Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

“Элим” деп жүрүп өткөн Дооронбек Садырбаев


28-майда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда белгилүү ишмер, кинорежиссер жана акын Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси өтөт. Иш-чарага Убактылуу өкмөт мүчөлөрү жана маданият ишмерлери да катышат. Дооронбек Садырбаевди эскерүү кечеси ошондой эле 29-майда Ош шаарында, 30-майда Жалал-Абад шаарында өтөт. Аты аталган шаарлардын көчөлөрүнө ысымы ыйгарылат.

Бүгүн Улуттук филармонияда өтө турган эскерүү кечеде Дооронбек Садырбаевдин китептеринин жана публицистикалык макаларынын көргөзмөсү ачылат. Ал эми кече Дооронбек Садырбаев тарткан тасмалардан үзүндү көрсөтүү менен башталат.

Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Рыскул Боромбаев билдирди:

- Программада бул киши тарткан кинолорунан үзүндү көрсөтүлөт. Ошондой эле басып өткөн жолу тууралуу бир топ даректүү тасмалар да көрсөтүлөт. Дооронбек Садырбаевдин сөзүнө жазылган обондуу чыгармалар аткарылып, санаалаш достору эскеришет.

27-майда Д.Садырбаевдин аты “Кыргызтелефильмге” ыйгарылды. Ошондой эле Убактылуу өкмөт Азимбек Бекназаровдун сунушун колдоп Дооронбек Садырбаевге Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу демилгесин колдошту. Бул тууралуу эскерүү кечесинин алып баруучусу Түгөлбай Казаков билдирди:

- Эң башкысы – шаардын мэри жана “Кыргызтелефильмдин” жетекчиси чыгып, бул мекемеге жана Бишкек шаарынын бир көчөсүнө Дооронбек Садырбаевдин ысымын ыйгаруу тууралуу сөз сүйлөшөт.

Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда оорудан көз жумган. Кыргыз коомчулугунун эсинде ал мекенчил, өлкөдөгү абалга кайдыгер карабаган адам катары калды. Эскерүү кечесинин уюштуруучуларынын бири, режиссер Молдомуса Мамбетакуновдун пикиринде, Дооронбек Садырбаев кыргыз элинин тагдырына күйгөн инсан болгон:

- Мен ойлойм, Дооронбек Садырбаевди өз учурунда Эл артисти кылып койгону абдан туура болгон. Себеби ал киши көп тасмаларды жаратты. Алсак, “Акбаранын көз жашы” тасмасында учактан туруп алып сайгактарды аткан үзүндүсү дагы эле эсимде турат. Анткени Ак үйдүн төбөсүнө туруп алып биздин балдарды атышпадыбы, ошол эпизодго окшоштура берем. Адам менен жаратылыштын ортосунда кагылышуу болсо сөзсүз түрдө адамдардын да ортосунда ошондой болот деп бул киши ошондо эле билген экен.

Эскерүү кечесинде акындын сөзүнө жазылган обондуу чыгармалар аткарылып, төкмө акындар жана ырчылар да катышат. Аткаруучу Асылбек Өзүбеков Дооронбек Садырбаев тамашаны жакшы түшүнгөн адам болгонун айтат.

- Мени Чычым деп коер эле. Жогорку Кеңеште иштеп жүргөндө чакырып алып абдан сүйлөшкөндү жакшы көрчү. Чыгармачылык жөнүндө сүйлөшүп күлдүрө берчү. Ушундай бир керемет адам болчу.

Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Дооронбек Садырбаевдин 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн. Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан.
XS
SM
MD
LG