Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:31

Илим, билим берүү, IT

Баасы кымбат, мазмуну бүдөмүк китептер

Мектеп окуучулары, ата-энелер окуу китептерин дүкөндөн, базардан сатып алышат. Алардын ичинен, маселен, бишкектиктер үчүн өтө эле ыңгайлуусу жол алдындагы китеп базарлар болуп саналат. Шаардын ичинде “подземка” деп аталган мындай базарлар бир нече жана ал жерлерде каалаган китепти, ар кандай баада тапса болот.

Текст көлөмү - +
Бишкек боюнча окуу китептерин саткан жайлар аз гана жерде бар. Эмне үчүн көпчүлүк ата-энелер жана окуучулар бул жайларга кайрылбастан жол алдындагы китеп базарларга барышат? Бул суроого жооп алуу үчүн жол алдындагы китеп базарларынын биринде баласына китеп сатып алып жаткан Зулайка айымга кайрылдым:

- Эми гана жумуштан чыктым. Базарга барганга убакыт жок. Анан калса базардан издегениңди таппай да каласың. Бул жерге эки күн мурда айтып койсоң алып келип беришет. Эми акчасы 40-60 сомго кымбатырак. Бирок айла жок. Балдар окусун, сабагынан калбасын деген эле далалат.

7 жылдан бери жол алдындагы базарда сатуучу болуп иштеген Бакыттын айтымында, 1-класстан 10-класска чейинки окуу китептери жакшы сатылып, көбүнчө Орусия жана Казакстандан алынып келинет. Ал эми жергиликтүү басмаканалардан чыккан китептер дээрлик жокко эсе.

- Көбүнчө окуу китептерин сатабыз. Бардык предметтер боюнча. Китептерди “Дордой” базарына Орусиядан алып келишет. Ошол жактан барып алабыз. Мындан тышкары Казакстанда тааныш балдарым иштейт. Алар аркылуу алдырып алам. Ал эми биздин типографиядан албайбыз. Анткени баасы кымбат.

Деген Бакыттын сөзүн улаган сатуучу Жылдыз китеп сатып алуучулар көбүн эсе орус улутундагылар болгонун белгиледи. Ал эми баласына китеп издеп жүргөн кыргыздар чанда гана кездешет.

- Кыргыз ата-энелер балдарына китеп сатып бербейт. Кымбат деп эле турушат. Ал эми орустар кымбатына карабай алышат. Мисалы, 1-класстын окуу китептери 550 сомдон сатылат. Алар төрт китеп окуйт. 2 миң сомго толук кылып алып берип коюшат. Азыр китеп берген мектептер чанда эле чыгат да. Көбү сатып алышат.

Кайсы өлкөнүн тарыхын үйрөнөсүң, окуучу?


Орусия жана Казакстандан келген китептердин ички мазмуну кыргыз мектептериндеги окуу программасына туура келбей калган учурлар да жок эмес.

Венера: 6-класстын атласынын ичи башкача экен го. Сырты окшош, бирок ичи башка. Кайсынысын алсам болот?

Сатуучу: Муну алып көргүлө. Туура эмес болсо кайра алып келсеңер болот. Бирок баары эле ушуну алып жатышат.

Издеп жүрүп сатып алган китептердин баштапкы баасы канча? Сатуучу Жылдыз айым:

- Бир китепти 300-400 сомго алсак, үстүнө 50-100 сом кошуп сатабыз. Анткени китептерди көп кылып алып келгенге каражат жок. Аз-аздан алып келебиз.

Китеп - билим булагы. Бирок бул булак кымбат болгону маалым. Ошентсе да балдарынын татыктуу билим алуусу үчүн окуу куралдары менен камсыз кылууда ата-энелер канча акча болсо да сарпташары айдан ачык.

"Азаттыктын" архивинен: Кабарчыбыз Бишкек көчөлөрүн кыдырып, "Сиз акыркы жолу кайсы китепти окудуңуз эле?" деген суроону узаткан. MiT

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нур каяктан: Токмок
07.10.2010 14:29
Абдан кызыктуу тасма экен. Билимге таандык ушундай суроолорду элге көп берсенер жаш муундардын аң сеэими өзгөрүп кетет деген ойдомун, балким жашоого изденү умтулуусу пайда болот го дейм

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
29.09.2010 00:02
Bizde azyr kitep okugan abdan az, jokko ese. Baldardy kichinekeiyinen kitep okup berip göndürbösö, kitep emne ekenin dele bilbei jürüshöt. Jomokdu da aitalyshbait. Antkeni kichinekeiyi chonu debei ishtesh kerek, akcha tabysh kerek degen oi menen chögüp ketishken,bashka echkandai oi -maksat jok. Abdan ökündüröt....

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)