Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 01:02

Саясат

Миңдеген мигранттар референдумга катыша албай калабы?

Орусияда жана Казакстанда кыргыз мигранттары үчүн түзүлгөн шайлоо бекеттери кескин кыскарды. Муну айрым укук коргоочулар мигранттардын добуш берүү укугун бузуу катары баалашууда.

Москвадагы кыргыз мигранттары. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
x
Москвадагы кыргыз мигранттары. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Текст көлөмү - +
Ал эми саясий серепчилер шайлоо учурунда жалпы тизмеге кирбей калган мигранттар кайсы бир саясий күч же административдик ресурс катары пайдаланып кетиши ыктымал деп кооптонушууда. Бул маселе 8-июнда “Эмгек мигранттарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу” деген аталыштагы тегерек үстөл жыйынында көтөрүлдү.

Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” ассоциациясынын президенти Муктар Өмүракуновдун айтымында, 27-июнда болчу рерферендумда Орусияда үч, Казакстанда эки шайлоо бекеттери ачылат. Ал 2009-жылы президенттик шайлоодо Орусияда 22, Казакстанда 3 шайлоо бекети түзүлгөнүн белгиледи. М.Өмүракунов мигранттардын көбүнүн негизги тизмеге киргизилбей, добуш бере албай калышын алардын укугунун бузулушу деп баалап жатат:

- Бул албетте эмгек мигранттарынын укугун катуу чектөө. Жер-жерлерден көчүп келип, айрыкча Ош, Бишкек шаарларында эч кандай каттоосу жок иштеп жаткан ички мигранттардын да укугу чектелбеши керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы чет жактагы шайлоо бекеттери Тышкы иштер министрлиги берген маалыматтын негизинде түзүлгөнүнүн кабарлады. БШК өкүлү Галина Скрипкинанын айтымында, ушул багытта айрым партия, диаспоралардан кайрылуу түшүүдө. Ошол себептүү бул маселе дагы каралышы ыктымал.

БШКнын дагы бир өкүлү Жумабек Акматов кыргыз диаспораларын мигранттардын тизмесин шайлоо комиссиясына бербегенин сынга алды:

- Кайсы шаарларда кыргызстандык мигранттар топтошуп жашайт, канча киши бар - ошол эле “Замандаштын” атынан да эч кандай маалымат БШКга түшкөн жок. Ошондуктан 9-июнда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Чуров менен бул маселени сүйлөшүүгө даяр эмеспиз. Бирок азыр да тизмени берсеңиздер карап көргөнгө даярбыз.

Ж.Акматовдун айтымында, орус өкмөтү референдум өткөрүүгө көмөк көрсөтүү сунушун кошумчалады. Бул маселелер эртең да кеңири сүйлөшүлөт. Ошондой эле өткөн президенттик шайлоодо канча мигрант добуш бергени да так эмес. Тышкы иштер министрлиги менен БШК еөрсөткөн сандары дал келбей жатканы белгилүү болду.

Тышкы иштер министрлиги болсо мигранттардын тизмеси консулдук бөлүктөргө келип, катталган жарандардын эсебинен чыгарылганын маалымдады. Ага ылайык кыргызстандык мекендештердин саны Орусия менен Казакстанда 16 миң деп эсептелген. Ал эми көз карандысыз эксперттер мигранттардын саны 700 миңден ашуун экенин айтып жатышат. Аталган министрликтин КМШ өлкөлөрү боюнча департаментинин жетекчисинин орун басары Руслан Бийбосунов:

- Биз мигранттардын тизмеге киришине каршы эмеспиз, эч кандай тоскоолдук кылбайбыз. Шайлоого добуш бергенге катышам десе кошумча тизмеге кирип, шайлоого катыша алышат.

Ал эми укук коргоочулар мигранттардын Кыргызстанда да, иштеп жаткан жеринде да шайлоолорго катышпай, ара жолдо калышын укук бузуу катары баалашууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова мигранттар маселеси шайлоо учурунда гана көтөрүлүп келчү татаал маселе экенине токтолду. Аталган коалиция референдумда байкоочу катары катышат.

