Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:17

Эл үнү

Түштүктө жараат алгандарга кан керек болушу мүмкүн

Республикалык кан борборунда түштүктө жабыркагандар үчүн кан тапшыруу иштери жүрүп жатат. Учурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда жетиштүү деңгээлде кан бар. Бирок түштүктөгү окуяларда жараат алгандардын санынын өсүшү менен канга болгон муктаждыктар да көбөйүшү мүмкүн экендигин кан борборунан билдиришет.

Жараат алгандарга кан берүүнү каалаган шаар тургундары, 8-апрель 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларга кайдыгер карабаган жарандар Республикалык кан борборуна келип кан тапшырышууда. Милициянын капитаны Нурлан Исмаилов да бүгүн аталган борборго келген:

-Эртең менен жумушта отуруп, кан керек экенин сыналгыдан көрүп калып кан тапшырып коюш керек деп ойлодум. Мен ойлойм, азыркы заманда ар бир адамдын милдети болуш керек. Анткени кан жабыркагандарга абдан керек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги берген 14-июндагы таңкы маалыматтар боюнча Кыргызстандын түштүгүндө бир жарым миңден ашык адам жараат алган. Алардын 800гө жакыны ооруканага жаткырылган. Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева Ош жана Жалал-Абадда жаракат алгандар үчүн азырынча кандын жетиштүү өлчөмү бар экендигин белгилейт:

-Учурда Ошто да, Жалал-Абадда да кандын өлчөмү жетиштүү. Эгер керек боло турган болсо бул Республикалык кан борборунан канды жеткирүүгө биз даярбыз.

Дамира Ниязалиева өз сөзүндө тургундарды Кыргызстандын түштүгүңдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабоого, мүмкүнчүлүгү бар адамдарды жараат алгандар үчүн кан тапшырууга чакырат.

Ал эми Республикалык кан борборунун 14-июнда берген маалыматтарын ылайык, учурда Ошто 97 литр, Жалал-Абадда болсо 58 литр даяр кан бар. Ал эми Бишкекте керек болгон учурда түштүккө жеткирилүүгө даяр турган 340 литрдей кан сакталып турат. Республикалык кан борборунун башчысы Мухаметалим Турсунбаев билдиргендей, өлкөдөгү окуя курчуп, жабыркагандардын саны көбөйө турган болсо канга болгон муктаждык жогоруламакчы:

- Эртерээк тынчтанып кетсе деп тилейбиз. Эгер улана берсе бир тонна кан деле жетпей калышы мүмкүн. Учурга жетиштүү. Бирок бул кандын кору көлдүн суусундай эле. Бир жагынан чыгып жатса бир жагынан куюлуп турушу керек, толуп турушу керек. Бир жолу топтоп койдук, ошону менен бир ай жыргап жашайбыз деген мүмкүн эмес. Күндө толуктап турушубуз керек.

7-апрелден 15-апрелге чейин Республикалык кан борборуна миңге жакын адам кан тапшырган. Натыйжада 400 литрден ашык кан даярдалып, анын жарымына жакыны апрель окуяларында жаракат алгандарга куюлган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Patriot каяктан: Moskva
22.06.2010 18:26
Урматтуу Азаттык, чынында Ошко кан керек болушу мумкун. Биз кашык каныбыз калганча олкобуз учун туруп бергенге даярбыз. Мейли озбек, мейли кыргыз, мейли татар болсун, кыскасы Ошко кан керек болсо мен бергенге жана кан бере турган эр азаматтатырбыз, кыз келиндерибизди тапканга даярмын. Мен ишенем, бул жерде, Москвада каны жаны менен даяр жердештерибиз толтура. Урматту Азаттык, болгону уюштуруп бергиле ушуну. Эгер бул жерден кан алып кыргызстанга жиберууго болсо, анда адресин берип койгула. Ушул тууралуу менин адресиме кайрылып койгула суранам....

кимден: оштук каяктан: Россия
16.06.2010 22:59
Кан бергендер учун чон рахмат. Мен кан бербесем да колубуздан келген жардам кылып гумонитардык жук жонотконго акча топтодук. Куда кааласа жакында барып калат.
Узбек туугандар ferhgana ru да Кыргыздарды кана куноолу кылып бут дуйного жарыялап жатат. Кыргыздарда бир да кыргыз олгон видео жок деп, Болсо жооп жонотуп койгулачы. Кыргыздар ынтымак бололу.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.06.2010 22:33
elimdin tushunuktuuloru menen syimyktanam
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу