Шаршемби, Февраль 08, 2012 Бишкек убакыты: 19:27

Эркиндик

Евробиримдик кыргыз бийлигин адам укугуна көңүл бурууга чакырды

Евробиримдик Кыргызстанда адам укугунун артка чегинип жатышына тынчсыздануу билдирип, кыргыз бийлигин бул жагдайга тез арада көңүл бурууга чакырды. Мындай билдирүү 23-февраль күнү Брюсселде өткөн Евробиримдик-Кыргызстан алакаларын талкуулаган жолугушууда айтылды.

x
Текст көлөмү - +
Евробиримдикте болгон сөздү эмнеге жашырып жатышат?  

Евробиримдик менен жолугушууга катышып келген тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев жетектеген кыргыз делегациясы Брюселлдеги талкууда адам укугу, журналисттерге кол салуулар тууралуу кеп болгонун азырынча ачыка чыгарышка элек. Алар эки тараптуу жолугушууда соода-экономикалык карым-катнаш, коопсуздук, аймактык кызматташтык сыяктуу гана маселелер талкууга алынганын билдиришүүдө.

Ал эми Евробиримдик өкүлдөрүнүн тараткан маалыматка ылайык, жыйында аталган союз Кыргызстандагы адам укугунун абалына тынчсыздануу билдирип, кыргыз бийлигин бул проблемага чукул арада көңүл бурууга чакырган.
 
Жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдрасулованын пикиринде бул абройлуу уюмдун Кыргызстандагы кырдаалга кабатырлануусуна толук негиз бар:

-Евробиримдиктин тынчсыздануусу туура деп ойлойм. Себеби 2009-жылы, 2010-жылдын башталышында эле көптөгөн фактылар катталды. Журналисттерди сабоо, саясий активдүү адамдарга чоң басым болуп жатат. Өзүнүн ой-пикирин билдиргендерге да куугунтук күчөдү. Жөнөкөй жарандар өз көйгөйүн бийлике жеткиргенге мүмкүнчүлүктөрү калбай калды.

Абдрасулованын пикиринде оппозициялык саясатчылардын камалышы, чындыкты жазган журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча жарандык коомдун үнү эл аралык уюмдарга жетүүдө.

“Кыргызстанда эркиндик бар”

Анткен менен бийликтер, депутаттардын басымдуу көпчүлүгү Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу адам укугу, сөз эркиндиги бар экенин айтып келишет. Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын өкүлү Жангороз Каниметов буларды айтты:

-Адам укугу жаатында көп жакшы иштер болуп жатат. Аны эч ким танбайт. Бирок журналисттерди өлтүргөндөр табылбай жатышы албетте өкүндүрөт. Жакшы жагын айтсам, бей өкмөт уюмдардын эркиндиги, каалагандар митингге чыгып жатышат. Мына Алайда, Нарында өз укуктарын коргоп жатышат. Мунун баарын эркиндик деп айтсак болот.

Каниметов сыяктуу өлкөдө адам укугунун абалы жакшы деп айткандар, жагдайды Батышка же Европага эмес, коңшу Өзбекстан менен Казакстанга салыштырып айтышат. Серепчилердин белгилешинче, Кыргызстанды дал ошол авторитардык өлкөлөргө салыштырып түздөнүүнүн арты, эл аралык кадырлуу уюмдардын кара тизмесине кирип, эркин эмес өлкө деп табылууда.

Жаш саясатчы Урмат Казакбаев, өткөн жыл соңунда жүздөгөн жаштардан атайын сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгында өлкөдө адам укугу күн санап начарлап баратат деген тыянак чыгарганын айтат:

-Эмне үчүн дегенде канча журналисттен айрылдык. Айрым саясатчыларды тирүүлөй өрттөп жиберген окуялар жүз берди. Буга чейин таптакыр болуп көрбөгөндөй укук бузуулар болуп жатат. Аябай артка кеттик.

Бул жаш саясатчы сыяктуу эле “Кыргызстанда адам укугу корголбой калды, өлкөдө авторитардык бийлик орноду” деген тынчсыздануулар, кайрылуулар жергиликтүү бей өкмөт уюмдар, укук коргоочулар тарабынан далай ирэт айтылды. Евробиримдик -Кыргызстандагы адам укугуна тынчсызданган, кыргыз бийлигин бул жагдайга көңүл бурууга чакырган уюмдардын алгачкысы эмес.
 
Абройлуу Хьюман Райтс Уотч уюму 2009-жылдагы адам укугунун дүйнөдөгү абалы тууралуу баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстандык укук коргоочулар менен журналисттерди куугунтуктун бутасына айланды деп баса белгилеген. Өткөн жылы Фридом Хаус уюму болсо Кыргызстанды эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Бирок мындай билдирүүлөрдөн соң Кыргызстанда бийлике сын айткандарды камоо, журналисттерге чабуул, нааразылык акцияларына чыккандарга куугунтук токтоп калган жери жок. Эми Евробиримдиктин бул олуттуу чакырыгына кыргыз бийлиги кулак салаар бекен?
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Akmaral каяктан: Germaniya
26.02.2010 19:15
Kyrgyzstan adam ukuktaryn korgogon mamleket emes.Olkobuzdun ichki saiasaty,belchesinen korrupsiyaga batkan.Anan kaidagy adilettuuluk?Kanybyzga,janybyzga singen traibalizm,bizdi ar daiym aksatyp kelet.Anan eng okunuchtuusu adam ukuktarynyn koz korunoo ele,tebelenip jatyshy...Oshonduktan da koomchulukta naraazychylyk kurchup jatat.
Al emi evropadagy adam ukuktarynyn korgolushun,bizdin mamlekettikine salyshtyryp mumkun emes.Evrobirimdiktin tynchsyzdanganynda bir top negizder bar.

кимден: Кыргызбай каяктан: Москва
26.02.2010 14:43
Ушул акжолчулардан интервью албай эле койгулачы. Каражолтой болушту гой алар.

кимден: Бос каяктан: Ош
26.02.2010 14:11
Өтө туура маселе көтөрүлүптүр. Жанар деген балаңар да курч маселелерди, туура алып чыккан журналист экен, азамат! Кыргызстанда эмнелер болуп жатканын көзгө сайып көрсөткөн мыкты журналисттер көп болсо оңолууга өбөлгө болмокчу. Азаттыкка бали!

кимден: Алатоо каяктан: карапайым
26.02.2010 11:34
Туура айтасынар! бул бийлик мыйзам деген нерсени унутуп койду.Биздин Мекенибизде Максимдин доору суруп жатат.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)