Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат / Кыргызстан саясаты

Курултай чакырык катуу чыгууда

Элдик курултайды уюштуруучулар маалымат жыйынын берүүдө, 11-март, 2010-жыл.

Элдик курултайды уюштуруучулар маалымат жыйынын берүүдө, 11-март, 2010-жыл.

11.03.2010
Бекташ Шамшиев

11-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-марттагы Элдик курултайды башкалаанын «Ала-Тоо» аянтында өткөрүүгө тыюу салган чечимин чыгарды. Райондук сотко Бишкек шаар башчылыгы кайрылган. Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева республиканын туш тарабынан келген өкүлдөр алгач Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында чогула тургандыгын, бийлик тоскоолунун айынан жыйын өткөрүүчү жай такталбай жатканын билдирди.

 
Аянтка "аппазиция" келбесин!

4-мартта Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаевадан Элдик курултайды башкалаанын “Ала-Тоо” аянтында 17-март күнү өткөрүү жөнүндө кабар келип түшкөнүн маалымдап, Бишкек шаар башчылыгы Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.
Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун имараты

Шаар жетекчилиги Элдик курултайды борбордук аянтта өткөрүүгө тыюу салып, сотко кеткен ыгым-чыгымдарды жыйынды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаевадан өндүрүп алууну өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту Алмаз Калыбаев Бишкек шаар башчылыгынын өтүнүчүн толугу менен канааттандырды.

- Роза Отунбаева менен белгиленген Элдик курултайды уюштуруу комитетине 2010-жылдын 17-мартында Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында эртең мененки саат ондон кечки саат 20 чейин көп эл катышкан жыйынды өткөрүүгө тыюу салынсын! Роза Отунбаевадан мамлекет пайдасына 10 сом өлчөмүндө мамлекеттик төлөм өндүрүлүп алынсын!

Чечимин окуп берген райондук сот аны курултай өткөрүүчүлөр беш күндөн кийин алыша тургандыгын айтып, отурган кабинетин бошотууну талап кылды. Р.Отунбаеванын кызыкчылыгын коргогон кесиптеши Галина Скрипкинанын мыйзам тартибине ылайык чечимдин жыйынтык бөлүгү ушул эле күнү берилиши керектигин ырастаган өтүнүчү жоопсуз калды.

Парламент депутаты Г.Скрипкина Биринчи Май райондук сот чечими туура эместигин белгилеп шаардык сотко кайрыла тургандыгын билдирди. Анын айтуусунда, Элдик курултай “Ала-Тоо” аянтында өтпөй турган болсо көпчүлүк катышкан иш-чараларды ал жерде дегеле өткөрбөш керек.

- Башкача айтканда, мыйзам мэрия тарабынан каалагандай түшүндүрүлөт. Кааласа уруксат берет, каалабаса уруксат бербейт. Мындай болбошу керек! Мыйзам бардык адамдарга, ошондой эле ушундай иш-чараларга карата бирдей колдонулушу керек.

Нарындан жиберилген салам дубай
 Нарында элдин духу күчтүү, катуу. 17синде 10 миңдеген эл чогулабыз деп жатат. 
Р. Отунбаева

Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрайымы Роза Отунбаева райондук сот чечими чыга электе шаар башчы Н.Түлеев кадырын салып жыйын өткөрчү жайды издөөгө көмөк көрсөтөрүн билдиргенин маалым кылып, учурдагы саясий кырдаал уламдан-улам курчуп баратканына токтолду.

- Нарында биз болдук. Нарында элдин духу күчтүү, катуу. Эл болсо туруп беребиз деп атат. Кечээ үч миңден ашык чогулду эле. Керек болсо он жетисинде он миңден чогулабыз деп атат. Эми буларга болсо чечип бер, чечип бер жалынгандын эч кажети жок. Аны керек болсо өкмөт да чече албайт. Өзүңүздөр көрүп атасыздар, жанагы Е.Гуревич деген Италиянын “Телекомун” жайлап, эларалык издөөдө жүрүптүр. Ал эми болсо Африканын элинен бешбетер кылып бизди жайлаганга мына дапдаяр болуп турганын өзүңөр көрдүңөр. (“Кыргызтелекомду”- Ред.) 40 миллион долларга жөн эле сатты. Аны болсо “Финтур” деген компанияга 400-500 миллионго сүйлөшүп аткан кезинде бул азыр ордунан ыргып кетип атканы.

Элдик курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Эмилбек Каптагаев көпчүлүк катышкан жыйында козголчу маселелердин баары биригип келип саясатка такаларын, саясат кеби барып-келип эле азыркы бийликтин жасап жаткан иштерин артынан чубалжытып илештирип чыгарын белгиледи.

- Мамлекеттин саясаты бир үй-бүлөнүн чөнтөгү үчүн болбошу керек. Же болбосо жанагы Е.Гуревич сыяктуу чет өлкөлүк шылуундардын, кескилердин чөнтөгү үчүн болбошу керек.

