Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Театр өз күйөрмандарын күтөт


Бишкектеги орус драма театры.
Бишкектеги орус драма театры.

Бул апта маданият тармагында бир топ жаңылыктар болору күтүлүүдө. Бир катар спектаклдер, көргөзмөлөр, концерттер калкты саясаттан алаксытмакчы.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев "Манас" эпосуна жазылган жаңы вариант болгон “Эки дөөнүн күрөшү” китебинин бет ачарын жакында Таластагы "Манас ордо" улуттук маданий комплексинде өткөрүп келди. “Эки дөөнүн күрөшүндө” Кошой менен Жолой дөөнүн күрөшкөнү баяндалып, Каныкейдин акылдуулугу, уздугу сүрөттөлөт. Китепти мына ошол "Манас ордо" маданий комплекси демөөрчүлүк кылып чыгарган.

Ырчылар тынчтык үчүн!

Кыргызстандын айрым ырчыларынын “Тынчтык жана өнүгүү үчүн” деген долбоору боюнча концерт 27-октябрда Улуттук филармонияда көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Бул долбоорду Кыргызстандагы АКШ элчилигинин демократиялык комиссиясы каржылаган. Ырчы Гүлнара Тойгонбаева түштүктөгү июнь окуясындагы коогалаңдан кийин тынчтыкты камсыз кылуу, улуттар ортосундагы достук мамилени чыңдоо, толеранттуулукту өнүктүрүү максатында кыргыз эстрада чеберлери чоң программадагы концерт тартуулоону чечишкенин билдирди.

- Бул долбоор июнь айында Оштогу болгон каргашалуу окуялардан кийин пайда болду. Биз өзүбүздүн ырыбыз менен элди биримдикке, ынтымакка чакырууну максат кылдык.

Гүлнара Тойгонбаева белгилегендей, концертке эмгек сиңирген артисттер Султан Каримов, Ырыскелди Осмонкулов, эл аралык конкурстардын лауреаттары Нэна, Юлия Руцкаядан сырткары Оштон Темир Назаров, Мукарам Мадаминова менен дагы эки ырчы катышат.

Чыгармалар сабырдуулукка үндөйт

25-октябрда Талас шаарындагы мамлекеттик университетте “Тынчтык жана ынтымак” деген аталыштагы конференция болуп, анда этностор аралык ынтымакты, достукту өнүктүрүү маселеси каралды. Ага маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз, Эл жазуучусу Казат Акматов, Роза Айтматова катышты.

Маданият министри белгилегендей, замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу аркылуу өлкөдөгү көп улуттуу элди толерантуулукка, гумандуулукка тарбиялоого болот.

Спектаклдер парады

Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрынын кичи залында спектаклдер көрсөтүлүүдө. Өткөн аптада кыргыз театры 84-сезонун акын жана драматург Алтынай Темированын “Сынык асман” спектакли менен ачкан.

Бул спектаклде азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Калык Мамбетакуновдун татаал тагдыры, эки көзү көрбөй калгандан кийин жашоого болгон умтулуусу, турмуштагы карама-каршылыктары чагылдырылган.

Кыргыз драма театрында 26-октябрда Антон Чеховдун “Сунуш”, 27-октябрда Көчкөн Сактановдун “Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам” комедиясы, 28-октябрда “Кымбатым” мелодрамасы, 29-октябрда “Дубал”, 30-октябрда улуу акын Алыкул Осмоновдун өмүр таржымалын камтыган “Табият жана музыка” драмасы көрсөтүлөт.

Дүйнөлүк классика Кыргызстанда

28-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерти болот. Концерттин программасы Карамолдо Орозов, Шекербек Шеркулов, Муса Баетов, Шаршен Термечиков, Насыр Давлесов, Сардарбек Жумалиевдин чыгармаларынан турат. Ошондой эле дүйнөлүк классикадан Ию Брамстын, Ж.Бизенин, В.Моцарттын чыгармалары аткарылат. Эл артисти Анарбек Ибраев баштаган белгилүү ырчылар жагымдуу ырларын тартуулашат. Бул тууралуу филармониянын басма сөз кызматынан билдиришти.

30-октябрда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында “Малиновкадагы үйлөнүү” аттуу музыкалык спектаклдин бет ачары болот. Бул тууралуу спектаклдин сүрөтчүсү Шарип Жайлообаев билдирди.

- Бул “Свадьба в Малиновке” деген тасманын негизинде даярдалып жатат. Мисалы, бул спектаклдеги окуялар психикалык ооруканада өтөт. Алар “кызылдарыңа да кошулбайбыз, актарыңарга да кошулбайбыз, бизди жайыбызга койгула” деп жай турмуш өткөрүүнү каалашат. Бул комедия Кыргызстанда бүгүн болуп жаткан окуяларга абдан үндөш. Бүгүнкү коомубуздагы болуп жаткан окуяларды орус драма театрынын артисттери гротеск менен көргөзүшөт.

Сүрөттөр сүйлөйт

Ал эми Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде белгилүү театр өнөрүн изилдөөчү, сүрөтчү, маркум Сарман Асанбековдун 75 жылдык мааракесине байланыштуу анын чыгармаларынан турган көргөзмө уюштурулса, тарых музейинде 26-октябрда “Өчүр, күйгүз” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында 30-октябрда Жузеппе Вердинин “Травиатта” операсы, 31-октябрда “Юнона жана Авось” балети көрсөтүлөт.

Атактуу дирижер, СССРдин эл артисти Асанкан Жумакматовго эстелик тургузуу үчүн президенттин корунан 350 миң сом бөлүү тууралуу президент Роза Отунбаева 26-октябрда буйрукка кол койду. Эстелик тургузуу ишин Маданият жана маалымат министрлиги уюштурмакчы.

Кыргыз эл баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Мюнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги Асанкан Жумакматов 2008-жылдын 21-июлунда ооруканада дүйнөдөн кайткан.

Ушул эле күнкү президенттин дагы бир буйругуна ылайык, президенттин корунан 5 миллион сомду Тогуз-Торо районундагы Казарман айылындагы маданият үйүн оңдоп-түзөө иштери үчүн бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
XS
SM
MD
LG