Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:10

Кыргызстан

“Окко учкан Дастан Төрөгелдиев мекенчил болчу”

7-апрелде Ак үйдүн алдында окко учуп, набыт болгон жаштардын саны ондоп саналат. Алардын катарында 20 жаштагы Дастан Төрөгелдиев да бар. Дастан тууралуу анын жакындары эмне дешет?

Текст көлөмү - +
Дастан Төрөгелдиев 1990-жылы 1-январда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда төрөлгөн. 1-класска Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы орто мектепке барып, 8-классты аяктагандан кийин ата-энеси менен Казакстандын Чу шаарчасына көчүп кеткен. 2008-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетине тапшырган. Көзү тирүү болгондо ал быйыл үчүнчү курсту аяктамак.

Дастанды эскерип, көзүнө жаш алып, Ак үй алдында турган бөлөсү Наргизага микрофон узатканыбызда, ал бизге буларды айтты:
Футболист болом, кээде ишкер болом деп да кыялданчу. Жылдыздуу болчу. Ар дайым күлүп жүрөөр эле.


- Ошол күнү сыналгы көрүп отурганбыз. Баш аламан болуп жатканын көрүп, тайкеме чалсак “Дастандан айрылып калдык” деп ыйлап аткан экен. Дастандын досу Тирек жанында болчу. Ал тайкеме чалып кабарлаган экен.

Учурда маркумдун сөөгү жерге берилип, ата-энеси, бир туугандары жана жакын санаалаш достору Талас жергесинде жүрүшөт. Бул күндөрү Таласта жүргөн жакын досу Тирек менен байланышканыбызда ал 7-апрель күнүн мындайча эскерет:

- Биз ошол күнү саат үчтөрдө жумуштан чыксак маршруттар жок экен. Жөө басып отуруп, аянтка да жетип калдык. Экөөбүз элди видеого тартып отуруп, Ак үй жакка бара кетүүнү чечтик. Мен видео тартып жатып Дастандын кантип суурулуп алдыга чыгып кеткенин байкабай калыпмын. Эки мүнөттүн ичинде аны издеп жөнөдүм. Ал менин кемселимди кийип жүргөн эле. Өзүмдүн кийимимди тааный коюп, жерде жаткан баланы карасам Дастан экен. Эмне кылаарымды билбей өзүмдү жоготуп койдум.

Ал эми Дастандын бөлөсү Наргизанын айтымында, Дастан окуусунан тышкары иштеп, тапкан акчасын окуусу үчүн төлөчү. Наргизанын айтымында, Дастан боорукерлиги жана шайыр мүнөзү менен досторунан бир топ айырмаланып турчу.

- Аябай шок бала эле. Бир үйгө турбай, туугандарыныкына көп барып, аларды күлдүрүп эле жүрчү. Футболго аябай кызыгып, бир да футбол таймашын калтырбай көрчү. Футболист болом, кээде ишкер болом деп да кыялданчу. Жылдыздуу болчу. Ар дайым күлүп жүрөөр эле.

Дастан бала кезинен бери эле ата-энесин Кыргызстанга көчүрүп келип, эч нерседен кем кылбай багууну тилеп жүрчү. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болгон Дастан Мекенин абдан жакшы көрчү:
Өзүмдүн кийимимди тааный коюп, жерде жаткан баланы карасам Дастан экен.


- Ата-энеси Казакстанда жашаса да “мен кыргызмын” деп Бишкекте жашачу. Патриот жигит болчу. Бардык ишти кылдат жасап, өз учурунда бүтүрчү. Өзү төрт бир тууган. Көп акча таап, ата-энесин Кыргызстанга алып келүүнү каалачу.

Эли-жери үчүн жанын аябаган Дастанга окшоп күтүлбөгөн жерден окко учкан жаштардын саны ондоп саналат. Бул учурда эне жүрөгүндө эмне болуп жатканын сөз менен айтуу кыйын. Ала-Тоо аянтына куран түшүрөм деп келген Бурул эне бизге буларды айтты:

- Менин да эки балам ушул жакта болгон. Алардын амандыгын тилеп отурам. Ушул жаш балдар жанын берген үчүн ушул жакта жүрөм. Канча деген эненин көз жашы төгүлдү.

7-апрелде Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында атылган октон 79 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган. Каза тапкандардын айрымдарынын сөөгү 10-апрелде Чоң-Таштагы "Ата-Бейитке” коюлса, айрымдарын жакындары кичи мекенине алып кетишти.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бурул
29.04.2010 12:39
Дастан курактуу бир уулум бар.Дастандын суротун боорума кыскым келет,ыйлагым келет.Сен курактуу сексен торт Дастан жарык дуйно менен кош айтышты.Кыргыз элимде силер сыяктуу Дастандар коп болсо экен.Силер ар дайым элдин журогундо,тарыхта сакталасынар. Урматтуу кыргыз элим,уулдуу болсонор атын Дастан деп койсонор.

кимден: Темир каяктан: Бишкек
23.04.2010 10:21

Кыргыздар жер устундо жашап турганда, Дастан сыяктуу уулдарыбыз эч качан олбойт!!!
Дастан сыяктуу уулдарыбыз турганда кыргыздар кылымдарда жашай берет!!!
Эли учун окко тошун тоскон баатыр уул торогон энесине, тарбиялаган атасына баш ийип таазим кылабыз!!! Жана кыргыз киночуларынын атынан терен кайгыруу менен конул айтабыз!!!
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!!!



кимден: жениш каяктан: алма ата
22.04.2010 20:42
Дастан ,жаткан жерин жайлуу болсун ,ата- енен омурлуу ьолсун

кимден: Aynura каяктан: USA
19.04.2010 19:46
Ananayin Dastan, jatkan jerin jayluu bolsun, inim. Ar dayim ushul betti achip, senin surotundu korgondo, iylabay tura albaym. Ata-enene kanday oor ekenin tushunom. Alarga kuday kubat berse eken, ushul kaygini kotorgongo.
Bakievderge go soz jok. Aytkanga soz taba albaym, Kudayga koyduk, kuday jetkizsin. A eldi atkan snayperlerdin ozdorunun meeleri jokpu? Eldi kantip atkanga kolu barat? Jerge je bashka jakka atsa emne. Eger Janish Bakiev prikaz berse alar ozdorunun ata enesin dele atip salishabi? Osholor Ata Beyitke bardi beken?.. Kaza bolgon baldardin enelerin, je jetim kalgan baldarin kordu beken?..

кимден: Адилет каяктан: Нарын
19.04.2010 16:46
Дастан кудайым сага бейиштен жай беришин каалайм . Ата-Энелерине терен кайгылуу менен конул айтам .

кимден: NURSULTAN каяктан: TYRKİYA
17.04.2010 17:58
ALLAHIM OZYNYN RAHMATINA AL BİZDİN ER JYROKTORDY KIYAMATTA PAYGAMBARIBIZDIN SHAPAATIN NASIB KIL OOOMİİN

кимден: Элнура каяктан: Ош
17.04.2010 14:23
Шейит кеткен баатыр инибиз Дастанга чексиз таазим. Ата-энеси, бир-туугандарына чын дилден көңүл айтабыз.Дастан - биздин сыймыгыбыз!

кимден: кыргызмын
17.04.2010 04:21
ДАСТАН жаткан жайын жаннат болсун .сенин калган омурунду ата енене берсин . сендей кокурогун око тоскон балдар кыргызстан келечегин ойлоп силердин атынар еч качан очпойт.

кимден: Нурзаада каяктан: Нарын
16.04.2010 11:53
Дастан, Эсенбек таяке жана ушул каргашалуу кундун курмандыктары Сиздердин олумунуздорду азыркы бийлик сезген жок!!! Мейли. Эн башкысы Кудайым силерди бейиштен кабыл алсын!

кимден: Жердешкыз каяктан: Европа
16.04.2010 02:50
Дастан!
суротунду коруп, журогум ооруп, козумо жаш алдым... Ушундай молтурогон жаш азаматтардын убалы уктатпасын, алла озу таразалайт баарын...
Жаткан жерин жайлуу болсун! Ата энен, бир тууган, досторун, жакындарына терен кайгыруу менен конул айтам!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине