Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 00:53

Илим, билим берүү, IT

Окуу жылына даярдык кандай?

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков кагылышуудан кийин психологиялык жапа чеккен түштүк жергесинин окуучулары мектепке барууга даяр экенин, өрттөлгөн мектептердин балдары жаңы окуу жылын чатырларда тосоорун айтат.

Текст көлөмү - +
- Этникалык кагылышуудан жапа чеккен аймактарды кыдырып көрдүңүз. Ал жерлердеги агартуу мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы кандай экен?

Канат Садыков: Жаңжал убагында Жалал-Абад облусунда бир да мектеп жапа чеккен эмес. Ошондуктан ал аймактагы бардык агартуу мекемелери жаңы окуу жылына толук даяр десем жаңылышпайм. Ош жергесинде болсо эки мектеп толугу менен өрттөлгөн. Кара-Суу районуна караштуу Толстой атындагы орто мектептин жанына жаңы окуу жылында ЮНИСЕФ уюмунун жардамы менен чатырлар орнотулат. Керектүү жабдыктар жергиликтүү ишкерлерге буюртма кылынган. Окуу-усулдук жана башка куралдары, ошондой эле мектепке керектүү товарлар, мисалы, калем сап, дептер, карандаш өзүнчө комплект катары 1-сентябрда балдарга тартууланат.

- 1-сентябрга карата балдар мектепке толук барчудайбы? Мындан тышкары алардын коопсуздугун кимдер камсыз кылат?

Ошто өрттөлгөн мектеп
Канат Садыков:
Бул маселенин тегерегинде жалгыз министрлик эмес башка уюмдар да баш оорутуп жатышат. Биринчиден, дүйнөлүк уюмдар аркылуу социалдык мобилизациянын негизинде күзөтчү болом деген жарандарды бул жумушка тартуу камын көрүп жатабыз.

Экинчиден, мындан тышкары Оштогу окуу жайларында билим алган педагогика факультеттеринин жогорку курстарынын студенттери күздө практикага чыгышат. Аларды да пайдалануу ниетибиз бар.

Үчүнчүдөн, күзөт агенттиктери менен учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алардын кызмат акыларын ЮНИСЕФ жана башка донорлорго эсептеп жөнөттүк. Булар аларга коротулган чыгымдарды толук төлөп, маселени чечүүнү убада кылышууда.

- Жаңжалдан айрыкча Ош шаары жана облусу жапа чекпедиби. Мындай шартта бала бакчалардын тагдыры кантти? Алар толук иштеп жатабы?

Канат Садыков: Бир да бала бакча чыр-чатак учурунда жапа чеккен жок. Алар мурдагы калыбында иштеп жатышат. Бирок алардын жалпы саны калаа калкын канаттандыраарлык эмес. Бул системадагы эң орчундуу проблема – мектепке чейинки мекемелер акыркы жылдары кескин түрдө кыскарып кеткен. Көптөгөн бала бакчалар Совет доорундагы бир катар ишканалардын менчиги сыңары сатылып кеткен. Атүгүл басымдуу бөлүгү менчиктештирилген. Ошондуктан алардын бардыгын калыбына келтирип, көбөйтүү жагын ойлонуштуруп жатабыз.
"Азаттыктын" архивинен: 1-сентябрды күткөн окуучулар

- Июндагы окуялардан улам жана тополоңдун кайталанышы ыктымалдыгынан чочулап, Оштогу окуу жайларына да быйыл тапшыргандардын саны кескин түрдө азайды. Көпчүлүк студенттер Бишкек жана башка тынч жактарга которулушууда. Ушул себептен улам түштүктөгү ЖОЖдорду бириктирүү жана ирилештирүү процесси жүрбөйбү?

Канат Садыков: Чындыгында, Оштогу жогорку окуу жайларынын студенттеринин саны абдан көп болчу. Быйылкы шартка ылайык, аларды азайтуу жагы карала элек. Анткени биз жөндөн жөн кыскартууга жол койбойбуз. Сапат жагын көтөрүү маселесин күн тартибине коюп жатабыз. Эң башкысы: даярдалып жаткан адистер аз, бирок саз болсун деген тилектебиз. Бул жагынан мамлекет тарабынан ЖОЖдордогу сапат көзөмөлдөөчү жана аныктоочу механизмдерди чукул арада ишке киргизели деп жатабыз.

- Оштогу кыргыз-өзбек университетинин аталышын өзгөртүү маселеси жакын арада чечилчүдөйбү?

Канат Садыков: Албетте бул маселе жакын арада чечилет. Анткени аталган окуу жайдын аты менен заты төп келүүгө тийиш. Ошол жагы бизди катуу ойлондуруп жаткан чагы. Мындагы адистиктер техникалык жана педагогикалык багытта экен. Ошондуктан кандайча атоо жагы кыйынчылык туудургандыгы ырас. Жөн эле университет деп жар салуудан алыспыз. Социалдык университет деп атоо жөнүндө токтом даярдалууда. Аны да министрликте талкуулагандан кийин эки жуманын ичинде жарыялайбыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: кулубек каяктан: бишкек
16.08.2010 15:01
Министр мырза, №1 Каниметов атындагы интернаттын деректирин качан жумуштан аласыңар? Элди, интернатты соруп бүтмөй болду го мунуңар!? Бизге ишенбесеңиз Бишкектин вице - мэри В. Красиенкодон сурамжылап көрүңүзчү...Быйыл мектепке окуучулар толбой калды, баары качып атышат. Деректир болсо хан, падыша, "айлыгына" алган ЛЕКСУС машинесин тээп мурдун балта кеспей жүрөт. Сиз министр мырза, кичине бийликти колдоно аласызбы эл үчүн же..

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)