Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:10

Эл үнү

Токмокто жардыруу болду

9-июнда кечки саат алтылар чамасында Токмок шаарындагы "Мега-Сити" соода борборунда жардыруу болуп, андан төрт киши жабыркады. Бул окуя боюнча ИИМдин маалымат жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахматулла Ахмедов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Токмок шаарындагы кире бериштеги жазуу.
x
Токмок шаарындагы кире бериштеги жазуу.
Текст көлөмү - +
- Рахматулла мырза, Токмок шаарындагы жардыруу боюнча эмне айта аласыз?

- Бул окуя саат алтылар чамасында Токмок шаарындагы «Мега-Сити» соода борборундагы дүкөнчөлөрдүн биринде болгон. Жабыр тарткандар бар. 4 киши азыркы учурда Токмок шаардык ооруканасына жеткирилип, азыр керектүү медициналык жардам алышууда. Ошону менен бирге алардын алган жарааттардын оор-жеңилдиги такталып атат.

Азыркы сааттарда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматчыларынан турган оперативдик иликтөө тобу түзүлүп, алар окуя болгон жерде өз иштерин жүргүзүшүүдө. Алар текшерүү жана окуянын күбөлөрүн суроо иштерин жүргүзүп атышат. Азыркы сааттарда бул соода борбору ички иштер органдары тарабынан кайтарууда турат. Адамдар коопсуз жерге чыгарылган. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын саперлору тарабынан жана башка да жардыргыч заттардын бар-жоктугу жана коопсуздандыруу боюнча өз иштерин жүргүзүп атышат.

- Бул жардыруунун себеби эмнеде экен?

- Азыр бул маселе боюнча оперативдик тергөө топтору иштеп атат. Жыйынтыгы чыкканда гана биз суроолорго жооп алышыбыз мүмкүн.

- Жардыргыч зат ал гранатага окшош деген божомол канчалык чын?

- Бул боюнча текшерүү, экспертизалар жүргүзүлөт. Ошол экспертизанын жыйынтыгында гана биз айтышыбыз мүмкүн жардыргыч заттын кандай болгонун.

- Кандайдыр бир алдын-ала божомолдор барбы?

- Азыр оперативдик топтор иштеп атат, алар бир иштин аягына чыксын, анан буюрса жыйынтык болот.

- Жардыруу болгон учурда «Мега-Сити» дүкөнүндө канча киши бар экендиги тууралуу болжолдуу түрдө маалымат барбы?

- Бул жөнүндө маалымат жок. Бирок «Мега-Сити» соода борборунда болгон бардык адамдар жардыруу болгондон кийин эле коопсуз жерге чыгарылды, соода борбору болсо ички иштер кызматчылары тарабынан курчоого алынган, бүткүл коопсуздук маселелери ошол жерде чечилип жатат.

- Азыр дегеле өлкө боюнча дагы ушундай окуялар болуп кетпешине кепилдик барбы. Кандай чаралар көрүлүп атат алдын алуу үчүн?

- Өзүңөргө белгилүү, мунун алдында да Токмок шаарында буга окшош 1-2 окуялар болгон. Булар боюнча ички иштер органдары тарабынан издөө, иликтөө иштери жүрүп жатат.

- Токмоктогу жардырууну иликтөө үчүн канча убакыт талап кылынат, биринчи болжолдуу маалымат таратуу үчүн?

- Тергөө, иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча кылган иш аракеттердин, мүмкүнчүлүктүн болушунча биз окуянын келип чыгыш себептерин, анын тергөө, издөө амалдарынын жүрүшү боюнча биз коомчулукка өз убагында кабарлап турабыз. Бардык иштер мыйзам чегинде аткарылат.

- Жабыркаган адамдар кимдер экенин айта аласызбы, алардын саламаттыгы кандай болуп атат азыр?

- Алардын азыркы сааттардагы ден соолугу жөнүндө дарыгерлерден сураган жакшы, бирок биздеги маалыматтардан улам 4 киши ооруканага алып барылган, алардын бири жашы жетелек өспүрүм экен, калгандары 30 жаштар чамасындагы аял кишилер.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: tokmokskiy каяктан: tokmok
10.06.2010 02:35
menin oyum4a bul aldin ala jasalgan iw ,antkeni granata arkyluu jardyruu boldu. Al e4 nerse emes 4 kiwinin alakybaly onolup ketsin . Uyat ,uyat,uyat.

кимден: Bomba каяктан: Bishkek
09.06.2010 23:13
Emki jardyruuu Jogorku Keneshtin Zdaniesi dep jatyshat Bishkek tugundary..! Degi Jogorku Keneshte Kimder Olturat..?????????????

кимден: травертин каяктан: россия
09.06.2010 20:31
Наалаттан башка айтарга да соз таппай калдым.Москвада метродогу жардырууну коруп бир топ кейип журдум эле Эми оз элимдеги окуядан кийин Элди биримдике дагы бир жолу чакырып кетем .Бандиттерге бандит катары мамиле жасап алардан арылуунун жолун издейли туугандар.Антпесе куноосу жок карапайым эл жабыр тартып жатабыз.Өзүбүздү өзүбүз коргобосок Кавказдын кейпин кийип калышыбыз мумкун.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу