Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:06

Экономика

Арифметика саясаты: «220 кыймылы» кол топтоого киришти

Өкмөттүн тариф саясаты социалдык колдоого муктаж калктын жашоо-турмушун оордоткондон башкага жарабастыгын ырастап, «220 кыймылы» 350 миң кол топтоого киришти. Ал арада өкмөт жарык өчүрүүнү жакын арада токтоторун убада кылууда.

Текст көлөмү - +
Конституциялык өзгөрүүлөргө, энергия, коммуналдык кызмат акыларынын кымбатташына, стратегиялык объекттердин сатылышын жактырбагандардын пикири бийлик башчыларына тапшырылмакчы.

Токтогулда суу толуптурбу?
Азыр ар бир үйдө Данияр Үсөновдун өкмөтүн сөгүп отурушат...
Д. Үсөнов

Энергетиканы этектеген кризис Токтогул көлүндө суунун азайышынан башталганы элдин баарына дайын. Өкмөт башчы Д.Үсөнов топтолгон сууну энергетиктер агызып ийишкенин айтып, жалпы республика калкы үчүн жасалма көлдө канча суу бардыгы чоң жаңылыкка айланып кетишине ошолор күнөөлүү экенин ырастап келатат.

- Баарыбыз суу менен алек болуп калдык. Ушуга ким алып келди, урматтуу энергетиктер? Ушуга силер алып келдиңер! Азыр элдин баары, ар бир үйдө Д.Үсөновдун өкмөтүн сөгүп олтурушат. Элге жакпаган ишти жасашыбызды Кудай таала биздин бешенибизге жазган экен. Ошондой чечим кабыл алдык. Бул туура чечим деп ойлойм.

Өкмөттүн акыларды опсуз көтөрүшү элдин көпчүлүгүнө оордук алып келүүдө...
Т. Үмөталиева

Ошол чечимден кеткен чекилик

Д.Үсөновдун өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечимдер ансыз да жону жука калкты кандай абалга капталтканын “220 кыймылынын” демилгечилеринин бири Токтайым Үмөталиева конкрет мисалдын негизинде мындайча түшүндүрөт.

- 4 миң сомдун тегереги болот экен бир бөлмө үйдүн жылуулугу жана суусу. Таштанды ташып чыгуу менен муздак суунун кымбатташынан дагы миң сомго жакын акча кошулат экен. Кыймылсыз мүлк салыгы киргенде 2,5 миң сом болот. Ошентип орточо баа менен алганда 1 бөлмө үйгө мамлекет 8 миңдин тегерегинде салык салып жатат.

Алдагыдай кичине үйлөрдө жашаялмет үй-бүлө же кемпир-чал турушат. Алардын орточо айлык кирешеси 5 миңдин тегерегинде. Т. Үмөталиева өкмөттүн акыларды опсуз көтөрүшү элдин көпчүлүгүнө оордук алып келгенин, аларды колдоого бөлүнчү акча чыгымдарды жабууга аздык кыларын белгиледи.

Акча менен суу кайсы тарапка акты экен?
Энергокризис гидроресурстарды туура эмес башкаруудан келип чыкты.
Ч. Айтбаева

“220 кыймылынын” демилгечилеринин бири Чынара Айтбаева энергетикадагы төрт орчун проблема: жабдуулардын эскириши, электр энергиянын жоготууларынын көптүгү, суунун азайып кетиши, каржылык жетишпестик тармак жетекчилеринин ишти туура уюштура албастыгынан чыкканын белгилеп, 4 жылдын ичинде 12 миллиард кубометр суунун агызылып ийиши эмдигиче табышмак бойдон калып жатканына токтолду. Адистердин эсебинде, энергетика тармагына буга чейин 390 миллион доллар тартылып, мүлкү 386 миллион долларга бааланган.

- 2003-жылы Токтогулда суу аябай көп болгон. Бирок 2004-жылдан баштап 2008-жылга чейин 12 миллиард кубометрге чейин сууну агызып салышкан. Бул проблема суунун аздыгы эмес. Бул гидроресурстарды туура эмес башкаруудан келип чыккан проблема.

Кымбат жарык кыйлага күйөт дейби?

Үчүнчү жылга кетип бараткан энергетикалык кризистен эртерээк чыгуу амалында быйыл өкмөт апрелден тарта жарыкты “жалп” өчүрүүлөрдү токтотууну чечкен. Бирок да Ынтымак курултайы өтүп жаткан чакта көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийген өчүрүүлөр болбосун үчүн жакшы күндү 21-мартка жылдырышкан. Энергетика министрлиги электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө өтүүнү ойлонуп жаткан чакта президент К.Бакиев өчүрүүлөрдү 8-марттан баштап токтотууну өкмөттөн талап кылганы маалымдала баштады. Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат катчысы Татьяна Анкудовичтин айтуусунда, бул маселе 5-мартта өтүүчү өкмөт президиумунда карамлмакчы.

- Бүгүн алар эртерээк жасашты ойлонуп калышыптыр. Бирок так чечим эртең чыгат.

Бишкекте жаңы бала бакчанын ачылышы аземине жакында катышкан президент К.Бакиев энергетикалык компанияларды эларалык адистердин текшерүүсүнөн кийин тарифтер арзандап калышы мүмкүн экендигин билдирген. Анда азыркы бийлик атаандаштары кол топтоого кирише элек болчу.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: тезекчи каяктан: тезекстан
07.03.2010 23:28
Абдулла балык башынан САСЫП жатпайбы. Журт атасы элине үлгү көрсөткөндүн ордуна элине кас болуп, баш мыйзамыбызды өзү баш болуп бузуп жатканда кайдагыны кошоматтанып айтып жатасың!!! Биринчи ирет кыргыз эли өз МИТЕ КУРТтарынан арылышыбыз керек!!!

кимден: Абдулла каяктан: Ош
07.03.2010 18:29
Менин позициям мага чейинкилер жана менден кийинкилер үчүн ит таламайга алынышы мүмкүн. Ага карабай өз оюмду ачык айтууну атуулдук парзым деп билемин. Сураныч менин көз карашыма асылбай, форумга ар ким өз оюн жаза беришсин:
Урматтуу окурман, биздин чыныгы каалообуз эмне? эптеп-септеп күн көрүүбү? эптеп-септеп бийликти алмаштыруубу? Же эптеп-септеп жашай берүүбү?!!!
эптеп-септебей, башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу жакшы жашоого бизге эмне жетишпей жатат? Бийликпи? Бийликтин жардамысыз да өз алдынча аракет жасап көрбөйлүбү? Жашоого, турмушту өзгөртүүгө көз караштарыбызды алмаштырбайлыбы? Чет өлкөдө өлбөстүн күнүн көрүп, эчендеген азап-тозок менен кашыктап топтогон бир туугандарыбыздын акчаларын аш-тойго чачууну, эл көзүнө бай көрүнүп бир же эки кун шапар тебүүнү токтотпойлубу?...
Ооба, өкмөт бааны көтөрүп жатат. Эгер бааны көтөрбөсө, эл.энергиясын реформалоого жапа тырмак акча топтоого духубуз жетеби? Ачкөз бизнесмен, төрөпейил чиновник бул-туугандарыбыздан пайда чыкпашын билип турабыз. Бул тармакты бизге өзүбүздөн (карапайым калктан) башка эч ким реформалап бербешин билип туруп, өлкөбүз ар бирибиздин моралдык жана материалдык жардамыбызга муктаж экендигин билип туруп, эмнеге тултуябыз, эмнеге бултуябыз. Атажурт бизден ишенимди, ынтымакты жана күчтүү аракетти талап кылып жатканын билип туруп эмнеге бөлүнүп-жарылабыз. Кеп Президентте деле эмес. Кеп ар бирибизде, өлкөбүздүн келечегине жасаган бейчеки мамилебизде болуп жатат. Кечеээгилер сыяктуу бүгүнкү күн менен жашабай, бир аз алдыбызды карап, кыйналсак да урпактар үчүн белди бекем буралы, мекендештер. Президент да биз сыяктуу эле бир пенде. Ал да чара көрөт: жаңылат! Эми баардык жоопкерчиликти анын мойнуна илип коюп, аны отура берсек Эгемендигибизди ким коргойт. Аны алмаштырган менен өзүбүздүн түшүнүктөрдү алмаштырмайынча заманыбыз, турмушубуз өзгөрбөйт.

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
05.03.2010 22:05
Урматтуу мекендештер!!! Эң Ыйык Мекенибизде мыйзамдуулукту орнотобуз десек, Баш мыйзамдын кепили боло албаган Бакиевди мыйзам чегинде чагылгандай тездик менен кызматтан четтетүүгө тийишпиз. Мыйзам чегинде!!! Мыйзамдын бийиктигин, Кыргыздын улуулугун, Тоолуктардын толкунун көрсөтүшүбүз керек.Менин оюмча, Кыргыз эл мамлекеттүүлүктүн эң акыркы чечүүчү сыноолорун жашап жатат.Биздин мамлекет катары жана улут катары бар болорубузду же жок болорубузду аныктоочу жылдарда жашап атабыз.Алдыбызда эки гана жол бар: 1) Кыргыз мамлекетинин, Кыргыз элинин жаркын келечегин камсыз кылчу ПАТРИОТТУУЛУКТУН, ЧЫНДЫКТЫН, УЛУТ НАМЫСЫНЫН, ТЕРРИТОРИЯЛЫК БҮТҮНДҮКТҮН, АБИЙИРДИН ЖОЛУ 2) ЭҢ ЫЙЫК КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗДЫ ЖАНА КЫРГЫЗ ЭЛИБИЗДИ ЖЕР МЕНЕН ЖЕКСЕН КЫЛЧУ, КЫЗДАРЫБЫЗДЫ КҮН, ЖИГИТТЕРИБИЗДИ КУЛ КЫЛЧУ КОШОМАТЧЫЛЫКТЫН, АБИЙИРСИЗДИКТИН, ЧЫККЫНЧЫЛЫКТЫН ЫПЛАС ЖОЛУ. Кайчы жолду тандоо элдин эркине, тандоосуна байланыштуу.Эки жолдун бирөөнү гана тандоого болот.Ойлонгула, Кыргыз элим! Мен саясатын уруп ойнобойм.Көзүбүздү ачалы.Кыргызстаныбызды жана Кыргызыбызды сактап калалы.

кимден: Данчик каяктан: Бишкек
05.03.2010 21:25
Усөнов уят эми,1 долларга баарын сатып! Мен уялам,что биздин ПМ ушундай адам экениге.Путин байке ушул адам менен жолукпаганыңыз эң туура! Андан көрө Чудинов болсо жакшы болмок.А Данияр мырза эми кетип калың,уят эми,баарына күлкү болуп!!!

кимден: Гастербайтер каяктан: Москва
05.03.2010 14:19
Жаз келе жатат,жазында кирген суудай болуп эл дагы киргени турат.БКС тезиреек элге чыгып кетейин кечиргиле деп айтпаса Мекенге да кире албай калат.Акаев менен Через океан сүйлөшүп турарына шек жок.

кимден: алмаз каяктан: жалалабат
05.03.2010 12:39
Азаттык радиосу дайыма чындыкты чагылдырат. Д.Үсөнов өз ишин билбейт.Жаңылбастын айтканы туура.

кимден: Оптимист каяктан: Жалал-Абад
05.03.2010 10:08
Кол топтоого Жалал-Абаддыктар да келсе кол коюп беребиз. Биз да жададык жаңы өкмөттүн баа саясатынан. Мага ошол формаларды берсеңер мен да кол топтоого жардам берейин

кимден: жанылбас каяктан: бишкек
05.03.2010 02:33
Бакс курултайдын алдынан дагы бир жолу элди алдаганы жатат тарифтерди туура эмес Үсөнов көтөргөн, деп. Эптеп элди тынчытып алса энеңерди дагы үчкоргондон көрсөтөт. Эки жүздүүгө ишенбегиле!!

кимден: немис каяктан: Германия
05.03.2010 00:56
Д. Үсөнов бай киши, чоң ишкер адам, телегейи тегиз. Ал эми жалпы элдин жашоо-турмушу өтө оор абалда. Д.Үсөнов башкарган өкмөт элдин жашоосун жакшыртайын деп ойлогон жери жок, ого бетер азапка салып атат. Бай адам, дагы эле байысам дейт турат. "Курсагы ток, ачты сүйбөйт" болуп атат. Үналгы, сыналгыдан элге кайрылып сүйлөгөндө байкасаңар, күрсүлдөп, кекеткенсип, элди басынтып мамиле кылат. Бул Д.Үсөнов убугында А. Акаев бийликке жолотпой жүрдү эле, көрсө кандай начар киши экенин, ошондо билчү экен да. К.Бакиев баш болуп, Д.Үсөновко окшогондор бийликте турганда, кыргызстан эч качан өнүкпөйт.

кимден: Мигрант каяктан: Москва
04.03.2010 23:21
Токтогул Суу сактагычында суу азайып кетти деп жаратылышка шылтап жатабыз, жаратылышка эмес биздин суу башкаргандар ичип жатпайбы.Болбосо кургакчылык болгондо да "Карт Нарын дале күчүндө". Кыргызстанда узундугу 10 км дан ашкан 30 000 дей дарыя бар. Бир гана Нарын дарыясына 20 дай ГЭС курууга болот. Бизде электр кризиси идея боюнча болбош керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)