Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Эл үнү / Коом

Ошто студенттер митингге чыкты

Жарыяланган учуру: 26.10.2009

ОшМУнун миңге чукул студенти нааразылык акциясына чыгып, окуу жай жетекчилигинен окуу үчүн келишим акыны жана жатакана баасын төмөндөтүү талабын коюшту.

Окуу жай алдына чогулган студенттер «Студенттер алданбайт», «Талаптар аткарылбаса, ректор кетсин» сыяктуу ондогон плакаттарды көтөрүп турушту. Алар ОшМУ жетекчилиги министрликтин буйругусуз эле келишим акыны жыл санап кымбаттатып жатканын, аталган окуу жайда башка ЖОЖдорго салыштырмалуу жатакана баасы да эки эсе жогору экенине даттанышты. 
 

Филология факультетинде 4-курста билим алып жаткан Эрнис Нурматов «Азаттыка» буларды айтты:

- Жыл сайын өздөрү каалагандай кошо берсе, окууну бүткөнчө эмне отуз миң сом төлөйбүзбү? Анча акчаны биздин ата-энебиз төлөй албайт! Окуу акыны тез аранын ичинде арзандатсын, акчабызды кайрып беришсин! Жатаканаларда болсо таптакыр шарттар жок, баасы болсо төрт миң сом. Ал суммага биз батирге да жашасак болот. Эмне үчүн мындай, студенттер эмне жетекчилер үчүн малбы?

Окутуучулар, декандар, проректорлор баш болуп студенттерди таратууга аракет жасаганына карабай, миңге чукул студент мына ушинтип «Келишим акы арзандасын!» ураанын кыйкырып турушту. Митингге чогулгандар, окуу жай жетекчилигинин имаратка кирип сүйлөшүү сунушунан да баш тартып, аларды колдоп чыкчу миндеген студенттер ар кайсы факультеттерде камалып турганын айтышты.

Алар койгон талаптарына жооп алыш үчүн ректор Орозбековдун сыртка чыгышын талап кылышты. Студенттердин алдына чыгууга аргасыз болгон окуу жай жетекчиси Муктар Орозбеков, бүгүндөн тарта жатакана үчүн жашоо акысы 4 мин сомдон 3 миң сомго арзандай тургандыгын айтып, жакынкы күндөрү окуу үчүн келишим бааны да төмөндөтүп берүүгө убада берди:

- Келишим акынын баасын мындан да төмөндөтүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жардам беребиз. Жатакана баасы да мин сомго арзандайт, ашыкча акчаңарды кайтарып беребиз. Акчаңарды кассадан аласыңар.

Бирок ректордун убадасына ишеним артпаган студенттер алардын өкүлдөрүнө да микрофон берүүнү талап кылышып, окуу жай жетекчилигинен бир канча көйгөйлөрдү чечип берүүнү сунушташты.

Адылбек: - Карагылачы, бизге микрофон бербей жатат. Микрофон сурасак, балдарды буйруп, бизди ур-соккуга алууга даярданып жатышат.

Миргүл: -Урматтуу студенттер, керек болсо, 50 сомдук зачеттук китепчени бизге 100 сомдон сатып жатышат! Бул эмне деген көрүнүш!

Эрнис: - Достор, өз укугунарды коргоп чыкканынар үчүн рахмат! Бизди ректорат малга эле теңеп жатат го!

Сөзгө чыккан жаштардын көтөргөн маселелери чогулагандардан катуу колдоо таап, кыйкырык сүрөөндөр менен коштолуп жатты. Ал эмес, нааразылык акциясына чыккандарга, алардын укугун коргоо максатында түзүлгөн окуу жайдын акыйкатчы аппараты да кошулуп, университет жетекчилигин талаптарды эртерээк аткарууга чакырды.

Митингге чыккан студенттер «Азаттыка» билдиришкендей, аларга окутуучулары тараптан «окуудан кетесиң», «эртең сүйлөшөм» деген ачык коркутуулар башталды. Бирок ошого карабастан митинг уюштуруучулардын акыркы чечимине ылайык, эгерде ректорат бир жума аралыгында окуу акысын төмөндөтүп, жатаканалардагы шарттарды ондобосо, анда алар мындан да көп сандагы студенттердин катышуусунда нааразылык иш-чараларын уюштуруп, сабактарга катышуудан баш тартып, ачкачылык жарыялоого чейин барышаарын маалымдашты.

Окуу жай жетекчиси Муктар Орозбеков митингде убада кылгандай, келишим акынын баасын төмөндөтүү чечимин чыгарбаса, анда бир жумадан соң кайрадан «Ректор кетсин!» урааны менен студенттер көчө чыгышаарын билдиришти.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
    Алдыга 
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Райымбек каяктан: Ош, Мэрия
02.11.2009 10:34
Дал ушул маселени чагылдырган Ош шамы гезитинин кабарчысын уруп кетишиптир. Силер тынчсыңарбы? Кубаныч Жолдошевди уруп кетиптир.

кимден: Александр каяктан: Питер
01.11.2009 17:08
Молодцы Ошские студенты и Жанар ты тоже. Не знаю как закончиться это историческое событие, но я уверен всё это к лучшему. Когда то это должно было случиться. Я читаю по интернету что этих студентов который вышли на митинг теперь хотят напугать и отчислит из университета. Если это тслучиться то все студенты университета опять выйдут на митинг.

кимден: Kake каяктан: Osh
30.10.2009 17:18
Tuugandar,otkondo univerdin astynda bolgon okuyadan kiin Oshto kalpak kiigen jashtardy prokuratura karmai bashtaptyr,tuugandar ushul uyat emespi,emi ushintip oz kyrgyzstanybyzda kyrgyzdar kalpak kiye albai kalsak...kalpak kiigendin baary ele mitingchi emes....birok bash al dese bork algan prokuraturadagylar oz atasynyn kalpagyn ele emes atasyn da satuuga dayar...

кимден: Керим каяктан: Ош
30.10.2009 13:27
Студенттер силерге ыракмат. Акыркы жылдары ОшМУнун босогосун аттагандан баштап паракорлук башталганынын күбөсү болуп жүрөбүз. Кирүү экзамендери кадимки базар соодасы менен адистигине жараша бааланат. М:пед адистиктерге 3000 сомдон, андар ары көтөрүлүп отурат да мед факка 1500-3000 долларга чейин жетип жатканынын күбөсүбүз. контракттар болсо министирлик бир шылтоо, инфляция бир шылтоо, натыйжасында контракт баасы асманда. митингчилер силерге браво!!!

кимден: Канат каяктан: Ош
30.10.2009 13:17
Студенттер азаматсыңар! Биз силер менен, артка кайтпастан аягына чейин чыккыла.Андай өз билемдик менен иш кылган жетекчини иш ордунан тез жок кылыш керек.

кимден: Жыпар каяктан: Ош
30.10.2009 12:16
Урматтуу студенттер Ошто болгону бир көрүнүктүү университет болсо ОшМУ. Анда ушунча студент тарбия билим алып жатышат бирок бул кылган ишибиз тура эмесби деп турам менин да эки балам окуйт контракты алган билимине жараша болот . анан да шарттары жакшы болсо жаңы корпусту кайсы Университет курду бир ОШМУ өз жандарынан силер биз төлөгөн акчага курулуп жатса керек менин билишим боюнча. Рахмат ректоруңарга башка кайсы ректор куруп жатат

кимден: Gulumkan каяктан: Germaniya
29.10.2009 19:14
Latyn tamgalar menen jazganym uchun kechirim suraim, bul jerde ozubuzdun tamgalar menen jazganga mumkunchuluk jok..... Men da Oshto besh jyl okuganmyn, oshto okuu jailar bazardyn ele bir turu bolup kalgan.... Bul albettte jaman korunush, any jakhsyrtuununun joldorun ech kim izbebeit. Jetekchilerdin baary oz paidasyn kozdoshot..... Anda Kyrgyzstanyzbyn kelechegi kandai bolot? Ei adamdar, terenireek oilongula, kozunordu achkyla, studentterge okuuga, jashoogo shart tuzup bergile!!!!!

кимден: Кыргыз каяктан: Ала-Тоо
29.10.2009 16:27
Мугалимдери, жетекчилери коштоп, "балдар, силер чыккыла, биз колдойбуз" деп, оздорунун башка маселелерин чечип алышпадыбы.
Мындай акциядан дагы пайда тапса болот экен.

кимден: Санжар, БиМ
29.10.2009 14:20
Э-эй эл журт, айрыкча Санжар ОшМУ,БиМ деп жазган адамга сураныч бирөөнүн атынан жазгандарга кайрылат элем, эмне үчүн бирөөнүн атынан билдирүүлөрдү жазып жатасыңар. Мен эч качан бул маселе боюнча З.Божоновду же ректорду кетирүү жөнүндө билдире элекмин. Экинчиден менин атымдан жазган адамга кайрылам: Менин фамилияма өтүп албайсыңбы?

кимден: Жанат каяктан: Бишкек
29.10.2009 13:50
Сиздерге даңк! урматтуу ОшМУнун Студенттери. Баштагандан кийин максатыңардын аягына чыккыла. Мындан башка дагы студенттердин көптөгөн проблемалары бар, ошолорду дагы көтөрүп Сиздердин жолуңарды колдоп Кыргызстандын келечеги болгон студенттер сапатту окууга жана жакшы жашоого болгон таламын көтөрүп чыгат деп ойлойм. Жакшы баштаган ишиңерге ийгилик!
    Алдыга 
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир