Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:34

Кыргызстан

Мигранттардан келген акча азайды

Жумушчу мигранттарды көп күчүн талап кылган Орусияда каржы каатчылыгынан улам акча табуу кыйынга турууда. Быйылкы жылдын биринчи кварталында кыргызстандык эмгек мигранттар 150 миллион доллардан ашык каражат которушкан. Бул өткөн жылдагыдан 80 миллионго кем.

x
Текст көлөмү - +
2009-жылдын биринчи үч айлыгында Орусиядагы чет өлкөлүк эмгек мигранттар өз мамлекеттерине бир жарым миллиард доллардан ашык каражат жөнөтүшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 33% төмөндөп кеткен. Мунун себеби эмгек мигранттардын айлык акысынын төмөндөшү, жумушчулардын санынын азайышынан деп белгиленүүдө.

Максат Тотубаев - Орусиядагы кыргыз мигранты. Ал 3 жыл убакыттан бери Москва шаарында иштеп келет. Буга чейин ал бир жумушта эмгектенсе, эми экинчи ишке орношуп көбүрөөк акча табууга умтулууда.

-Москвада “Работа и Зарплата” деген гезит бар. Бир жыл мурун 5-6 сантиметр калыңдыкта чыкчу. Азыр жарнаманын жоктугунан бир сантиметр калыңдыкта чыгып калды. Бул мисал Орусияда жумуштун аз болуп жаткандыгынан кабар берет. Мен буга чейин бир эле жумушта эмгектенчүмүн. Азыр башка ишке дагы орношуп алдым. Эгер биринен бошоп калсам экинчисинде иштеп кала берем.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 450 миң которуу болуп, ар бир которуунун орточо суммасы 337 долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 100 долларга аз.

Азыркы тапта экономикасы жаңыдан өнүгүп бараткан мамлекеттер өзүнүн бюджетин мигранттар жиберген каражат менен толуктап, өз экономикасын алдыга жылдырып жатышат. Учурда мигранттардан түшкөн каражаттын көлөмү Молдованын ички дүң продукциясынын 38 пайызына, Тажикстанда болсо 46 пайызга барабар.

Кыргызстанга болсо бейрасмий маалыматтар боюнча 2007-жылы мигранттар 1,5 млрд. доллар каражат жөнөтүшкөн. 2008-жылы расмий билдирүүлөрдө 1 млрд. доллардан ашты деп кабарланган. Ошол эле маалда өлкөнүн бир жылдык бюджети эки миллиард долларга жакын сумманы түзүүдө.

Экономист Айылчы Сарыбаев каражаттын азайышы карапайым калктын жашоосуна таасир этет дейт:

- Эмгек мигранттарынан келген акча менен күн көрүп жаткан элдин акыбалы оордой түшөт. Каржы каатчылыгынын айынан Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө курулуш токтоп, жумушчуларга талап төмөндөп кетти. Мигранттарга эмес алардын өздөрүнүн атуулдарына дагы иш жетпей жатат. Мунун кесепетинен Кыргызстанда жумушсуздук күчөп социалдык абал кыйынчылыка тушугууда.

Мигранттарды кабыл алган ар бир мамлекет өз тургундарынын кызыкчылыгын коргоо максатында, өлкөдө эмгектенген чет элдиктердин санын азайтуу жолдорун издешүүдө. Январь айында Орусия өкмөтү мигранттарга берилүүчү квотанын кыскартылышын жарыя кылган. Ошондуктанбы, айтор Орусияда кыргыз эмгек мигранттарынын саны азайууда.

- Жумуш жоктугунан улам мигранттар үйлөрүндө эле отурушат. Кээ бирлери иштеп айлыктарын алалбай жатышат. Темир жол вокзалына барсаң кетүүгө камынган кыргыздарды көп көрөсүң. Ошол эле маалда бул жака келген эмгек мигранттарынын саны азайып калды, - дейт Москвадагы кыргыз мигрант Максат Тотубаев.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Алымбек каяктан: Москва
11.07.2009 19:00
Өзүң өлсөң өл, бирок акча жөнөт Кыргызстанга. )))

кимден: kana каяктан: Korea
29.06.2009 06:49
Kontrakt tuzup Koreaga kelgile KYrgyzdar.

кимден: Султан каяктан: Москва
29.06.2009 01:04
Төмөнкү айтылган ой пикирлерге кошулам. Мен дагы 17 жылдан бери чет елдерде окуп иштеп жүрөмүн. Биз кыргыздар чет мамлекеттерде мигрант болуп кыйын күндөргө туш келип,ачка калып, кее бир мамлекеттерде жаман көрүнүп кор болуп деле болсо акча табып жүрөбүз. Бул кылганыбыз абалга жараша белгилүү бир жерге чейин туура деп ойлойм. Бирок ошол тапкан акчабызды үйүбүзгө келип, мекенибизге келип акылдуу ж/а келечегибиз үчүн коротпостон кайра еле ошол күч учурларга өзүбүздү өзүбүз туш келтирип жатабыз. тапкан акчабыздын баарына мерседес алып акчасыз калгангачейин ошол акчадан кантип кайра акча тапса болот деп бир ишке киришсек туура болбойт беле. кошунага бай көрүнөм деп өздөрүн өздөрү кыйнаган тууган жертештерибизди көп көрөмүн. менин суранарым көргөзүш учун емес балдарыңдын, мекендин келечеги үчүн пайдалуу иштерди кылалы.

кимден: Матазим каяктан: Москва
27.06.2009 20:11
Максат туура айтат колдон келсе Америка ж.б башка шаарларга барып иштеп, көп-көп акча тапсак экономикабыз тезраак оңолот беле.

кимден: Avaz каяктан: Moskva
27.06.2009 14:25
Баракелде Кыргызым. Кыргыз мигранттарынын так санын билбегени менен алардын келген акчанын так суммасын билет экенсиңер

кимден: Нур каяктан: Магадан
27.06.2009 06:13
Магадандан салам! Биз төрт үй-бүлө врачтарбыз, баарыбыз өзүбүздүн кесип менен иштейбиз, айлык түзүк. Колдон келсе кесибиңер менен орношконго аракеттенгиле кыргыздар. Дагы өзбек,тажиктердин аялдары үйүндө отурушат,биздики тетири,мындай болбош керек го дейм. Аялдарыбыз кор болуп жатат деп көп угам. Намыстуу кыргыз элине жат касиет го.

кимден: Акбар каяктан: РФ
25.06.2009 16:16
Акча которуу 70% азаят.Баары эле кыйналып калды...

кимден: Биз
25.06.2009 15:59
Орусияда кыргыздар 3 айда паспорт алат экен, нелегал тажиктер менен өзбектер куулуп, ордун кыргыздар ээлеп атат деген кеп уктук. москвада точно ошондой дешет. мамлекеттик такталган жана салыштырмалуу статистика болмоюнча, бир бетке айтуу кыйын. тажикстан, өзбекстанга мигранттар балким көбүрөөк санда кайтып жатат.

кимден: Акбар каяктан: РФ
25.06.2009 14:49
Көрүп турам; айлыктар түштү, каржылоо токтоду объектилерди...

кимден: Жусуп каяктан: Москва
25.06.2009 11:36
Москванын да кызыгы кетип башка акча көбүрөөк тапчу жер болсо жер которолу деп турган кези көчмөн кыргыздын.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)