Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:14

Эл үнү / Коом

Жарандык коомдун кол топтоо демилгесин колдойсузбу?

Жарандык коомдун өкүлдөрү тарифтердин кымбатташына, стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө, Баш мыйзамды бийликтин «өзүм билемдик» менен өзгөртүүсүнө каршы кол топтой баштаганын жарыялады.

"220" кыймылынын мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. 4-март, 2010-жыл
x
"220" кыймылынын мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. 4-март, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
Соңку күндөрдө кымбаттаган электр тарифин төлөй албай, карызга батып жаткандар арбып баратканы, эл арасында нааразылык күчөп жатканы көп айтыла баштады. Жарандык коом болсо кымбаттоолорго каршы кол топтой баштады.
 
Жарандык коомдун мындай демилгесин сиз кандай кабылдайсыз? Пикириңиз болсо "Азаттыктын" Бишкектеги студиясынын (0312) 31-61-71 же 31-61-63 телефонуна жаздырып коюңуз. Сиздин пикир ушул күнкү кечки саат тогуздагы берүүбүздөн уктурулат.

Пикириңизди ушул шеринеге да калтырсаңыз болот.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Омурбек
09.03.2010 12:05
Мындай саамалыкты, кыргыздар жапырт колдошу керек. Кудайды карабай кетишти....

кимден: Адилет Айтикеев
08.03.2010 19:41
Албетте колдойбуз жана колдоого милдеттүүбүз!

кимден: Кавказ каяктан: Талас
08.03.2010 07:56
Биздин улуу жана сулуу айымдар, БАР БОЛГУЛА! Майрамыңар кут болсун! Силердей эне жана сүйүктү жар болгондуктан, биздин кыргызда МАНАС туулган!

кимден: Кавказ каяктан: Талас
07.03.2010 18:28
Биздин эр жүрөк эркектер, эми суу жүрөк болуп калды! Себебин баарыбыз билебиз! Машинеге салып жардырат, же атат, же камайт - бир сөз менен айтканда жок кылат! Ал эми "ПОПУ-ЛИЗАТОР-ЛОР" - бир нерсе жалагычтар, бизде жашоо жыргал демиш болуп элди алдап, ТВга, гезитке байма-бай чыгып жүрүшөт. Бизди алдай албайсыңар!!! Жаңыл, Сайкал - кыргыздын баатыр кыздары болгон! Эми кыздарыбызды кырып жок кылбаса эле болду!

кимден: Назик каяктан: Ош
06.03.2010 12:38
Мен колдойм жаран катары бирок муногу эжекелерим мага көп жага бербейт Жакупова менен Уметалиева буларга көп ишенбейм калпеле шоу кылып жатабы,Уметалиева,Абдрасулова эжелерге ишенсе болот.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу