Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Маданият / Илим жана билим берүү

Билим көйгөйү: Мыкты адистер кайда?

20.11.2009

Кыргызстанда замандын талабына жооп берген адистер жетишсиз. Ошондуктан чет өлкөдөн келген адистер жакшы маяна алып, Кыргызстанда эмгектенишүүдө. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир жолу - дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында жаштарды окутуу зарыл.

Бишкек шаарында орун алган GPS.COM ишканасы заманбап технология багытында иш жүргүзүп келет. Бул компаниянын учурда бир көйгөйү бар. Бул – тажрыйбалуу, иш билги кадрлардын жетишсиздиги.

Ишкананын маалымат технологиялар бөлүмүнүн башчысы Владимир Долгий “бизде жакшы адистер жок болгондуктан аларды чет өлкөдөн чакырып жатабыз” дейт.

- Бизге ишке орношуу үчүн 100гө жакын талапкерлер келген. Бирок алардын эч кимиси биздин талаптарга жооп бербегендиктен ишке алган жокбуз. Мындан биздин билимдүү жаштарыбыз өлкөдөгү башка ири мекемелерге ишке орношуп, же чет өлкөлөрдө эмгектенишүүдө деген жыйынтыкка келсек болот. Учурда Кыргызстанда Эл аралык деңгээлге жооп берген адистер окутулбай жатат. Ошондуктан биздин ишканадагы кызматкерлердин 30 пайызын чет өлкөдөн келген адистер түзөт. Биз жергиликтүү компания катары өз атуулдарыбызды ишке алсак деген ойдобуз. Бирок алардын билими жетишээрлик деңгээлде болбой жатат.

“Word of Education” компаниясынын билим берүү программалары боюнча менеджери Болушбек Абдыжапаров, чет өлкөдөн билим алып, Кыргызстандан жакшы иш табууга мүмкүн деп эсептейт.

- Кыргызстандагы университеттерди аяктаган жаштар көп учурда маянасы төмөн болгон ишке орношушат. Себеби алардын билим деңгээли ошол маянага жооп берет. Ал эми чет жакта окуп жакшы билим алган адистердин айлык акысы кайсы өлкөдө кандай ишканада иштебесин ар дайым жогору болот.

Учурда кыргыз студенттери капчыгына жараша дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн билим алышат. Азыркы маалда Кытайда жана Германияда окуган жаштардын саны аз эмес. Ошондой эле Америка, Англия, Малазия, Франция жана Орусияда билимди жогорулатууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Эгер аталган өлкөлөрдө окуу акысын төлөөгө дараметиңиз жетсе жана жетишерлик деңгээлди тил билсеңиз, анда бул багытта иш жүргүзгөн компанияларга кайрылуу зарыл.
Кыргызстанда жакшы адистик боюнча билим алуунун акысы чет өлкөгө салыштырмалуу бир аз гана жогору болууда.


Малазияда жайгашкан Азия-Тынч Океан Технология жана Иновация университети - аймактагы алдынкы окуу жайлардын бири. Бул окуу жайдын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Анис Ур Рехман сапаттуу билим берүүгө бул университетте бардык шарттар түзүлгөнүн айтты.

- Биздин университетте дүйнөнүн 65 өлкөсүнөн студенттер билим алышат. Мындан үч жыл мурун окуу жайыбызда Казакстандан 10 студент билим алып жатышса, учурда алардын саны 300гө жетти. Азыр болсо биздин окуу жайда 10 чакты кыргыз студенттери окушат. Жакынкы жылдар алардын саны көбөйөт деген ойдобуз. Биздин университеттен алар сапаттуу билим алып, мыкты адис болуп чыгышат.

Адистердин баамында, Кыргызстанга бизнес, маркетинг, маалымат технологиясы жана инженер багытында билимдүү кадрлар жетишпей жатат.
Кыргызстандагы университеттерди аяктаган жаштар көп учурда маянасы төмөн болгон ишке орношушат.


“Word of Education” компаниясынын менеджери Болушбек Абдыжапаров буларга токтолду:

- Мындан он жыл илгери кыргыз студенттери Америка, Англия жана Европада билим алышкан болсо, учурда жаштар Азия мамлекеттеринде окуп келүүнү каалашат. Азыркы маалда Кыргызстанга дүйнөнүн көптөгөн университеттеринен өкүлдөр келип, маалымат таркатышат. Ошол эле маалда Кыргызстанда жакшы адистик боюнча билим алуунун акысы чет өлкөгө салыштырмалуу бир аз гана жогору болууда. Ошондуктан жаштар чет өлкөдөн билим алсак деп аракеттенип жатышат.

Тасмада: "Азаттык+": Адамдын күчү - билимде

Жаштардын “Азаттык+” сыналгы көрсөтүүсүнүн кезектеги чыгарылышы мектептердеги билим берүүнүн деңгээлине жана реформаларга арналды.

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Акелл каяктан: Би-сити
30.11.2009 23:21
Чет элде иштегендер азырынча бул жака келбегиле - келсенер система коррупционер кылат силерди! Анан дурус маяна, шарт жок!!! Аттин деп калбасанар дейм...

кимден: aia каяктан: eu
28.11.2009 05:15
bul sabakty ajabai dajardap atyp tarttyryptyr.bolboso mynchalyk otulboit sabak dengeeli.elizanyn da suilogonu jattap algan.kyrgystan jalan gana korgozmo menen jashait.a chynygy turmushta taptakyr bashka.

кимден: Оштук жигит каяктан: Ош
22.11.2009 17:24
"Азаттык Уналгысы"нын жамааты неге??? "Азаттык +" тасмасы 30 минутук деп айтыа жатып сиздер сайтыныздыргы болгону 11 минут 49 секундук тасманыздырды койуп жатасыздар???
Неге видеотасманыздар кыска??? Сиздердин сайтыныздардан башка кыргыз сайтарында жаны видеотасмалар жок.
Ушуга окшогон видеотасмаларыныздарды толук берсениздер, адамды кызыктырп кёсуздар, анан эле жарым жартылай коргозуп кёсуздар.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)