- Бул чоң суроо. Албетте бул кыска убакыттын ичинде чечилбейт. Ал үчүн бүт шайлоо, миграция мыйзамдарын тактап, белгилеп, механизмдерди кайра иштетиш керек. Анткени мыйзам бар, механизм жок экен.

Саясат талдоочу Марс Сариев мигранттарды шайлоого катыштырбай коюудан аларды башка күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн деген пикирде.

- Ички да, тышкы да мигранттар чоң күч. Аларды катыштырбай коюу укук бузуу менен барабар. Үч участок болгондо бирөөсүндө беш миң эле адам катыша алат экен. Бирок чындыгында андай эмес да. Эң аз дегенде чет жакта жарым миллиондой адам иштеп жатат. Ошол добуштарды административдик ресурс же болбосо башка күчтөр өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланып кетет деген да коркунуч бар. Ошондуктан механизмдерди толук ачык чечиш керек.

Жыйында мигранттарды шайлоого тартуу үчүн Орусия же Казакстандын жергиликтүү массалык маалымат каражаттарын колдонуп, алар аркылуу жарыя берүү сунушун айтышты. “Замандаш” ассоциациясы жыйын соңунда Убактылуу өкмөткө кайрылдуу жолдоп, шайлоо бекеттеринин санын мурдагы калыбында калтырууну суранды. Ал эми тизмелерди тактоодо тиешелүү органдар менен бирге иштешмей болушту.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Травертин каяктан: Москва
10.06.2010 22:01
Азаттыка рахмат Кыргызстандандан сыртта жургон эмгек мигранттарынын арыз мунун узбой чагылдырып турганына .БШКнын торагасы Сариев мырза 24 кж маалыматына маалымат берген 8июнь 2010ж сыртта жургон эмгек мигранттар эсепке алынбайт деп .ушул созунуз эмгек мигранттардын намысына тийуубиу же атайы айтылган созбу кандай болгондо да тушунуксуз.Асмандан тилегенибиз жерден табылып В Чуров атту ак сакал сакалдуу башы менен жардам берем деп сиздин алдынызга барды .Балким биздин отунуч менен баргандыр Андыктан эмгек мигранттарынын добушу аба ырайын озгортууго толук кудрети бар экендигин эске ала журсонуз экен.Ийгилик каалайм.РОССИЯДАГЫ ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫ БААРЫНАРДЫ РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШУУГА ЧАКЫРАМ,

кимден: Kirgiz jigit каяктан: Moskva
10.06.2010 12:19
Anara biskek sen oylonup suyloson jaksi bolot,saga oksogon" bes echki aydap,iskirigi tas jargandardan" kuday saktasin. Moskvada istegen kirgizdar , moskvada ne legal bolup isteyt, a birok kirgizstandin legalduu jarandari ekenin unutpash kerek.senden suranam oyloo dengeelindi ostur,kerektuu bilimdi al . Kaydagi bir kirgizdin dushmani ayta turgan nerselerdi aytpa! Bashka olkodogu kirgiz jarandari uchun sayloo okrugdarin kiskartkani ech kimdin akisi jok! Ubaktiluu okmot biylikten ajirap kaluudan korkup jatasinarbi, jashoodo baardik nersenin sonu bar,unutpagila!

кимден: Migrant каяктан: Moskva
09.06.2010 15:34
Men Moskvanyn kaisy jerinde bolboiun Shailoogo katysham Kyrgyzdyn Patriot jigiti katary, R.OTUNBAEVAnyn PREZIDENT bolushuna karshy Dobushumdu berem, jana O.TEKEBAEV jazgan KONSTITUSIYAGA DA karshymyn, R.OTUNBAEVA menen O.TEKEBAEV Ozdorun ele oilogon Adamdar eken.!

кимден: Алик каяктан: Москва
09.06.2010 14:37
Анара. идиш жууп, кочо шыпырса дагы сенден бир кыйла акылдуулары бар, бир аз ойлонуп жазсан болмок.
Траверти туура айтат уйуштуруу иши начар.

