Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 00:36

Илим, билим берүү, IT

Ак жол сага, бүтүрүүчү!

Быйыл мектепти жетимиш миң бүтүрүүчү аяктап жатат. Алардын кырк миңдейи жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, анын жыйынтыгы боюнча калааган окуу жайына бюджеттик орундар үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

x
Текст көлөмү - +
Мээрим быйыл мектепти ийгиликтүү аяктаганы менен жалпы республикалык тестте төмөн балл алып калган. Учурда ал Бишкектеги жогорку окуу жайларын кыдырып, документтерин кайсынына тапшыраарын чече албай жүрөт.

- Быйыл окууну бүткөм. Ушу күндөрү окуу жайларды кыдырып жүрөм. Кыргыз-түрк“Манас” университетине же улуттук университетке тапшырсамбы деп атам. Тесттен төмөн балл алдым. Контракттык негизде билим алууга эле жарайт. Азыр караштырып атам. Тааныштар деле жок.

Мээрим барган Жусуп Баласыган атындагы улуттук университети башка ЖОЖдордой эле келишим негизинде билим алгысы келген абитуриенттер үчүн 16-июндан тарта документтер кабыл ала баштаган.

Жалпы республикалык тестирлөөдө ийгиликтүү жыйынтыктарга жетишкен бүтүрүүчүлөрдү бюджеттик негизде окууга кабыл алуу быйыл ЖОЖдордо июль ичи үч айлампада жүргүзүлөт.

Мындан тышкары бул окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги апрель окуяларында жакындарын жоготкон абитуриенттердин өзгөчө категориясы үчүн бюджеттен 140 орун карады. Аталган министрликтин басма сөз катчысы Альбина Дүйшембиева “Азаттыкка” бул туурасында төмөнкүлөрдү билдирди:

- Квотада көрсөтүлгөн орундар Социалдык колдоолорду координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия бекиткен тизменин негизинде берилет. Бул орундарга 6-7-апрелде жабыр таркандардын үй-бүлөсүнөн чыккан, жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөр ат салыша алышат.

Түштүктөгү коогалаңдан кийин учурда Ош жана Жалал-Абад дубандарындагы бүтүрүүчүлөр үчүн да жеңилдиктерди кароо демилгеси көтөрүлүүдө. Бирок өкмөт тарабынан азыр бул боюнча конкреттүү чаралар уюштурула элек. Ал арада айрым ЖОЖдор өздүк демилге көтөрүп түштүктөн келген абитуриенттерге колдо бар жардамдарын берүүгө аракет жасашууда. Мисалы, Улуттук университет жетекчилиги быйыл жатаканалардагы орундардын барандуу бөлүгүн Ош жана Жалал-Абаддан келген бүтүрүүчүлөргө берүүнү көздөөдө.

Адатта жаңы окуу жылына кабыл алаарда дайым паракорчулук, коррупция маселеси актуалдуу боло түшөт. Анткени өлкөдө акча берип окууга өтмөй тажрыйбасы дагы деле жоюла элек.

Ушундан улам Билим берүү жана илим министрлиги быйыл кабыл алуу комиссияларынын төрагаларына окутуу-семинарларын уюштурган. Алар өз кезегинде ар окуу жайда техникалык катчылардан турган абитуриенттик топко 36 сааттык тренинг-семинарларды өткөргөн. Анда психологиялык жагдайдан баштап укуктук жагдайларга чейинки маселелер козголуп, паракочулук, акча алып окууга өткөрүү өңдүү мыйзам бузууларга жол бергендердин жоопкерчилиги кандай болот эскертүүлөр берилген. Улуттук университеттеги мындай иш-чара туурасында кабыл алуу комиссиясынын жоопту катчысы Бектурсун Байсабаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Эгерде балдардын укуктары бузулса, документтер талапка ылайык кабыл алынбаса анда биз аларды ошол эле күнү кызматтан четтетебиз. Бардыгы тең өзүнүн жоопкерчилигин сезет. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин жарым айдан бери документ кабыл алып атабыз, мындай жагдайлар кездешкен жок.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Замир
21.07.2010 11:16
Майда кыргыздардын намысын коргоп каза болгондорчу?

кимден: Шамшидин каяктан: Бишкек-Лейлек
03.07.2010 11:04
Апрель окуясында курман болгондордун уй-булосу жана жакын туугандарына 140 орун каралыптыр. Жакшы. колдоймун.
А Ошто курман болгондор менен жоголгондордун уй-булосу менен жакын туугандарына канча орун каралыптыр же каралат экен. Мени кызыктырганы ошол.
Же Бекназаров айткандай Ош менен Жалал-Абаддагы окуялардын мотиви башкабы?
анда учунчу куч, Бакиевдердин колу бар деген комментарийлерди кантип тушунсо болот?

кимден: eldar каяктан: tr
02.07.2010 23:18
Urmattuu buturuuchulor... Baarinizdarga ak jol jana iygilik...

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)