Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:18

Кыргызстан

“Ачык саясат”, “Назар” бийлик сунушун четке каккан үчүн жабылдыбы?

Бул эки гезиттин ээси Бабырбек Жээнбеков басылмаларын бийликке иштетүү тууралуу сунуш түшкөнүн, бирок аны четке каккан соң басылмалары жабылып жатканын билдирди. Учурда АКШда жашап жаткан уулу Равшан Жээнбековго да кызмат сунушталганын айтты.

Текст көлөмү - +
Гезиттерди жабуу жөнүндө чечим чыгарган Биринчи май райондук соттун судьялары иш тергелип бүткүчөктү комментарий берилбесин билдиришти.

Бабырбек Жээнбековдун айтымында, ага ушул жылдын 25-февралында өкмөттөгү аттуу-баштуу аткаминер чалып сүйлөшүүгө чакырган. Ал президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин атынан чыгып жатканын айтып Б. Жээнбековго гезиттерин бийлик үчүн иштетүүнү сунуштаган. Учурда АКШда жашап жаткан уулу, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбековго да кызмат берилерин кошумчалаган:

- Эгерде силер үч гезитиңерди Максим Бакиевге иштетип берсеңер силердин эч кандай проблемаңар болбойт. Кызматы да, башкасы да болот. Гезитиңерди иштетип беришиңер гана керек, деди. Мен андан “Бакиевдин бийлиги менен иштеше албайбыз”, - деп баш тарттым. Ортодо дагы башка нерселер бар, мен эми аны азыр ачык айткым келбейт. Бирок мен баш тарткандан кийин ушул иштер башталып жатат.

“Азаттык” бул өкмөт мүчөсү менен байланышууга аракет жасап, бирок андан майнап чыккан жок.

17-мартта Башкы прокуратуранын сунушу менен Биринчи май райондук соту “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттерин басып чыгарууга тыйуу салды. Буга аталган басылмаларда жарыяланган “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбековдун кайрылуусу себеп болгон. Башкы прокуратура кайрылуу президент Курманбек Бакиевдин кадыр-баркына шек келтирди деп айыптап, гезиттерди беш миллион сомго доого жыкканы маалым.

Биринчи май райондук сотундагы бул ишти тергеп жаткан судьянын бири Эмил Аксамаев иш тергөөдө болгондуктан анын чоо-жайын айтуудан баш тартты:

- "Назар" гезити тууралуу айта албайм, бирок “Ачык саясат” боюнча иш менде турат. Ишти карап бүтмөйүнчө комментарий берүүгө мыйзам тыйуу салат. 

16-мартта Башкы прокуратура Б. Жээнбеков менен кошо “Назар” гезитинин редактору Айгүл Бакееваны чакырган. Б. Жээнбековдун айтымында, анда он күндүн аралыгында кайрылуудагы президент Бакиев жөнүндө айтылгандарды гезит аркылуу жокко чыгарууга милдеттендирилген. Баш редактор буга макул болбой гезиттин жаңы санына кайрылууда айтылгандарды далилдөө максатында макалаларды жазаарын айткан:

- “Бакиевдерге жана Башкы прокуратурага жооп”, деп жаздым. “Эгерде Равшан Жээнбеков өзүнүн пикирин толук айтып бере албаган болсо, анда мен “Ачык саясаттын” эмки санына баштап ошол фактыларды далилдеп берүүгө аракет кылам, мен окурмандарга ошол далилдерди берем”, - деп жазгам. Тилекке каршы ага жеткирбей газетаны жаап жатышат. Бирок биз баарыбир башка каналдар аркылуу бул фактыларды элге жеткирүүгө аракет кылабыз, - дейт Б. Жээнбеков. 

Оппозициялык “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттеринин жабылышы өлкөдө соңку учурда сөз эркиндигин чектөө үчүн жаңы чабуулдар башталды деген сөздөрдү огобетер күчөттү.

Буга чейин көптөгөн жерлерде “Азаттык” үналгысын уктуруусунун чектелиши, айрым сайттардын ачылбай жатышы жергиликтүү жана эл аралык коомчулукту катуу тынчсыздандырып жаткан.

Антсе да бийлик өкүлдөрү басма сөз жогортон кысмакка алынууда дегенди жокко чыгарып келишет. Президенттин катчылыгынын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков “Азаттыкка” басма сөз майданындагы соңку окуяларда бийликтин аракети деп баалоого болбой турганын айткан:

- Кысым болуп атат деген сөздөрдү далили жана негизи жок айтыштан мурун карманып туруу өтүнүчүн айтат элем. Себеби чынында эле бийликтин өкүлдөрүнүн таасири болуп атабы же жокпу, белгилүү эмес. Ошондуктан муну текшерип карап чыгышыбыз керек.

Кыргызстанда буга чейин да бийлик өкүлдөрүнүн кадыр-баркына шек келтирди деген кине менен гезиттер жабылган. 2008-жылы “Де-факто” менен “Алиби” гезиттери президенттин жакын туугандарынын арызы менен соттолуп, бир миллион сом айып пул салынган. "Де-фактонун” редактору Чолпон Орозобекова башка өлкөгө башпаанек издеп качып кетүүгө аргасыз болгон.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жыргал каяктан: Талас
20.03.2010 18:48
Депутат Кадыров Кубанычбек эр журок жигит экен, откондо коркпой туруп Бакиев балдары Марат, Максим менен сотторду кысып Кубанычка мыйзамсыз иш козгогонун, жана бугунку корунукту саясатчыларга дагы кысым корсотуп мыйзамсыз иштерди козготуп жатканын бетин ачты, кордунуздорбу жон киши айтса ойломокпуз. Ошондуктан Талас эли уй-булолук бийлике каршы чыгып куугунтуктагы жана камактагы эр азаматтарыбызды бошотуп алалы. Кубаныч биз Талас жаштары сени менен, президентик шайлоодо Бакиевтерге каршы чыгып чоголобой койгонун ЭРКЕКТИК , аман бол.

кимден: Кыргыз каяктан: мигрант
20.03.2010 11:20
Бабырбек Жээнбеков карапайым калкты жактаганы учун ыраазычылык билдирем.

кимден: Adilettylyk каяктан: adiletsizdikti jenet
20.03.2010 03:19
Bakievdin takyr ele bashy ailanyp, balasyna, tuugandaryna emi siler emne kylsanar osho kylgyla dep, bashyn mykchyp karmap oturgany elestet. Chyndygynda oshentip jatsa kerek. Bulardyn uyatsyz, akylsyz kadamdary kyrgyz elin chylaga oturguzup jatkany alarga baary bir. Kanday zookyr "yi-byloogo", prezidentke tush bolgonbuz. Anday boldu, Kyrgyzstandy 5 mln, 200 min dey adamyn kosho satyp, ozdory bashka mamleketti mamleket kylyp ketishsin. Ansyz dele alchusun alyp, omyrlory oktkoncho bailykty degi chogultushtu. Bulardyn dagy kyny bytot, bir az kaldy okshoit.

кимден: Кубаныч каяктан: москва
19.03.2010 23:50
Тагдырыбыз жараткан АЛЛАХТЫН, гана колунда муну эч качан унутпашыбыз керек.А Бакиев жана башка башчылар болсо жараткан ЭГЕМДИН сынап берген мансабын туура пайдалана албай жаткан кичинекей макулуктар.

кимден: АйБулЭмне каяктан: Айталбайм,айтсам куугунтукталам!
19.03.2010 22:45
Кызмат берем дегени кызык экен? Ошол аткаминбейкалгырдын аты-жонун бизге деле айтпайсызбы??? Ушинтип эле элдер кызмат алышса, анда бул кандай болот?...

кимден: ЧЕК-АРА, КООПСУЗДУК каяктан: ТЕРРИТОРИЯЛЫК БҮТҮНДҮК
19.03.2010 21:50
Исмаил Исаков кылмыш жасады дейт.Анан кечирим сураса анын маселесин карайм дейт.Р.Жээнбековду куугунтуктайт.Анан эле кызмат сунуш кылат.Бакиевге такыр түшүнө албадым.Тагдырыбыз кимдин колунда?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине