Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:45

Маданият

Акбар Сүйүнбаев: Өлкө тагдыры биздин колдо

“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын коногу ырчы Акбар Сүйүнбаев болду. Ал чыгармачыл пландары, алдыга койгон максаттары тууралуу ой бөлүштү.

Текст көлөмү - +
- Негедир сахнадан көрүнбөй калдың. Чыгармачылыкта кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

Акбар Сүйүнбаев: Туура айтасыз. Азыр убактым жаңы ырларды жаздырууга кетип жатат. Анткени күзүндө чон концерт берейин деп даярданып жатам. Алдыдагы пландарым – күйөрмандарымдын ишеничин актоо. Ошондой эле концертти мыкты деңгээлде берем деп жатам. Ал үчүн көп каражат, күч кетет. Абдан чоң жоопкерчилик. Жарым жыл сайын концерт бергендерди көрүп эле жатпайсыздарбы, бир ырды эле жүзүнө кармап алып ырдай беришет. Чыныгы талант мындай болбошу керек. Алардан өзгөчөлөнүү жөнүндө оюм бар. Анткени төрт жылдан берки эмгегимди тартуулайм деп турам.

1-угарман: Акбар, сени үйлөнөт экен деген сөздөр чынбы?

Акбар Сүйүнбаев: Ооба, буйруса, жакшы тилек кылып турам. Күзүндө үйлөнөм. Сүйлөшкөн кызым чыгармачыл чөйрөдөн. Бирок ырчы же бийчи эмес. (Күлүп) Эркек болгондон кийин бул нерседен качып кутула албайт экенбиз. Анын сабырдуулугун, таарынуу эмне экенин билбеген жаркылдаган сапаттарын баалайм.

- Хит ырды жаратуунун сыры эмнеде?

Акбар Сүйүнбаев: Ар бир ырды жаратууда хит болсо экен деп тилек кылабыз. Бул жерде эл гана тараза болуп берет. Ошондой эле айткым келет, продюсер менен иштеген ырчылардын ырлары бат эле хит болуп жатпайбы. Анткени продюсерлер радиолорго чуркап, сүйлөшүп дегендей, алардын ырлары көп коюлат. Ал эми жеке иштеп жүргөн ырчыларга кыйыныраак.

- Патриот болуш үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуң?

Акбар Сүйүнбаев: Мен оюмча, чыныгы патриот адамды улутуна, өзбек, кыргыз, казак экенине карабай сыйлайт. Алардын кадырын билген адамдарды патриот деп эсептейм. Жүрөктөгү жаштыктын күйүп турган отун туура багытка колдонолу. Мамлекетибиздин тагдыры биздин колубузда деп айткым келет.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Рахат каяктан: Алматы
24.06.2010 20:49
Жакында эле Манас, Семетей эпосторунун толук жыйнагы чыкты деп уктум,ушул китептерди каерден сатып алууга болот адресин билип бериниздерчи же билгендер болсо жазып жиберсениздер сураныч анан бир томдун баасы канча турат? Деги кыргызча чыктыбы? Дагы бир суроом Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын турктор чыгарды деп уктум эле аны да кайдан сатып алууга болот? Баасы канча турат? Алдын ала рахмат!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.06.2010 22:57
Азаттык шоу-бизнести да жазып калганбы??? Кызык...

кимден: Ягодка каяктан: 1
23.06.2010 15:06
Мен бул ырчыны аябай сыйлайм.Анткени кебетесинен эле билинип турат что ал абдан адамкерчиликтуу экени.ийгилик сизге.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)