Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Жамал Сейдакматова: Эл көчө театрларына келип калды


Көчө театрынан бир көрүнүш. 24-май, 2010-жыл.
Көчө театрынан бир көрүнүш. 24-май, 2010-жыл.

Шайлоодо партияларга бөлүнүп алып, депутаттыкка ат салышкандардын мамилеси коркунуч туудурат. Мындай оюн Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ал кыргыз элин алдыдагы бурулуш мезгилдерде көчө спектаклдарына жол бербей, келечекке акыл токтотуп мамиле кылууга чакырды.

- Кыргызстанда парламенттик шайлоого аз гана убакыт калды. Шайлоого чейинки өлкөдөгү абалга кандай баа бересиз?

Жамал Сейдакматова: Өтө оор, татаал мезгилде жашап жатабыз. Бир жагынан жакшы деп эле келе жатсаң кайра жаман болуп кетет. Жүрөк ооруткан мезгил болуп турат. Өзгөчө жакында болгон улуттар ортосундагы кагылыш жаман болду. Ошонун бизге кереги жок эле.

- Азыр шайлоонун алдында коопсуздук маселеси курч болуп турат. Сиздин көз карашыңызда шайлоого таасир этчү күчтөр, көрүнүштөр кайсылар болушу мүмкүн?

Жамал Сейдакматова: Азыр шайлоого бөлүнүп алып, партия болуп бараткандары жакпай жатат. Ошолор эле бөлүнүп, “сен кыйын, мен кыйын” болуп, кенедей Кыргызстан элүү, алтымышка чачылып, ынтымак ыдырайт. Азыр ушунун кереги жок эле. Балким ал кийин керек болмок.

- Демек азыр бизге сырткы коркунучтарга караганда ички коркунучтар кооптонууну жаратабы?

Жамал Сейдакматова: Сыртынан да ошого жардам берип жатса керек. Биздин бөлүнүп жарылып кетишибизге кызыкдар болгон бир күчтөр бар го. Ичибизден өзүбүз да акыл токтотпой, терең ойлонбой, жеңил-желпи ойго жетеленип, “мен кыйын, сен кыйын” деген кыргызчылык болууда.

- Анда азыр Кыргызстанда таза, ачык шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү барбы? Шарт барбы бизде?

Жамал Сейдакматова: Эми болоору болду. Шайлоого кеттик. Конституция күчүнө кирди. Эми ушул шайлоону жакшы өткөргөнгө аракет кылыш керек. Ар бир кыргыз акылмандык менен ойлонушу керек. Кенедей өлкөбүздү талкалап, бүлүнтүп албайлы. Башкалардын шылдыңы кара жерге кирсин. Биздин бойтойгон бала-бакыранын келечеги эмне болот? Беш-алты күндөн бери балдар мектепке жөнөп, жашоо башталып калды. Ушуларды карап туруп, ушулардын келечегин талкалап алып, аларды сызга отургузуп койбойлу деп жүрөгүм ооруйт. Биз жакшы заманды да, жаман заманды да көрдүк да.

- Сиз шайлоодон кийинки абалды кандайча элестетесиз?

Жамал Сейдакматова: Эми айта албай турам. Мен арасында бузукулар болсо да элдин акылмандыгына ишенем. Буттарына маасы-көлөч кийип, намаз окуган аксакалдардын, өсүп келе жаткан жаштардын, аялдардын таза жүрөгүнө ишенем. Тынч өткөрүш керек шайлоону. Жеңилип калганда да чуу чыгарбаш керек. Бирөө утуп кетсе ага ызаланып кыйкырбаш керек. Ага да үйрөнүш керек, бул демократиянын бир принциби экен. Иши кылып ушундай митинг, көчө театрларын токтотуш керек. Театрларга эл келбей эле, көчө театрларына эл келип калды. Ушул менин жүрөгүмдү оорутат.

Азыр заман бир кызык болуп калды. Учурда көчөдө Шекспирдин чыгармасынан да трагедиялуу окуялар болуп жатат. Эл журттун көргөнү ошол болуп калды. Азыр руханий ички дүйнөбүз суусап, кургап турган кези. Бир четинен акыркы чыр-чатактардын чыгышын да ушундан көрөм. Алдыда дагы далай күрөш, эмгек, ашуулар турат. Аларды ашуу керек. Кыргызым үчүн дагы көп аракет кылыш керек. Аракет кылсак биздин өлкө мыкты өлкө болмок.

- Байыркы убактарда кыйчалыш мезгилдерде аксакалдар акыл-насааттарын айтып, жаштарга багыт берчү эле. Азыр алар кайда, алардын үнү угулбайт.

Жамал Сейдакматова: Азыр кызык мезгил болуп калды. Бир кичине кыйкырып сүйлөгөндөрдү “дүжүр чал” деп коюшат. Арасында келген жетекчини мактап калмайлар пайда болуп, алардын арты менен баары жаманатты болуп калып жатат. Тартынып да калышты бир жагынан. Кээде жаштар катуу сүйлөп “сен жөн отур, биздин доор келди” деп калышат. Акыл жаш-карыны карабайт, балам. Акылсыздар жаштан да, карыдан да чыгат. Ошондуктан азыр улуулар айтып калбаган акылын, насаат сөздөрүн качан айтышат? Чыгармачыл интеллигенция да айтыш керек. Азыр айтчу мезгил келди. Биздин чыгармалар, обон, ырыбыз, койгон спектакль, кинолорубуз аркылуу жооп беришибиз керек. Элди бириктиришибиз керек. Жерге түшүп сынып калган чыныдай быркыратпай, бириктирип бир чыныдай кылышыбыз керек.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG