Шейшемби, Май 22, 2012 Бишкек убакыты: 02:06

Маданият

Жарык үмүт жандырган Свет-аке

Казакстандын Алматы шаарында өткөн “Евразия” кинофестивалында кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы башкы сыйлыкка ээ болду. Бул фестивалда “Свет-аке” киносынчылардын атайын сыйлыгына да арзыды. “Евразия” фестивалына 20 өлкөнүн 130 кино ишмери катышып, кыркка жакын тасма көрсөтүлгөн.

"Свет-аке" тасмасынан бир көрүнүш.
Текст көлөмү - +
Режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет-аке” тасмасы айылдагы электрикчинин турмушун сүрөттөйт. Тасмадагы Свет-акенин образын тасманын режисеру Актан Арым Кубат өзү ойногон.

Тасманын каарманы Свет-аке – апенди чалыш, тамашакөй жана ичи таза, коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө кайдыгер карабаган, бийликтеги айрым жеке кызыкчылыгы үчүн иштеген адамдарга жооп кайтарган, акыйкаттык үчүн күрөшкөн адам.

Свет-аке тасманын жүрүшүндө “канткенде элиме жардам бере алам” деп ар түркүн ойго батат. Анын көптөн бери кыялданган тилеги - өзү жашаган айылга акысыз электр жарыгын берүү.

Режисер Актан Арым Кубаттын айтымында, ар бир айылда Свет-акеге окшогон элине жардам бергиси келген адамдар бар, бирок алар көп учурда байкалбайт.

- Биздин максат – бул дүйнөгө жарык сезимди алып келген адамдын образын ачып берүү. Ишеним менен айта алам: ар бир айылда бүт жан дили менен элине жардам бергиси келген адамдар бар. Бирок ал кишилер көп учурда байкалбайт. Тасмада бул каарманды алып чыкканыбыздын себеби бүгүнкү күндө мындай адамдарга муктажбыз. Бул ролго актерду абдан көп убакыт издедик. Акыр аягы келип кесиптештеримдин сунушу менен өзүм ойноп калдым.

Көкүрөктө жаткан сезим

“Евразия” фестивалына чейин “Свет-аке” тасмасы Түркияда өткөн “Анапа” деген кинофестивалга катышып, “эң мыкты роль” номинациясында жеңишке жеткен. Буга чейин тасмада тартылбаган Актан Арым Кубаттын айтымында, образды жаратууда эч кандай деле кыйынчылык болгон жок. Анткени Свет-акенин айрым кылыктары өзүнө окшошуп кетет.

Тасмадан бир көрүнүш.
- Көптөр “бул ролду сенден бөлөк адам ойной алмак эмес. Анткени кудум эле өзүң турбайсыңбы” деп айтып калышат. Чындап эле турмушта өзүмдүн да апенди чалыш кылыктарым бар. Бизде “актер болуш үчүн келбеттүү болуш керек” деген туура эмес түшүнүк калыптанып калган. Ал эми ички сулуулук, жылуулук эске алынбагандай. Мен өзүм актер деле эмесмин. Бирок Свет-акенин ички сулуугун ачып бере алдым деп ойлойм. Айрым адамдардын Свет-акеге жасаган мамилеси менин турмушумда да кездешет. Көп учурда “бул эмнени эле жасап жүрөт” деп менин жасаган иштериме көп көңүл бурушпайт. Көкүрөктө болуп жаткан сезим көрүнбөйт экен да. Мен бул нерсени тасма аркылуу бере алдым деп ойлойм.

“Свет-аке” тасмасы азырынча Кыргызстанда көрсөтүлө элек. Тасманы тартуу идеясы 8-9 жыл мурун эле жаралып, Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок деген жеринде тартылган. Режиссер Актан Арым Кубаттын айтымында, тасма драма жанрында тартылган. Бирок турмуштагыдай эле комедия да, трагедия да, драма да камтылган. Анткени адам бирде ыйлайт, бирде күлөт, айрым учурда чоң жоготууларга да кабылат.

Дагы бир жеңиш

Режиссер Темир Бирназаровдун айтымында, Свет-акенин образы адамдарга жөн гана жарык тартуулоо эмес, өзүнүн мамилеси, боорукерлиги менен башкалар үчүн ал адам өзү жарык болуп саналат.

- Актан Арым Кубаттын эч кимге окшошпогон өзгөчө стили бар. Ал мыкты художник. Ал эч кимге оюн таңуулабайт. Бирок өзүнүн оюн айта жүрөт. Коомчулук бул тасманы кандай сындаса да кыргыз киносунунда Актан Арым Кубат өз ордун ээлеп кала берет. Коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөр канчалык көп болуп жатса да адамдык сапатын сактап калган адамдар бар. Дүйнө карапайым, жөнөкөй адамдар бар үчүн сакталып турат. Акчага, бийликке сатылып кетпейт. Свет-аке адамдык сапатын сактап калган. Мындай адамдарды жок кылганда дүйнө караңгы болуп калат.

Тасмада Свет-аке аз маяна менен жашаган айыл тургундарына электр кубатын эсептегичти тескери айлантып, ток уурдоого жардам берет. Бул ыкма көпкө созулбасын сезип, шамалдын жардамы менен иштей турган электр станциясын кура баштайт. Тасманын жүрүшүндө ал бул станциянын иштеп жатканын, адамдардын сүйүнүп жатканын элестете берет. Бирок жеке кызыкчылыгын көздөгөн бийлик адамдарына жооп кайтаргандыгы үчүн аны сууга ыргытышат. Тасма Свет-акенин өлүү же тирүү калганы белгисиз бойдон бүтөт. Бирок ал курган электр станциясы катуу шамалдан улум өзү эле иштеп кетип, айыл тургундарына жарык тартуулайт.

Бул эпизодду кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова өлкөдө болуп өткөн акыркы окуялар менен байланыштырат.

- Бул ар бирибиздин элибиздин жүрөгүндө болуп жаткан ойлорду чагылдырылышы. Свет-аке кыңыр иштерге каршы чыгып, эл үчүн жашаган адам. Тасманын соңунда жарыктын жанышы бул элдин үнү, чындыктын үнү угулуп жатат. Ал терс көрүнүштөрдү жактырбаган адам.

Режиссер Актан Арым Кубаттын “Беш кемпир” аттуу тасмасы да 1998-жылы “Евразия” кинофестивалында баш байгеге ээ болгон. Ошентип “Свет-аке” тасмасы анын экинчи жеңиши болуп калды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Осмоналы каяктан: ош
04.10.2010 15:13
Актандын кинолору мага такыр эле жакпайт. Бул эптеп призге илиниш учун кыргызды келесоо кылып корсоткондон качпайт. Ал эми европалыктарга ушундай шылдын кыла турган кинолорду тартсан жагасын, анткени аларга бул"экзотика" эмеспи. Муну Актан мырза жакшы билет, ошондуктан ушундай кинолорду тартат. Ал эми чыныгы кыргыздын дуйно-таанымын корсоткон "Бакайдын жайыты", "Алые маки Иссык-Куля" же "Жамыйла" сыяктуу кино тартсан европалыктар чычалап, булар бизден дагы кыйын болуп кетиштиби деп, призге илинтпей коюшат. Муну билген Актан улуу Кыргызды ушинтип кемсинтип, шылдын кинолору менен эшекке отургузуп, "кумга жаткызып" приз алып журот. Мен мунун кинолорун коргондон уялам, ар бир патриот кыргыз ушинтет болуш керек. Ал эми Свет акесин коргонум дагы жок, ал деле ушундай болуш керек деп, ойлоп жатам. Бу адам дегенин, озунун сырткы келбетине, ички дуйносуно жараша онору чыгат тура, мунуку озуно жараша чыгып жатат, асти кыргызга жараша эмес.

кимден: Nur
01.10.2010 16:11
Беш кемпирди коруп алып,эмнеге духунуз тушуп жатат? Ал кинодо чыныгы жашоодо эмне болуп жатса ошону тасмада эн жакшы коргозо алган.
Беш кемпир мага жаккан тасмалардын бири.Жакшылап дагы бир жолу коруп корсонуз.Ар бир кишинин жашоосу шуруга тизгендей коргозулгon.
Актан Арым Кубатка ден-соолук,узун омур жана ишине чон-чон ийгиликтерди каалайм!

кимден: Шамшарбек каяктан: Бишкек
29.09.2010 15:09
Бул жигит ошол Беш кемпир ж.б. калары менен элдин духун тушуруп жургону менен иши жок.
Темир Бирназаров мундан мин эсе талантуудай. Жанагы Белигисиз маршуруту.
Мунусу эми куноосун актайын дегенеби? Ушул киносун коро элекмин. Бирок бул деле мурункулардай болуш керек.

Назарда

Орусияда кыздарга кордук көрсөткөн "Патриот"

Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу пайда болду. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма "Шайтан арабадагы" токсон жыл

Баткендин Кара-Бак айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун 90 жаштагы ардагери Айтпай ата согушка аттанаарда да велосипед менен аскер комиссариатына барган экен. (JsA/MiT)