Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:24

Эл үнү

Мураталы ажы Жумановдун сөөгү жерге берилди

Узакка созулган оорудан кийин каза тапкан Кыргызстандын мурдагы муфтийи Мураталы ажы Жумановдун сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнатына арналган митингде маркумдун чечендигин, калыстыгын, патриоттуулугун жана элчилик касиеттерин жылуу эскеришти.

Текст көлөмү - +
Ошол эле учурда Ноокаттагы иш-чарага катышкандар Борбор Азиядагы жаш муфтийдин тажиясы мамлекеттик деңгээлде уюштурулбагандыгына нааразы экендиктерин белгилешти.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Мураталы ажы Жумановдун сөөгү киндик каны тамган жери Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылында акыркы сапарга узатылды.

Иш-чарага арналган митингде Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мусулман аттуунун бардыгы кайгыда олтургандыгын билдирди:

- Кечээ суук кабарды угуп кабыргабыз кайышып, абдан терең кайгыруу менен кабыл алдык. Инибиздин адамгерчилиги абдан бийик болчу. Кыргызстанда кандай гана иш болбосун, жакшылыгында да, абдан оор күндөрүндө да өзүнүн калыс сөзүн айтып, элди ынтымак-ырашкерликке жана тынччылыкка чакырып тураар эле. Эң мыктылыгы: жаш экендигине карабастан ислам динин кеңири жайылтууга өтө зор салым кошту.

Ал эми дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти, эл аралык ислам аалымдары уюмунун өкүлү Саид Баюми маркумдун элчилик жана калыстык касиеттерин жогору баалап, тууган-уруктарынын жана жердештеринин азасын тең бөлүштү:
 
- Жоготкон маркум Мураталы ажы менен жети жылдай чогуу иштештим. Аны менен чогуу-чаран жүздөгөн мечиттерди куруп, тапшырдык. Мындан тышкары жүздөгөн китептерди бирге бастыдык. Булардын катарында керемет Курандын котормосу дагы башка жыйнактар бар эле. Ыраматылык менен жанаша жашап, ысык мамиле түзүп жүрүп, анын анык жигит экендигине толук ынандым. Биз ислам дүйнөсүнө Мураталынын о дүйнө салгандыгы туурасында кабарлаганыбызда, жер шарынын булуң-бурчунан аза баракчаларын жолдошту. Мындай чын ыкластан көңүл айтууларын Кения, Сумал, Кувейт, Сауд Арабия өңдөнгөн он жетиден ашык мамлекеттер жөнөтүштү.

Өз сөзүндө Саид Баюми Мураталы ажы Жумановдун артында калган бала-чакасына ал жетектеген уюм мындан ары такай каралашып, өзгөчө камкордук көрүп тураарын жарыя кылды.

Мамлекеттик дин агенттигинин мурдагы директору, учурда илим менен шугулданган Өмүрзак Мамаюсупов биргезде ийиндеше иштешкен Мураталы ажы Жумановдун төмөнкүдөй сапаттарына токтолду:

- Менимче, Борбор Азия, ошондой эле бүтүндөй мусулман өлкөлөрү орду толгус жоготууга учурады. Анткени, эң негизгиси бул диний ишмер – элдин анык адамы эле. Бардык диндердин өкүлдөрүнө тегиз карап, кыска мөөнөттө асмандагы бир жылдыз сыңары жаркырады. Балким, Мураталынын баркына кийинчерээк түшүнөөрбүз. Жаштыгына карабастан тулку боюна дүйнөлүк маданиятты сиңирип, ушул жетишкендикти эл-журтка кеңири таратып, Кыргызстанымды дүйнөлүк өнүгүүгө кошом деп чарпылып жүрүп, калкына күндүзү тыным, түнү уйку көрбөстөн ак кызмат өтөдү.

Ошол эле учурда Ноокаттагы тажияга катышкандар Борбор Азиядагы жаш муфтийдин эмгеги адилет бааланбай калгандыгын, анын сөөгүн узатуу вазийпасы Убактылуу Өкмөт тарабынан мамлекеттик деңгээлде уюштурулбагандыгына нааразы экендиктерин белгилешти. Мындай пикир күткөндөрдүн бири – жергиликтүү молдо Алишер Жусуповду кепке тарттык.

- Мураталы ажы Жумановдун сөөгүн узатуу шаан-шөөкөтү өз деңгээлинде уюштурулбай калыптыр. Буга замандаштары капа болуп жатышат. Бийликтегилер ушул жигиттин кадырына тирүүсүндө жетишпеди эле. Жок дегенде көзү өткөн маалда анын өзүнө жараша сый-урмат көрсөтүп коюшса, соопко калышмак. Баарынан дагы бүгүнкү тажиясына Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бүт катышса, өздөрүнө деле абийир болмок, - деди Алишер Жусупов.

Ошентип, маркумдун сөөгү анын осуятына ылайык өзү туулуп-өскөн Ноокаттын Ынтымак айылында жерге берилди.

37 жаштагы көрүнүнктүү диний ишмер Мураталы ажы Жуманов акыркы сегиз жыл бою Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматын аркалаган. Быйылкы апрель ыңкылабынан кийин бул жумушунан өз арызынын негизинде бошонгон. Соңку үч-төрт айда ашказан рагы илдетине кабылып, ушул дарттын айынан 7-июлда таңгаа мал каза тапкан. Артында алмончоктой аялы жесир, үч кыз жана бир уулу жетим калды.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бектен каяктан: Алай
13.07.2010 18:08
Мураталы ажы Жумановдун туугандарына конул айтам. Мураталы ажы жаткан жериниз жайлуу болсун, сиз муфтий болуп иштеп жургондогу ар бир ишинизге Алла ыразы болсун.

кимден: Жаныбек каяктан: Бишкек
11.07.2010 14:41
Жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торколуу болсун! Калган омур-ырыскыны кудай бала-чака,урук-туугандарынызга берсин! Бул жалган дуйнодо куноонуз болсо тиги дуйнодо кечирилип,жаныныз жаннатта журсун!

кимден: Азамат каяктан: Лейлектен
10.07.2010 23:49
Азирети муфтиибиз Муратали ажыны Аллах рахмат кылсын ал кишинин дин учун еле емес кыргызстан учун да емгеги чон болду кастык мамиле жасагандарды Кудай урсун!!! кыйын кишини короалбадын айланайын кыргызым

кимден: Нурбек каяктан: Москва
10.07.2010 16:30
Аллахтын рахматы болсун ал кишиге,баардыгыбыз конокбуз бул дуйнодо,ислам динине кылган кызматы учун кыргыз эли ыраазы

кимден: Айбек каяктан: Каир
09.07.2010 20:45
"Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз жана ага кайтуучубуз"

кимден: Бакыт каяктан: Карасуу
09.07.2010 18:38
Аллах- таала ажы акени оз рахматыга алсын.Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун,аркасында калгандарга сабыр тоокат берсин.

кимден: Kasym каяктан: Ankara
09.07.2010 18:34
jatkan jeri jayluu bolsun topuragi torkoo bolsun Allah kunoloru bolso kechirsin beyishinen nasip kilsin...men aytar elem azirki okmotko Muratali ajike orto azyanin jash muftiyi bolup kelgen tajiyasin mamlekettik turdo otkorush kerek ele munu kylyshkan jok silerdale muslumansynargo Murataly aji Kyrgyz mamlekettin muftisi bolup kelgen ele.....ALLAh beyishinen nasip kylsyn..Omin

кимден: Нурбай каяктан: Екатеринбург
09.07.2010 17:42
Ажыке, жаткан жериңиз жайлуу болсун! Аллах мээримин төгуп, бейишине алсын! сиз жашабай калган өмуруңузду бала -чакаңызга берсин!!!!!!!!

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
09.07.2010 14:28
Жакшы адамдын өмүрү кыска деген сөздүн калети жок белем. Мураталы ажы Жумановдун үй-бүлөсүнө көңүл айтамын. Алла таала күнөөлөрү болсо кечирип, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхис салам өзү үммөтүм деп таанып, жаткан жайын жарык кылып, бейиштин багына киргизсин. Калган өмүрүн артындагы бала-чакасына берсин. Омиийн.

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
09.07.2010 13:57
Муратаалы Ажы, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыз торко болсун. Сиз жашабай калган өмүрду балдарынызга берсин деп Алладан сурунабыз.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу