Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:36

Илим, билим берүү, IT

Бүтүрүүчү-2010: "Таанышың болсо таңкасың"

Кирүү сынактары башталары менен жогорку окуу жайларындагы колу таза эмес окутуучулардын "алкымдары ачылды". Акыркы эле айларда Каржы полициясы тарабынан бир катар мугалимдерге кылмыш иштери козголду.

Текст көлөмү - +
Перизат аттуу бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөдөн жакшы балл алганын билдирет. Бирок ал быйыл ЖОЖдорго кабыл алуунун биринчи айлампасында бюджеттик негизде бир да окууга өтө алган жок. Учурда ал экинчи айлампа менен контракттык негизде өзү каалаган кесипте билим алууга бел байлап жатат:

- Азыркы абитуриенттер арасында сөз бар экен: "таанышың болсо танкасың, таанышың болбосо маңкасың" деген. Ушул сөз аябай эле туура болуп калат экен. Таанышы барлар тесттен токсон беш балл алса деле өтүп атат. 175 алгандар өтпөй калып атабыз. Ушул нерсе таарынычты пайда кылат экен. Адилетсиздик болуп калат экен.

Дагы бир абитуриент Салкын курбалдашынын сөзүн улап, өзү теңдүү абитуриенттердин акча берип, ортого тааныш салып, окууга өтүп жатканын мисалга тартат:

- Албетте ЖОЖго акчаң болсо эч кандай маселесиз өтө бересиң. Азыркы күнү жогорку окуу жайларга акчасыз барсаң "акчам бюджетке жетпей калып, контрактка эле өттүм” деген сөз бар экен. Ошол туура экен. Карасаң ата-энеси барлар, акчасы барлар өтөт экен. Ал эми мындай карапайым калктын тесттен көп балл алсаң деле баары бир бюджетке өтпөйт экенсиң...

Социалдык өнүгүү жана ишкерлик институнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Махабат Нарматова окууга өтүүдөгү коррупцияга көбүнчө абитуриенттердин өздөрүнүн билим деңгээлинин төмөндүгү себеп деп эсептейт.

- Окууга өтүүдөгү коррупцияга абитуриенттердин өздөрүнүн билим деңгээлинин төмөндүгү себеп деп ойлойм. Анан өз балдарын кандай болсо да окууга өткөрүүнү калаган ата-энелерде да күнөө бар.


Билим берүү жана илим министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Альбина Дүйшембиева быйыл кабыл алуу комиссиялары тарабынан бир да мыйзам бузуу факты каттала электигин билдирет.

- Бүгүнкү күнгө ЖОЖдорго тапшырууда акча берип окууга өтүү боюнча фактылар каттала элек. Бул боюнча бизге расмий түрдө арыз менен кайрылгандар боло элек.

Быйыл Билим берүү жана илим министрлиги коррупция менен күрөшүү жана кабыл алуу өнөктүгү таза жана ачык өтүшүн камсыздоо максатында көз карандысыз байкоочулар тизмесин бекиткен.

Тизме кабыл алуу өнөктүгү башталаардан мурда бектилип, анын курамына Акыйкатчы аппаратынан, ИИМден жана Улуттук Коопсуздук кызматынан өкүлдөр кирген. Бүгүнкү күнү ар бир ЖОЖдогу кабыл алуу иштерине бул тизмеден байкоочулар көз салышууда.

Анткен менен Каржы полициясынын билдиришинче, кирүү сынактары башталары менен эле “окууга өткөрөм” деген бир катар мугалимдерге кылмыш иши козголду.

Быйыл медициналык факультетке окууга өткөрүү үчүн бир кыздан 20 миң сом пара алган Ош университетинин окутуучусу колго түшкөн. Ушул эле кыз ага мындан мурда 60 миң сом бергенин Каржы полициясынын кызматкерлерине айтып берген.

Ошондой эле Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы университетинин алдындагы юридикалык институттун ректорунун орун басары пара алып жаткан жеринен кармалган.

Каржы полициясынын басма сөз кызматкери Канат Көчөбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче акыркы жарым жылда окууга өткөрөм деген алты окутуучуга кылмыш иши козголду.

- Бизге келип түшкөн ыкчам билдирүүлөрдүн негизинде жогорку окуу жайларга кирүү экзамендери маалында пара алган фактылар катталууда. 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле ЖОЖдордогу коррупцияга байланыштуу алты кылмыш иши козголду.

Кыргызстанда акча берип окууга өткөрүү кадыресе көрүнүшкө айланып, ар кыл аракеттерге карабастан анын тамыры үзүлбөй келет.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Maratix каяктан: TR-BATKEN
22.07.2010 21:05
Билим берүү жана илим министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Альбина Дүйшембиева:

- Бүгүнкү күнгө ЖОЖдорго тапшырууда акча берип окууга өтүү боюнча фактылар каттала элек


El korso da siler korboysunorda, fakt korsotoyun dese da akcha surasar kim korsotot iya?
Andan koro "too kordunbu? jok bee kordunbu? jok" bolup uyundo tinch oturgani jaskhi go eldin

кимден: Kiyalbek каяктан: Kipr
22.07.2010 12:14
Kyrgyzstanda bilim beruu ministri ezelten ele oz nugun tabalbay kelet kaap. Albette algan ayligi az anan akcha kutot studentterden.Demek mugalimderdin ayligin kotorush kerek.Anan jana Mahabat Eje aytkanday ata eneler anan okuuchulardin psihologiyasi da aa mektepte okubasan da 11 di butson kaalagan okuuna akcha menen otkorup koyom degenge kaptalip kalgan. Birok Mahabat eje bir tarapptan janilat eger Mugalimder chinchil bolup oz ishterin tak kilip korrupsiaga jol berbese aylasi ketken ata-eneler jana okuuchular okup oz kuchu menen okuuga otuu uchun araket kilshat.Bul jerde eki taraptuu katachilik bar.Anan al akcha menen otup alip akchamdi chigarayin dep kiyin al da korrupsioner bolup chigat da. Parakorduk kachan joyulat? Tartiptuu jana disiplinalik sistema menen chinchil kadrlardi tandoo jolu menen! Birok turmushta baaribir ak iyilet birok sinbayt degendey oz kuchu menen okugan jashtar ish duynosundo kenen -ozuno ishenip-korkpoy urkpoy jemishtuu ishtep ketishet!

кимден: Фактаалы
21.07.2010 12:41
Окууга төлөнгөн акчанын көбү ректорго 500 доллардан өйдө, проректорлорго 500 доллардан, мугалимдерге 50-100 доллар, мындан тышкары ректор менен проректорлордун машине, кабине жана башкаларына кетет.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)