Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:16

Эл үнү

Конституциянын маани-маңызын эл түшүндүбү?

27-июнда бүткүл элдик добуш берүүгө коюла турган Конституциянын жаңы долбоорун түшүндүрүү жана талкуулоо иштери соңуна чыгып калды. Өлкөнүн бир катар аймагында бул багытта алгылыктуу иштер жүргөнү менен өзгөчө түштүк аймагында долбоор туурасында маалыматтар калкка толук жетпей жаткандыгын демилгечи топтун бир катар мүчөлөрү билдиришет.

Текст көлөмү - +
Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр туурасында калкка маалымат жеткирүү иш-чаралары 7-июнда башталган. Ушул күндөрү Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшүндүрүү иштери уланып жатат. 25-июнда аяктай турган бул иш-чарага Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү, бир катар өкмөттүк эмес уюмдар жана ыктыярчылардан турган 500дөн ашык демилечи топтун мүчөлөрү катышууда.

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманбек Дыйканбаев белгилегендей Баш мыйзамдын жаңы долбоорун калк ичинде толук талкуулоого убакыт тартыш болуп жатат:

-Ар кайсы жерлерде чогулуп жатканда 100-150гө чейин адамдар чогулуп жатты. Кызуу талкуулар, көп суроолор болду. Тилекке каршы, убакыт аз болуп калды. Колубуздан келгенин кылдык. Бирок убакыт азыраак болуп калды. Жанакы долбоор дагы ар бир үйгө жетет деп ойлогом. Бирок региондордо сурасак ар бир үйгө, ар бир түтүнгө Баш мыйзамдын долбоору жетпептир.

Кыргызстандын аймактарында долбоорду түшүндүрүп, калктын кайсы мыйзам үчүн добуш бере тургандыгы туурасында маалымат жеткирүү үчүн 25 мобилдүү топ түзүлгөн. Бул топтун түзүлүшүнө көмөктөшкөн “Интербилим” борборунун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдиргендей мобилдүү топтор ар бир облуска бөлүнүп, иш алып барышууда:

- Ар бир мобилдүү топто эки киши бар. Мобилдүү топтор конституциялык кеңешменин мүчөлөрү менен бирге иштешишкен. 7-июндан баштап иш алып барып жатабыз. Бирок ага чейин биз топторду Конституциянын жаңы долбоору боюнча маалымат берип, окутканбыз.

"Интербилим" борборунун берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын түндүгүндө 40 миңден ашууна жарандардын арасында түшүндүрүү иштери, талкуулар жүргүзүлгөн. А бирок түштүктөгү болгон окуялар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында долбоорду толук кандуу түшүндүрүү иштерин кыйла кечеңдеткен. Кыргызстандын түштүгүндө Референдум жана Баш мыйзамдын долбоору боюнча маалымат берип келген Конституциялык кеңешменин мүчөсү Шайырбек Маматокторов, болуп өткөн тополоңдор түшүндүрүү жана талкуу иштерин дээрлик токтотуп койгондугун айтты:

-Түштүктөгү окуяларда калкка маалымат эмес, жөнөкөй эле гуманитардык жардам жетпей жатат. Көп нерсе токтоп калды. Ошолордун катарында Конституциялык кеңешменин түшүндүрүү иштери да өзүнөн өзү токтоду. 16-сынан бери бир топ иш жасалды. Эртеңден баштап дагы убакыт бар. Дагы эле айыл башчылары менен, жетекчилер менен, жамааттын башчылары менен иштерди референдум өткөн күнгө чейин жүргүзөбүз.

Түшүндүрүү иштери Бишкек шаарында да жүргүзүлүп, аларга бир катар жаштар уюмдары жана студенттер дагы катышып жатышат. Бул багытта иш алып барып жаткан мобилдүү топтун мүчөсү Элдияр Карачалов борбор шаардагы түшүндүрүү иштери туурасында буларды айтат.

-7-июндан бери Бишкекте 35 жолугушуу болду. Райондук акимчиликтер, мэрия менен чогуу ар кайсы жерлерде талкуулар өткөрүлдү. Фабрикаларда болду, заводдордо болду. Мектептерде да өткөрүлдү. Студенттер арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Күнүнө жок дегенде эле эки же үч жолугушу болуп жатат.

Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн демилгеси топтун бир катар мүчөлөрү белгилешкендей, өлкөдө 27-июнда боло турган Референдум жана Конституциянын жаңы долбоору туурасында маалыматы болбогон жарандар бир кыйла. Алдыңкы эки күн ичинде калкка түшүндүрүү иштерине жетишүү дагы бир маселеге айланууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Алтынай
24.06.2010 15:18
Референдум боюнча эч ким тушунук албайт, кечээ кочодо журсом, бир эже "ообаны чиебизби или жоктубу"-дейт, жиним келип экоон тен чийип салгыла дедим. Кыргызстанда референдум откондон кийин деле тынчтык болбой калды го

кимден: Бубукан апа
24.06.2010 15:16
Айланайын УО элди кандай кунго салып койдунар, ушундан коро тын жашасак жакшы болот эле го. КАндай балакеттин башын чыгардынар. Тилегинерди таш капсын.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.06.2010 15:07
Айтса, кыргыздардын копчулугу Кыргызстанды Россиянын составына (акыркы федер. округу болуп) отуп кетуусун каалашат. Келечеги жок эгемендуулукко караганда, келечектуу Россиянын составында жашагысы келишет. Аттиң, эгемендуулуктун кадырын билей жатабыз да, кантебиз эми!
Азаттык ушуну силер сурамжылоо барагынарга чыгырып корбойсунорбу канча % каалашат экен.

кимден: Жигит каяктан: Бишкек
24.06.2010 13:36
Кой маарайт койдун тилинде,
Уй мооройт уйдун тилинде,
Уйча,койчо болбодук
Тил кадырын билуудо!!! деп кыргыз акыны туура
айткан!!!!!
Расмий тилибизди 20 жылдан бери орусча кылып келдик!!!
Деги мындай жорукту кайсы мамлекеттен кордунор Окмот Жетекчилери!!! Же расмий орусча суйлошуп-жазышып, мамлекеттин онугуп деле кеткенин корбодук!!!
Же Кыргыз тилин расмий кылып,оз желегибизди желбиретип,эгемендуу мамлекет бололу же эн жакшысы Россияга эле кошулуп орусча тил,орусча маданият менен жуурулушалы!
Кыргыз качан кыргызмын деп сыймыктанат????!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.06.2010 13:26
Конституциянын долбоорун интернеттен кайсы сайттан таап окууга болот? Жооп берип койгулачы! toktom.kg эмеспи?

кимден: Адил каяктан: Беловодск
24.06.2010 08:19
Конституциясын деле колдоп бермекмин, эгер Кыргыз тили "расмий тил" катары мыйзамда болгондо. Демек эртен да билимдуу апендилер чыгат Конституцияда орус тили "расмий тил", анын негизинде улуттук валютанын(сомдун) жана гимнинин текстери орус(расмий) тилде жазылсын деп. Келечегинде кыргыз тили жоголотурган болсо анын себеби 5 статьянын 2 пункту "расмий тил" жана анын устомдук кылган атаандаштыгы. Текебаев Азаттык плюста айтты "Коенституциялык кенешме" деген жыйын мыйзамда жок, деп ошол эле учурда 1993 жылкы Конституцияны жок кылып жатышат. Конституциялык кенешме тузуп референдум откоргону учун коп соттошобуз ! Дуйнодо бир да славян мамлекети же башка Орусияга чектеш мамлекеттер бербеген статусту "Киргиздер" Конституция аркылуу эмес башка токтом менен деле бере турса болмок. Бул чыккынчылык.

кимден: Жапаров Калыбек каяктан: Красноярск ш.
24.06.2010 07:31
Конституцияны колдосо болот, бирок Отунбаева абчени тушунбодум. Миндеген кыргыз-озубек улутундагы жараандарыбыз коз жумду. Ушуларга Убактылуу окмот куноолуу. Булар билип туруп, конул болушпой койгон. Же "где война там большие деньги" деген чын беле? Ош, Жалал-Абат окуясына миллиондогон доллар акчалай жана материалдык гумжардамдар келди. Алардын тыйынына
чейинки отчётун ким, качан, каерде берет?
Маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун демекчимин.
Ушунча маркумдардын коз жумганынан кийин кресло талашып, мен болом дегендик эки дуйнодо тен кудайга жакпастыр.
Биздин кыргыз элинде олкобуз учун иштеп берем деген эн мыкты инсандарыбыз бар. Ошолорго орун бериш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: россия
24.06.2010 01:35
референдум болушу жакшы болчу,тилекке каршы мындай кайгылуу күндөр,оор жоготуулар болуп кетти,ыраматылыкАбсамат Масалиевди дегеле коюшпады эле(1990ж(ОШокуясы деп ,эми деле Ош окуясы деп,убактылуу өкмөттү күнөөлөсөк болотко,минтип оор кайгыда отурганда,кимдин референдумга бара турган көңүлү бар:бардык ишти кыска ойлоп,өз кызыкчылыгыбызды ойлоп жүрүп,ойрон болуп отурабыз,фальщивый,оңой олтон иштерди койолу,же 5,6адамдын кызыкчылыгы жалпы кыргызстандын тагдырынан жогорубу.!!ошо кезде айтылган макал кызматка мынча тырмыштың,кыйноого түшкөн маймылдай

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: россия
24.06.2010 00:48
АскарАкаевге"союз кулап,Аскар акаев президент болуп,келгенден завод,фабрика,магазиндер э койчу дегеле айыл чарбаларда да же мал же чөп калган жок баарын сатып жок кылды.байкуш карапайым эл союздун кулашы ушундай болот экен деп ооздорун ачып,эсин жыйгыча 15жыл өтүп кеттиптир.катуу нанга да жетинбей калды байоо кыргызым,эми минтип бакиев кеткенден кийин табасы канганын билдирип,бетин табактай кылып,аппагым болуп,интервью бергенден ары болбой калды.бакиев акаевден өлсө өлүгү артык болчу,ишти карапайым элдин кыйналган жеринен баштаган ,оңолуп эле келаткан болчу, мен калыстыгымды билдирем.артык кылам деп тыртык кылып алдык,бул да болсо,оппозизиянын кемчилдиги.акаев мырза эми ууру тойгончо жеп,өлгөнчө актанаттан болбой,жүзүңүздү азыраак көрсөтсөңүз,чыксаңыз да кыргызстанга күйүмүш болбой эле койуңузчу,.элдин мээсине жарака кетирбей.

кимден: Mura каяктан: Ist
23.06.2010 22:45
Туштукто тополон болуп жатса, анан эл кантип жетишсин. Эн негизгиси калктын эмне учун референдумга барып добуш берерин билсе болду. Баса, эл референдумга барса болду. Мен акыркы окуялардан тажап бара жатам. Менимче азыркы учурда элге гезит, теле аркылуу кыска мооноттун ичинде маалымат берип тезинен референдум откоруу керек. Менимче эл деле тушунуп жаткандыр... Референдум отуп кетсе Борбор Азиянын тарыхында болбогон калк учун пайдалуу алгачкы Конституция бизде болот. Башка президенттер, элге каршы болгондор каалаганын суйлошсун. Ошондуктан калайык калк эгер ушул создорумду окуп калсанар.. Конституциянын проектисин бир сыйра окуп, эч болбосо таанышып чыккыла...
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу