Угуу

Азыр ободо

Кечки Азаттык-2 (2-чыгарылыш)

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,4825
KGS / 
EUR
60,246
KGS / 
USD
44,736

Сөз таануу

Эл үнү

Ошто кош бойлуу 22 аялдан ВИЧ вирусу табылды

14.12.2009

Оштогу СПИД борбору жыл башынан бери Ош шаарынын өзүндө эле кош бойлуу 22 аялдан ВИЧ илдети табылганын маалымдады. Аталган борбордун ырасташынча, бойкат аялдар бул дартты жыныстык жол аркылуу жуктуруп алышкан.

Учурда жергиликтүү саламаттыкты сактоо адистери илдетке чалдыккан энелерден төрөлгөн ымыркайларга ВИЧ дартын жуктурбоо аракетин көрүшүүдө. Адистер соңку кезде Ош аймагында ВИЧ илдети көбүнесе энелер менен ымыркайлардан табылып жатканына тынчсызданууларын билдиришип, бул дарттын жайылышына миграция агымы да башкы себеп болуп жатканын белгилешүүдө.

Жыйырма эки аялдын ВИЧ вирусун жуктуруп алган окуя - бул Ош шаарынын өзүндө эле катталган факты. СПИДке каршы күрөшүү жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдар бул сан облус боюнча дагы бир кыйла көбүрөөк болушу мүмкүн экендигин айтып жатышат.
ВИЧ илдети менен катталгандардын саны Кыргызстанда 2671 адамга жеткен. Анын ичинен 1880и эркектер, 635и аялдар.


Оштогу СПИД борборунун башкы дарыгери Элмира Нарматова учурда ВИЧке кабылган 22 аял дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, алар илдеттин энеден балага өтүп кетүүсүнүн алдын-алуу аракеттерин көрүп жатышканын айтты:

- Аялдардын бардыгы диспансердик каттоого алынды. Боюнда барлар үчүн төрөттүн алдын-ала бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатышат. Эгер ошол иш-чаралар өз убагында жүргүзүлсө, дени сак бала төрөлөт.

Адистер Ош аймагындагы ВИЧке чалдыккан миңден ашуун жарандардын катарын, соңку кезде көбүнесе энелер менен балдар толуктап жатканына тынчсызданышууда. Башкы дарыгердин айтымында, аялдар илдетти жыныстык жол аркылуу жуктуруп жатышат. Алардын күйөөлөрү баңги зат колдонгондор, же чет жерде мигрант болуп иштеп келгендер, дейт Нарматова.

- 70-80 пайызы баңги затты ийне менен колдонгондордон жугат. Алардын аялдарына жыныстык жол аркылуу өтөт. Бизде ички-тышкы миграция күчтүү болгон үчүн Орусияда иштегендер көп, аларды өлкөдөн чыгарда текшеребиз, кайра мекенине кайтканда текшерүүдөн өтпөй жатышат.

Ооруну жашырып, туңгуюкка кептелип...

Кыргызстандын Ош аймагы СПИД илдетине кабылгандар көрсөткүчү боюнча алдыңкы орунда саналып келүүдө. Бул аймак мындан эки жыл мурун ымыркайлар арасында ВИЧтин тарашы менен айырмаланган болчу. Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам Ноокаттагы жана Кара-Суудагы ооруканаларда ондогон ымыркайларга, андан соң аялдарга ВИЧ дарты жугуп, бир катар медицина кызматкерлери сот жообуна да тартылган. Дал ошол ооруканадан ВИЧ инфекциясын жуктурган аял, азырга чейин айылдаштары тарабынан ар кандай басмырлоолорго кабылып келатканын айтат:
Аялдар илдетти жыныстык жол аркылуу жуктуруп жатышат. Алардын күйөөлөрү баңги зат колдонгондор, же чет жерде мигрант болуп иштеп келгендер.


- Балким мага окшоп ВИЧке кабылгандар айылда ондоп саналаттыр. Бирок алар ачыкка чыгуудан, баласынын дартын элге жарыялоодон уялышат, коркушат. Менин балам деле ичи тынымсыз ооруп, алы кеткенинен ооруканага көрсөтүп, ушундай илдетке чалдыкканын уктум. Башкалар болсо, дарыгерге кайрылуудан да чочулашат.

Атын атоодон баш тарткан бул аял сыяктуу ВИЧке кабылган энелер, жергиликтүү жашоочулардын, ал эмес өз туугандарынын да басмырлоосуна, мазактоосуна чыдабай жер которуп кетүүгө, бир катары ажырашууга мажбур болушкан. Оштогу «Рейн боу» коомдук фондунун жетекчиси Султан Мамытов:

- Үй-бүлөнүн ичинде да басмырлоолор болот. Көбүнчө, кайнене-кайнаталар илдетке кабылган келинин ата-энесинин үйүнө алып барып беришет. Өз үйүнө барса ал жакта байкелери, инилери да каршылык көрсөткөн учурлар бар.

Бейөкмөт уюмдардын кооптонуусуна караганда быйылкы жылы ВИЧ жуктурган аялдар да Ноокаттагы энелердей эле катуу басмырлоолорго кабылышы толук ыктымал. Муну алдын-алуу үчүн мамлекет жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин күчөтүшү зарыл.

Расмий булактарда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны Кыргызстанда 2671 адамга жеткен. Анын ичинен 1880и эркектер, 635и аялдар.

Тасмада: СПИД: Тооруган дарттын торунда

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 1-Декабрь - СПИД менен күрөш күнүнө арналды. "Тооруган дарттын торунда" деп аталган берүүдөн үзүндү сунуш кылабыз. ZMa, SA, MiT.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: boxa каяктан: moskva
15.12.2009 19:31
Спид биздин өлкөгө каяктан келди ,ошол жетишкен өлкөлөрдөн келди.Спидди токтоштун жолу,аялыңдан башкага барба,күйөөндү башкага бербе.

кимден: chingiz
15.12.2009 15:43
Duynodo en kop spitke karsi ish chara korgon olkolordo oshoncholuk spit payizi kop. Alardin korsotkol jol menen kuroshuu ishke jarabayt demekchimin. Andan koro elibizdin iymanini jana madaniyatini kotorush uchun ish charalar korush kerek. oshondo gana spit azayat akiri jok bolot. Jinistik baylanishka kirbese, narkokuramduu nerselerdi koldonboso spit jukpayt da. anan uylonup jatkanda uyalbay ele eki tarap da kontroldon otush kerek.
     
Текст көлөмү - +

Эл үнү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.  Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы.  Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи.  Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)