Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:34

Илим, билим берүү, IT

Мыкты бүтүрүүчүлөрдүн кечеси өттү

22-июнда Бишкек шаарындагы орто мектептерин эң мыкты бүтүрүп жаткан 189 бүтүрүүчүгө кызыл аттестат тапшырылды. Азем Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага мэрдин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов катышты.

x
Текст көлөмү - +
Быйыл Бишкекте орун алган орто билим берүү мектептерин баш аягы 5000дей бүтүрүүчү аяктап жатат. 22-июнда 189 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү кызыл аттестат алды. Иш-чара Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп, салтанат менен коштолду. Шаардын четиндеги “Алтын Казына” ресторанына чогулган бүтүрүүчүлөргө арналган азем өзгөчө шаң менен башталды.

Кечеге чакырылган бүтүрүүчүлөр жакшы маанайда отурушту. Себеби жалпы республикалык тестирлөө, бүтүрүү сынактары артта калды.

Касиет Асангариева Бишкектеги № 64 мектеп-гимназиясын ийгиликтүү бүтүрүп, бүгүн жакындары менен кызыл аттестатын алганы келген. Толкунданганын жашырбаган Касиет буларга токтолду:

- Аябай сыймыктанып атам. Өзүм да бул жашоодо бир нерсеге жете алат экем деген ишеним бар. Андан алдыга максаттар көбөйүүдө.

Касиет өңдүү окууда өзүн эң мыкты көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө Бишкек шаардык мэриясы бүгүн атайын медалдарды да тапшырды. Шаардык билим берүү башкармалыгынын төрагасы Айнагүл Ниязова ал медалдарга Бишкектин эн белгиси түшүрүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди.

- Бүгүн келген бүтүрүүчүлөрдүн баары жалаң бешке окуп, кызыл аттестат алышмакчы. Ал аттестаттарга биз атайы медалдарды даярдадык эле, Бишкек шаарынын символикасы менен.

Атттестат жана медалды бүтүрүүчүлөргө Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов тапшырды.

-Мен бардыгыңарды чын жүрөктөн мектепти аякташыңар жана өзгөчө үлгүдөгү күбөлүк алышыңар менен куттуктайм. Мында албетте силерди окуткан педагогдордун, ата-энелердин салымы чоң болду. Бирок силер да өзүңөрдүн эмгегиңер, аракетиңер менен бүгүн ушундай аттестат алып жатасыңар.

Кече соңунда салтка айлангандай акыркы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөр урматына театралдашкан оюн-зоок программасы тартууланды.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
23.06.2010 16:02
Mykty bütürüüchü naamyn algandardy kuttukdaim, aldydagy jolunar achyk bolup, kööp iyigilikderge , maksatynarga jetkile, Allah sizderge jardamchy bolsun!!!
Al emi 5000 bütürüüchüdön 189 zu ele kyzyl attestat alyshy, bul bizdin okuuchularybyzdyn eeen ele nachar ekendigi, okuu bilimi, sistemasy nachar ekenin bildiret, tembolee Shaarda (Bishkek). Jook degende 1000 okuuchu mykty bütürgöndö bizdin ölkögö chöön plus bolmok, bilimdüü jashtarybysdy östürüp jatabys degenge. Myndan kiyin en birinchi bilimge baardyk küchdü jumshash kerek, okuuchulardy ügüttösh kerek, mugalimder öz kesipterin süiüp , baldar menen ish alyp bargandy mykdy özdöshtürüsunö chöön kömök körsötush kerek. Usloviyalardy tüzüp, kööp kitep menen karjylash kerek, en negizi.

кимден: Бактыгул каяктан: Бишкек
22.06.2010 20:08
Бутуруучулорду мектепти эн мыкты аяктагандыктары менен куттуктайм! Ото оор кундорго туш келишти,бул кундордон да биримдик,намыс менен чыгабыз деген ойдомун. Ак жол силерге,бутуруучулор.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)