Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:16

Эркиндик

“Азаттыкты” коргоо кыймылынын акциясын милиция токтотту

Бүгүн саат ондо УТРКнын алдына “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров “Азаттык” үналгысынын үнүн жалпы Кыргызстан аймагына жеткирүү талабы менен нааразылык чарасына чыккан. Бирок милициянын кийлигишүүсүнөн улам ал акциясын көп узабай токтотууга аргасыз болду.

x
Текст көлөмү - +
Өндүрүш Токтоназаров талаптары жазылган кагазын жая электе эле мурдатан даярданып турган Ленин районунун милициясы келип, чакырыктарын алып койду. Андан кийин ага Ленин райондук прокурору Г.Кожокулованын атынан эскертүү тапшырылып, акцияны токтотууга үч мүнөт убакыт берилди.

Ленин райондук прокуратурасы өз эскертүүсүндө Бишкек шаардык мериясынын № 401 токтомуна ылайык, тынч жыйындар Толстой, Термечиков, Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен чектелген эс алуу багынын аянтында гана өткөрүлүшү керек деп жазат.

Буга жооп ирээт Өндүрүш Токтоназаров “Баш мыйзам шаардык мэриянын токтомунан улук” деп, өз акциясын «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу; митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө» мыйзамына ылайык өткөрүп жатканын, бул үчүн он эки күн мурда Бишкек шаардык мэриясына кат аркылуу билдирилгенин айтты.

Милиция үч мүнөт аралыгында камакка алынарын эскерткенден кийин гана акция катышуучусу кетүүгө аргасыз болду. Окуяга ЕККУ уюмунан өкүлдөрү жана журналисттер байкоо салып турушту.

Өндүрүш Токтоназаров милиция аны буга чейин эле акциядан баш тартууга үндөп, түшүнүк кат жазууга мажбурлаганын билдирет.

Милиция “административдик тартипти бузду” деген негиз менен акцияга чыккандары камакка алат деп кооптонгон Ө. Токтоназаров бүгүн Улуттук теле-радио корпорация алдына жалгыз чыгып, “Азаттык ” берүүлөрүн обого чыгарууну бийликтен талап кылмакчы болгон. УТРК жетекчилиги бул иш-чарага карата эч кандай мамилесин билдирген жок.

“Азаттык” үналгысынын теледолбоорлору жана радиоуктуруулары 2005-жылдын март айынан кийин жалпы республикага УТРК аркылуу тарай баштаган. Көп өтпөй улуттук телеканал келишимди бир тараптуу бузуп, “Азаттыктын” радио жана телеберүүлөрүн берүүнү токтоткон.
Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Nur каяктан: Bishkek
30.01.2010 09:02
Jarait agai!
Bayagy studenttedei bolup,100-1000 degen kishi ak futbolkaga
"Azattyk" 1-2 kanalda berilsin!!!! degen uraan jazyp alyp,ayanttarda,kocholordo 1 kun kechke ary-beri basyp juro berishse ,milisiya toktotkongo ukugu jok bolmok.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.01.2010 11:01
Азаматсыз, Өндүрүш байке! Сиздей адамдар менен сыймыктанам! А эми милицияга сөз жок, алар жарандардын укугун коргобой, бийликтин овчаркалары болуп калганын бүткүл Кыргызстан билет. ошондуктан ишенич бул органдарга ЖОК! Эл милицияга ишенбейт

кимден: Gulnura каяктан: Stanbul
28.01.2010 19:11
O.Toknazarov sizge alkish.Birok munun baarin Ajo kilip jatat,Baardik jerlerge miting chigarip jatkansip,mitin uyushturgan jerlerdi jaap je bashka aylasin taap jatat,Ala-too aayntina dele fantandardi koydurup salbadibi,a munu kanday jol menen kurulganin kancha akcha kettkenin el bilebi?jok degende ushu jok koyboysuzbu urmattu ajo.anan kayktagi kurultaydi otkordunuz bilbeym

кимден: Аары каяктан: Ысык Көл
28.01.2010 18:44
Ушуну көрүп туруп мындай ой келет - айылдан чыныгы эшекти жетелеп келип, милициянын мундирин кийгизип, жанына чочко жетелеп - аны прокурордук форма кийгизип чыгуу керек. Уведомление-муведомление бербей эле, жөн эле.

Токтоназаров - зор граждан экен! Эң чынчыл, туура, бардык "правила Игры" менен туура ойноп, беш-алты милициянын жашоосун кызыктуу кылды.

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
28.01.2010 18:31
Немецке.
Эшимканов дегенди сурабачы жана анын атын оппозиция деген сөздөн алыс кармачы, суранайын сенден.

кимден: Кенжеке каяктан: Ысык-Кол
28.01.2010 18:28
Ой уяты жок милициялар.Жалгыз кишиге беш алтоо келгенин чаап алчудай болуп. Эмне иш жокпу силерге, аймактарга келгилечи канча кылмыш ачылбай канча иш тергелбей ивсте канча адамдар жатат.Коркок сүткорлор плакат көтөргөн бир адамга бирөөнөр эле келгенден корктуңарбы? Видиеону көрсөк тим эле тиги кишини кооркутуп атат, кетесизби же эмне кылалы деп.Анан плакатын да бербей атат., акмактар алар көнгөн колго түшкөндөрдүн акчасын буюмун тартып алып көргөн жокпус, кана доказательство жок да деп каражанын жеп танат.Менде так факт тирүү далилдер бар.Ысык-Көлгө келгилечи көзгө сайып көрсөтүп берейин.Когантиев просто кайран сөз силерге айткан!!

кимден: Mahabat каяктан: USA
28.01.2010 17:53
Ushul maseleni kotorup chykkandygy uchun Ondurush Toktonazarovgo yraazychylyk bildirem. Azattyk chyndykty betke aitkan radiolordun biri, koush kerek but Kyrgyzstan bouncha emne uchun uruksaat zhok eken? Kyrgyzstanda Demokratiya bolgondon kiyin alarga ech tyiuu salynbashy kerek, el oz talabyn bildirgenge ukugu barda misaaly USte kundo chygyshat DC nin aldyna ech kim alarga tyiuu salbait. "Obama you are really stupid go home!" dep dagy chyga berishet, ech kim tyiuu salbait sebebi Demokratiya, el ozunun oun oshol zhol menen bildirip zhatat zhana myizamda bar. Azyrky biylik emne uchun Azattyktan korkup zhatat? Demek bir nerse bar okshoit..

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.01.2010 17:14
ooba ushunday, -- zakon degen ushunday, zakondu siylagin.

кимден: немис каяктан: Германия
28.01.2010 16:42
Мынакей туугандар, азыркы бийликтин чыныгы жүзү. "Азаттыктын" жалпы элге дүйнөдөгү, Кыргызстандагы чыныгы маалыматтарды жеткирейин деген аракеттерине бөгөт койуп атышат. Эшимканов мырза кайакта??? Бир кезде ал күчтүү оппозициянын лидери эмес беле, эми эмне болду???

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.01.2010 16:06
Кыргызстан өлүп баратабы эми, ыя??!
Такыр түшүнүүгө болбойт. Эмнеге эркиндик беришпейт?
Бул жөн гана акмакчылык! Мансапкорлук! Убактылуу байлык жана кадыр-барк үчүн алдануучулук!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)