдыздары, маданият ишмерлери кайрымдуулук чараларын уюштурууда. Ал эми Кыргызстанда мындай иштер жүргүзүлгөн жок.

Тогуз миллиондой калкы бар Гаитиде күчү дээрлик 7 баллга чейин жеткен жер титирөө 12-январда катталды. Мындай ири зилзалада 200 миңге жакын адам каза болуп, үч миллиондой киши үй-жайсыз калганы маалымдалууда. Гаитинин борбору Порт-о-Пренстин үчтөн бир бөлүгү толугу менен кыйроого учураган.

Мындай ири кырсыктан жапа чеккен гаитиликтерге көптөгөн мамлекеттер жардам көрсөтүп, куткаруучуларды, дары-дармек, тамак-аш жөнөтүшүүдө. Кечээ жакында эле Лондондо жети жаштагы бала Гаитидеги жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам катары эки жүз миң долллардан ашык каражат топтоду. Ата-энесинин жардамы менен Чарли Симпсон аттуу бала гуманитардык жардам берүү үчүн түзүлгөн веб-сайтка өзүнүн жеке баракчасын ачып, анда өзүнүн кайрымдуулук чарасы тууралуу жазган.
Кайрымдуулук кылуу, гумандуулук өңдүү түшүнүктөр тууралуу эки-үч муун алмашкан соң гана сөз кылсак болот го.


Мындан соң велосипед менен ал жактагы паркты кыдырып чыккан. Сегиз километр жол жүргөн соң, интернеттеги өз баракчасын карап, дүйнөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн кайдыгер эмес адамдар бир топ акча которгонун көргөн. ЮНИСЕФ боорукер балага ыраазычылык билдирип, ал чогулткан каражат гаитилик балдарга жумшаларын билдирди.

Дипломатия жок, жардам да болбойт

Ал эми Кыргызстан тараптан аталган өлкөгө жардам берилген жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Министрликтин коллегиясы болгондо Гаитидеги кырсыкты мисал катары гана талкууладык. Ал эми жардам тууралуу эч кандай сөз болгон жок.

К. Досумбетовдун айтымында, гуманитардык жардам жиберилбегендигинин себеби жолдун алыстыгы жана эки өлкө ортосунда дипломатиялык карым-катнаштардын жоктугу.

Өлкөдө кайрымдуулук менен алектенген ар кыл фонд, уюмдар тараптан дагы Гаитиге жардам көрсөтүлгөн жок. Бириккен Улуттар уюмунун маалымат кызматынын өкүлү Кайрат Мурзакаримов буларды айтат:
Мен керек болсо күрөк алып гаитиликтерге жардам берүүгө даярмын.


- Гаитиге жардам биздин штаб-квартирабыздан берилди. Бирок Кыргызстан тууралуу айтсак, бул жактан биздин уюм аркылуу эч кандай жардам берген жокпуз.

Кызыл чырым, Кызыл жарым ай өңдүү эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү аркылуу да кырсыктан жабыр тарткандарга гуманитардык жардам берилген жок. Кызыл чырым уюмунун басма сөз катчысы Светлана Швачева буларды айтат:

- Биринчиден, бизде экономикалык кризис, элдин ашыкча акчасы жок. Экинчиден, каражат болгон күндө да бул биздин элге бир аз жат. Кайрымдуулук кылуу, гумандуулук өңдүү түшүнүктөр тууралуу эки-үч муун алмашкан соң гана сөз кылсак болот го. Бирок кантсе да калкты кайрымдуулук кылбайсыңар деп күнөөлөө болбойт, анткени коом өзү ушундай.

Кайрымдуулук кыргыз элинин канында бар

Студент Залкардын айтымында, жакырчылыкка жарым-жартылай баткан кыргыз эли Гаити эмес, өзү колдоого муктаж чагы:

- Бизде деле канчалаган кырсыктар, жер көчкү, зилзала болуп атпайбы, ага Гаити жардам берген жок го. Мейли, муну эске албаган күндө деле учурда каражат жактан кризис болуп атпайбы. Анан элде тээ алыстагы Гаитиге жардам берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Жол болсо ушунча алыс болсо, гуманитардык жардам ал жакка жеткиче канча убакыт, канча каражат кетет?

“Кебел” жаштар уюмунун жетекчиси Мирзат Ажиев кандай болгон күндө да гаитиликтерге жардам берүү үчүн мамлекет иш-чара уюшурса калк сөзсүз түрдө муну колдойт эле дейт:
Мен өзүм пенсионермин, эгерде атайын банктык эсеп ачылса бир айлык пенсиямды которгонго даярмын.


- Албетте биз Гаитиге өтө чоң жардам бере албайбыз. Бирок мамлекет бул жаатта иш-чара уюштурса аз да болсо колдон келген жардамды бермекпиз.

Жогорудагыдай пикирлерин сурамжылоого катышкан Бишкек шаарынын тургундары да билдиришти:

Бакыт: Албетте ал кырсык тууралуу угуп, сыналгыдан көрүп атам. Аларга жардам берет болчумун. Эми биз студенттербиз да, ошондуктан көп болбосо да беш-он сомдон чогултмакпыз.

Айна: Бул жүрөктү ооруткан оор кырсык болду. Мен өзүм пенсионермин, эгерде атайын банктык эсеп ачылса бир айлык пенсиямды которгонго даярмын.

Илим: Мен керек болсо күрөк алып гаитиликтерге жардам берүүгө даярмын. Акчалай деле аз-аз болсо да колдоо берет болчумун.

Элмира: Гаитидеги зилзаланы көрүп аябай жаман болуп атам. Албетте жардам берүү керек. Алыс болсок деле. Мен, мисалы, өзүм китеп жазам. Ошол китептеримен берет элем, бирок алар кыргызча түшүнүшпөйт да.

Ошентип сурамжылоого катышкандардын көбү эгерде гаитиликтерге жардам берүү боюнча акция уюштурулса, колдон келген жардамды беришерин айтышты.

Гаитиде катуу зилзала болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
XS
SM
MD
LG