Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:08

Кыргызстан

Ош: Майып балдар өлкөгө кызмат кылууга дилгир

Түштүктөгү азиз, көрүүсү начар балдардын жалгыз мектебинде жүздөн ашык бала тарбияланууда. Андагы окуучулар коомдук иштерге жигердүү катышып, өз парламентин түзүп, түркүн сынактарда жеңип келишет.

x
Текст көлөмү - +

3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүнө карата өткөрүлчү майыптар арасындагы таланттуулар сынагына бул мектеп азыр катуу даярданып жатат. Мисалы Алай районунун Нура айлынан келген Актилек, анда «Достор» аттуу чыгармасын аткарып, өз мектебинин атын чыгаргысы келет.

 

Таланттуу ырчы-бийчилерди даярдоо, окуучулардын маданият министри Айсулуу Жайнак кызына жүктөлгөн. Балдардын бул аракетин колдогон мектеп деректири Айгүл Кудайкулова бул жердеги өспүрүмдөрдүн дээрлик баары  музыкалык аспаптарды үйрөнүүгө кызыгаарын, алтүгүл ыр жазгандар да арбын экенин айтып берди:  

 

 - Биздин мектепте тарбияланган балдар, комузду, пианино, аккордеондо ойноону үйрөнүп калышкан. Көбүнчө, музыкалык багытка ыкташат.

 

Интернаттын лидер окуучуларынын  парламенти да бар. Мектеп парламентине каалаган эле окуучу депутат болуп шайлана албайт. Ага өтө жигердүү жана коомдук турмушка кайдыгер карабагандар тандалат. Мисалы, жаш парламентчилер бүгүнкү жыйынында окуучулардын тазалык маселесин жана жакында өткөрүлчү сынакта өз мектебинин даңазалоо жагын карашты.


Бул жердеги азыркы башкы көйгөй, мугалимдер таңкыстыгы жана жарыктын тынымсыз өчүрүлүшү.

 

Мектептин билим берүү министри Азамат жарык тынымсыз өчүрүлгөн сайын зээни кейип, очоко от жагып жүздөн ашуун окуучуга тамак даярдап жаткандарга барып, Токтогул суу сактагычындагы абалды түшүндүрөт экен:

 

 - Жарыктын өчүшүн Токтогул суу сактагычында суунун азайып кеткени менен түшүндүрүп жатышпайбы. Өзүбүздүн Кыргызстанда суу кеңири да, ошону башка өлкөлөргө сатып жатышканы үчүн, жарыксыз калып жатабыз. Сууну туура пайдаланышса жакшы болмок, минтип жарыксыз отурабыз.

 

Азиз балдар мектебинин парламент төрагасы Нурбек болсо, келечекте кадимки кыргыз парламентин башкарууну максат кылат. Ал азыркы  бийлик өкүлдөрүнө нааразы экенин жашырбайт.

 

 - Бийликтегилер өздөрүн гана ойлошот, эгер мен бийликке барсам эл үчүн иштемекмин. Жарык күн сайын өчөт. Азыр өзүбүздөн чыккан нерселерди да иштете албайбыз.

 

Кун сууктап калганына карабай бул мектепке жылытуу иштери кечеңдеп, жарык өчкөн сайын  ушинтип бийликтегилерге нааразычылыктарын билдиришет, дейт мектеп деректири Айгүл Кудайкулова.


Балдар келген конокторго бийлеп өнөрлөрүн көрсөтөлү, дешсе көбүнесе жарык өчүп, магнитофондору тоңуп иштебей турат. Бирок, азиз таланттуу өспүрүмдөр ага карап отурбайт, аккордеонун колго алып созолонтуп ырдап берчүлөрү да четтен чыгат.

 

 

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)