Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:11

Эл үнү / Коом

Ата Журт үчүн жан кыйгандар “Ата-Бейиттен” жай тапты

7-апрелдеги кандуу кагылышта курман болгондордун он алтысы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине коюлду. Маркумдар менен коштошууга келген миңдеген адамдар элдик бийлик орномоюн окко учкандардын куну төлөнбөсүн, кийинки келген бийлик кандуу окуядан сабак алууга тийиштигин белгилешти.

7-апрелдеги кандуу кагылышта окко учкандарды акыркы сапарга узатуу, 2010-жылдын 10-апрели.
x
7-апрелдеги кандуу кагылышта окко учкандарды акыркы сапарга узатуу, 2010-жылдын 10-апрели.
Текст көлөмү - +
Катар казылган көрүстөн, тизилип коюлган бейиттер аза күтүүгө келгендердин муун-жүүнүн бошотуп турду. Кыргыздын башына түшкөн алааматты кошкон армандуу ырлар, ый-жоктоолор менен коштолду.

Бул иш-чарага Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катышып, сөз сүйлөштү. Ак үйдөн ок атып, 70тен ашуун жарандын жанын алгандар жазаланат деди убактылуу түзүлгөн өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев:

- Курман болгондордун үй-бүлөсүнө, ата-энелерине көнүл айтабыз. Мен сиздерге айтар элем, окко учкандарды курман болду, биздин арабыздан кетти деп айтпайбыз. Бул баатырлар ар бирибиздин жүрөгүбүздө калды. Кыргыздын тарыхынын жаңы барагын ачты.

Текебаев окко учкандардын ысымын түбөлүккө сактоого азыркы өкмөт ант берүүгө тийиштигин да белгиледи.

Октон каза тапкан Жолдош Кудайбергеновдун бир тууганы Бакыт Кудайбергенов бир тууганынан күтүүсуз жерден ажырап калганын көз жаш кылып, өзү сыяктуу кан жутуп какшап тургандарга кайрат айтты:

- Мен бир тууганыман күтүүсүз жерден айрылып калдым дейм. Ыраматылык атам айтаар эле. “Кичинекейиңерден бир максатка умтулуп, тайманбаган, эр жүрөк болгула” - деп. Ушундай болду окшойт. Кантмек элек, биз бир туугандары, минтип калдайган калың журту турганда инимдин аты өчпөйт го. Мен сыяктуу жабыркап тургандарды түшүнөм. Кайрат кылалы!

Андан соң Кыргызстандын жаңы муфтийи Абдишүкүр Нарматов сөз алып кийинки бийликке келгендер бул кандуу окуядан сабак алышы керектигин айтты:

-Жаңы келген байкелерге, эжелерге, эл башкарам дегендерге айтаарым, ушинтип, жаңы бийлик -- кан төгүү менен, курмандык менен келди. Адамдардын укуктары турганда Аллахтан корккула. Анын мааниси - акыйкат кызмат кылгыла! Кепинде чөнтөк жок экенин көрдүңөр, эч ким бул дүйнөдө топтогон байлыгын о дүйнөгө алып кете албайт.

Муфтий сөзүнүн акырында “Ата-Бейитке” коюла тургандардын арбагына арнап куран окуп жаназа түшүрүү расмисин өткөрүү милдетин алуу менен элди биримдикке, ынтымакка чакырган шарият жоболоруна токтолду.

Ошентип “Ата-Бейитке” окко учкандардын 16сы коюлуп, асманга ок атылып, кыргыз гимни менен аза күтүү расмиси аяктады. Ак үй алдында окко учкандардын калгандарынын жасаттарын жакындары өз айылдарына алып кетишкен.

7-апрелдеги кандуу кагылышта жалпысынан 78 адам курман болгон. Алардын айрымдары ким экени эмгиче тактала элек.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Ысыев Тимур каяктан: Германия
13.04.2010 22:27
Эне атам Бакиевдин бийлиги, баардыгы кымбаттатып онтотуп жиберди десе койгула падышаны жамандабагылачы дечүүмун,бир жумадан бери Кыргызстандагы баардык окуяларды көруп,элдин арыз мууңун угуп,көруп аягында Ыйык жазууларда жазылгандай:Падыша акыйкаттык менен жерди бекемдейт,ал эми алык-салыкты көбөйткөн падыша аны жакырчылыка алып келет деген сөзду кабыл алып,эл менен бирге мен дагы ага каршымын деген пикирге келдим,бүгүн үйдөн жаман кабар угузушту менин дагы бир тууган Бекул байкемди ак үйдүн жанында снайперлер аттып салышыптыр.Эмне деймин азыр кайрат кылууга аракеттенип жатам,байке, жаткан жерин жайлуу болуп,топурагын торко болсун!

кимден: VIP-Дворник каяктан: Маскоу
13.04.2010 22:12
Биринчиден жаткан жерилери жайлуу болсун.
Бирок мен буларды эл баатыры деп эсептей албайм.....
Жаны бийлик туура эмес кылышты Ата-Бейиттен жай беришип, PR рекламага ушул жерден катту иштеп коюшту,

кимден: Jooshbay
13.04.2010 16:53
Mamleketin korgogongo baatir deyt, mamleketine ok atkanga emes

кимден: Jarkyn
13.04.2010 16:05
Kilgan ishteri Chyngyz Aytmatov menen barabar bolgonu uchun Ata-Beyitke koyulup jatishat. Birok Chyngyz Aytmatov ozunun mamleketine tash atpay, elge oy pikir bergen romandardi jazgan

кимден: Нуртилек
12.04.2010 12:03
мен бул приздентке да ишенбейм азыр башында сүйлөп алып кийинчерак ар бири өздөрүн ойлоп калышат биз кыргыздар дүйнө жузүнө аябай эле уят болуп калдык кимиси прииздент болгусу келсе кичине жаңжал чыгарып болуп алышат турган болду!!!

кимден: Kydykbek T.S каяктан: Koreadan
11.04.2010 17:39
Kyrgyz eli uchun okko toshun tozgon baatyrlarybyzdyn Jatkan jerinizder Jailuu, topuragynar torko bolsun. Sizder bizdin ar biribizdin jurogubuzdosunor!
Al emi jakyndarynan ajyragan ata-ene bir tuugabdaryna kairat kylynyzdar demekchimin

кимден: Жума каяктан: Нарын
11.04.2010 16:34
Мен жаңы келгендерге да ишенбейм, себеби алар өз ара бийлик талашат. Бирин-бири укпайт, ар биринин президент болуу амбициясы күчтүү. Мезгил көрсөтөт?

кимден: Роллан каяктан: Москва
11.04.2010 15:50
7-Апрелде Револьюциядан курман болгондорго "Жантатта жай табылсын" Булар Кыргыз баатырлары.

кимден: Venera каяктан: Turkey
11.04.2010 15:43
Bul topolondo kurman bolgon BAATYRLARDYN jayi jannatta bolsun, Allahym alardyn bilip bilbey kylgan kunoolorun kechirsin, Baatyrlarybyzdyn jakyndaryna konul aytabyz, sabyrluu bolushun tilep ketet elem! ALLAH KYRGYZ eline sabyr bersin, tynchtyk bersin!

кимден: Nurken каяктан: Evropa
11.04.2010 14:54
Elinin kelechegi ucun koz jumgan jerdeshteribizdin jatkan jeri jailuuu, topuragy torkoo bolsun.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2313 - жалпы саны)

Жылдыз: Шаамерчем агайдын сунушу өтө кызык экен. Ал латиницанын "latviesu" делчү вариантын колдонуп жазса ... Толук

Сөз таануу