Элдик курултай уюштуруучуларынын маалымат жыйынын улай Саясий куугунтуктарга каршы комитеттин төрагасы Топчубек Тургуналиев бийлик тарабынан элдик жүрүш, жыйындарды токтотуу аракети күчөй баштаганын маалымдады. Анын мисалы катары № 19-колонияда жаткан Исмаил Исаковду апачык коркутуу, кысым болуп жатканын келтирди.
БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

- Бийликтегилер өздөрү И.Исаковго катуу кысым жасап, катуу талап коюп жатышыптыр. Айткыла жанагы алайлыктарга, башкаларга, жүрүш дегенди, митинг дегенди тезинен токтотсун! Эмесе көргүлүгүңдү көрөсүң дегендей.

Саясий куугунтукка каршы комитет ошондой эле талапты президент К.Бакиевге коюп, андан И.Исаковду, С.Аргынбаевди, Э.Бөлөкбаевди, У.Рыскуловду, Балыкчыда соттолгон 18 адамды толугу менен актап, боштондукка чыгарышына 4 күн беришкенин билдиришти. Саясий куугунтукка кабылгандар боштондукка чыкса гана козголгон элди тынчтанууга чакырыша турушкандыктарын ырасташты.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Эдик каяктан: Бишкек
13.03.2010 20:25
Нариман мен билгенден сенин бир эле атаң бар эле анын Аты Ташболот эле-го. Ал эми экинчи атаңды эми угуп жатам.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
13.03.2010 08:22
Нариман Тулоев,Турсунбек Акун,бул экөө тең Нарындын кулундары,бирөө тымымсеит бирөө монолдор.Ушул экөө эл үчүн,жер үчүн керек болсо башын сайып коюшу керек эле,антишпеди.Эми Нарын эли чогулган эмки жыйыныңарда бул экөөнү саткымдар деп жарыялап,жалпы журттун КАРГЫШЫНА койгула,кудай жеткирет буларга!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
13.03.2010 08:12
Урматтуу Нарындыктар! Буга дейре чынын айтсам,
жетим тоо,ак сай,арпа тууралу айтылган сөздөргө анча ишене берген эмес элем,Данияр Усонов айткан тура,ижарага эле беребис деп,канча жылга берилери кана белгисиз болуп калыптыр.Кытай деген кытай,учурунда кыргыз жерине,кыргыз көлүнө көз артып жер биздики деген доматын ачыктап келген.Алар бир киргенден кийин эр болсоң чыгарып ал,бул деген асыл жерден кол жуудук деген кеп. Жең ичинен сатып жиберишкени эми анык болуп калды.Эми бул бийликти ЭЛ ДУШМАНДАРЫ деп ачык эле жарыяласак болот,ойгонгула менин жердештерим.АЗАТТЫКА РАХМАТ ТРИБУНА БЕРИП КОЛДОГОНУНА !

кимден: Эркинбек каяктан: Ош
12.03.2010 08:43
Бакиев К. тарифтердин кымбаттоосунун себептерин иликтөөнү өзүнүн уулу иштеген өнуктүрүү фонду аркылуу, эл аралык эксперттерге текшертем дейт. Элдин баарын өздөрүндөй дөдөй ойлоп калган го, көздөрүн май басып , Кыргызда эл аралык эксперттериңден ашса ашып түшкөн аларыңдан кем эмес билимдүүлөр толтура, Кыргыздын байлыгын атасынан калган мурастай төгүп чачып, билген богун жеп калышты. Бүгүндөн абийирлеринин барында өздөрү бийликтен баш тартышса, өздөрүнө эле жакшы болот эле.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
11.03.2010 22:34
Т.Тургуналиевдин сөзү бийлик менен соодалашууга окшоп калыптыр,эл бир эле камактагы оппозиционерлерди чыгаруу үчүн эле толкуп жаткан жок да,ойлонуп сүйлөш керек да.Ушундан кийин эл эмне дейт,кандай ишенич болот буларга.Эл бүгүн былыгы былтыйган Бакиевтердин кетишин талап кылат ириде.Булар жазасын алыш керек,ошондо Исаков да башкалары да эркиндик алып,эл кызматына кайтып келишет.Урматтуу БЕКтин лидерлери,урматтуу
Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев,Роза Отунбаева жана башкалар!Сиздерге чоң өтүнүч:тагдыр чечер мезгилде ар бир сүйлөгөн сөзүңөрдү ойлонуп сүйлөсөңөр,элди иренжитип алсаңар ким менен каласыңар. Акаев качкан күнү Ф.Кулов бошотулган,эми К.Бакиев качкан күнү И.ИСАКОВ баштаган азаматтарыбыз бошонот.Эл сокур эмес, Максим Бакиев жана анын эл аралык мафиос достору тууралу малыматты силерден кем түшүнбөйт.Ушунчалык ыплас иштерди жасаган бийлик,аны жөлөп таяп келаткан Ак жолчулар бийликте кана эмес өлкө аймагында калууга моралдык акысы жок.

кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
11.03.2010 21:34
Н.Тулеев сен Курманбек Бакиев менин атам деп бир жаңылгансын.Эми дагы кайталасаң Нарындыктар сени кечирбейт.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)