кимден: Кыргыз жигит каяктан: Москва
09.06.2010 13:29
Урматту Анара! Сен ойлогондой Россиядагы миграннтын баары эле идиш жууп, кочо шыпыргычтар эмес.Кадимкидей эле сенден да грамотный адамдар.Бул жерде машиналары, уйлору бар, постаянный пропискалары бар, же ойлоп айтсан керек, мигрант десе эле кочо тентип калгандар деп.Башка улуттарга салыштырмалуу Россияда кыргыз миграннтарын сыйлашат, аны сен каяктан билмек элен.Шайлоо кезинде кобунчосу барып добушун беришет.Ал эмес Кыргызстанда туруп сен озун "добушум кана" дей албайсын. Ошондуктан урматту жердештер, ойноп суйлосок да ОЙЛОНУП туруп анан суйлойлу.

кимден: Кошулам
09.06.2010 11:36
Анара ачуу, бирок чындыкты айтыпсын. Ооба, шайлоого коп болсо 5 проценти катышат, калгандары олбо жаным олбо деп журушот.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.06.2010 11:34
Анара капаланба аялдын чачы узун акылы кыска деген сөз туура негизи. РФ баары сен ойлогондой емес төбөсу менен жер казсада адам аларда.пенделердин каттамында болбосода Алланын каттамындабыз калганы Алладан

кимден: известняк каяктан: россия
09.06.2010 11:32
Анарага!!!!!! Сен сыяктуу эле мигранттар Кыргызстандын толук кандуу жарандары жана алардын туруктуу пропискасы кыргызстанда бар Ал эми сен айткан прописка шайлоодо роль ойнобойт .Мындан ары жердештеринди кемсинтпей жур Сен да бизчилеп идишжууп кочо тазалап эле журбодун беле.

кимден: Рус каяктан: РФ
09.06.2010 11:20
Туугандар көп суур ийин казбайт казсада кең казбайт деген кеп бар алар өздөрунүн очогуна чок тартып жатышат емне биз Кыргызстандын өгөй же болбосо сатып алып РФ арендага берилген пенделербизби биз бул жакта жыргагандан жургөнүз жокко бизди ар бирибиз журөгубуз элим жерим деп согуп журот ары карап ыйлап бери карап күлүп жок дегенде аз да болсо укугубуз барго гичине ойлонсонор убактылу Өкмөт .Балык башынан сасыйт болуп жатат силерди көргө атынарда келе жаткан жаштар эмне кылат барарына барганда .Кыргызстан оор акыбалда калып жатат. кийинки 5 жылдыкта ким качат болду екен агадагы шар тузгөнду унутпайлы туугандар .Кыргыз элибиз кыргыз атыбыз өчпөсун АЛЛАДАН тилерибиз

кимден: Anara каяктан: Bishkek
09.06.2010 11:12
Ой тим эле униженные-оскорбленные болуп чыга келишет. Силер качан эле шайлоого катышып жүрдүңөр эле? Анча-мынча фирмада иштеген кыргыздар патриоттук сезими ойгонуп кетип (канча айтканы менен алыста жүрүшөт да, сагынат дегендей) шайлоого катышканы болбосо, идиш жууп, көчө шыпыргандар эч качан шайлоого барбайт. Анткени алар мыйзамсыз иштеп атат. А шайлоого катышуу үчүн туруктуу прописка керек, бул үчүн акча бериш керек, жүгүрүш керек. 20 жылдан бери силердин добушуңарды мурдагы бийлик каалагандай эле колдонуп атты эле го. Анда кыңк эте алчу эмессиңер. Араңардан бирөөнөр кыйкырып чыктыңарбы “менин добушум кана?!” деп. Унчукпай эле өз оокатыңарды кылып, айына 100 доллар үйүңөргө жөнөтүп коюп отурасыңар го. Не надо тут строить из себя политическую силу. Шайлоого барышат имиш...
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)